Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:27

Тажикстанда салафиттерден чочулоо күчөдү


Египет: Салафиттердин "ал-Нур" партиясынын "Бирге туруп, диний өлкө курабыз" деген чакырыгы. 31.12.2014
Египет: Салафиттердин "ал-Нур" партиясынын "Бирге туруп, диний өлкө курабыз" деген чакырыгы. 31.12.2014

Тажикстанда Уламалар кеңеши өкмөттөгү «салафиттер менен шийиттерден» чочулап жатканын билдирди.

Тажикстанда Уламалар кеңешинин жетекчиси өкмөттүн курамындагы салафиттер жана Иранда көпчүлүктү түзгөн иснаашариттердин же имамиттердин жолдоочулары боюнча тынчсыздануусун билдирди.

«Биз баарыбыз салафизмдин жолдоочуларынын ишмердүүлүгүн жакшы билебиз. Алар коомду ириткен талкуу баштаган, ал талкуулар чоң кыйынчылыктарга алып келди»,- деди Саидмуккарам Абдулкодирзода 16-апрелде Кулябда жергиликтүү динзарлардын жетекчилери жана жаштар менен жолугушуу маалында.

Изилдөөчүлөр Борбор Азияда салафизм, же "Хизб-ут-Тахрир" өңдөнгөн сырттан келген диний агымдардын таасири өссө дагы Кыргызстандан башка өлкөлөрдө алар жогорку бийлик чөйрөлөрүнө жетти деп эсептешпейт.

Чехиядагы Карлов университетинин Борбор Азия боюнча адиси Славомир Хорак мындай көрүнүш Тажикстанда караманча жок деп айтууга болбой тургандыгын билдирет:

- Өкмөттүн өзүндө болбосо да, Кыргызстандагыдай жергиликтүү жана аймактык деңгээлде алар болушу мүмкүн. Азырынча мен өкмөттүк деңгээлде да алардын бар экендиги тууралуу уккан жокмун. Ошентсе да, мындай болушу мүмкүн эмес деп кесе айтууга болбойт.

Ал эми Абдулкодирзоданын сөзү боюнча «Тажикстанда айрым аалымдар дин маселесинде кооптуу радикалдык көз караштарды карманышат. Тажикстандын Ислам борборунун Уламалар кеңешинин башчысы атургай «бул аалымдар тополоң салып, кан төгүп жатышат» деп ырастады.

«Булар салафиттердин жана шийит имамиттердин өкүлдөрү» деген Абдулкодирзода өкмөттө кимдер чоочун диний көз караштарды карманарын тактап, атынан атаган жок.

Славомир Хорактын айтымында, Tажикстандагы диний негиздеги репрессиялар Өзбекстанга жете элек, ошентсе да Ислам кайра жаралуу партиясынын кеңселерин, динзарлардын сүймөнчүгү болгон, же бийликтин саясатын жүргүзбөгөн имамдар иштеген мечиттерди тинтүүлөр болуп жатат.

1990-жылдардагы беш жылдык кандуу согушта ал кездеги өкмөттүн башкы атаандашы исламдык режимдин колдоочулары болгон Тажикстанда бүгүн бийликтин дин саясатындагы стратегиясы катаалдаша баштады.

Бийликтер мечиттердин ишин көзөмөлдөөнү күч алдырып, өспүрүмдөрдүн медресеге барышына тыюу салынды. Радикалдуу исламдын колдоочусу деп айыпталгандар кесилүүдө. "Азаттыктын" тажик кызматынын маалыматында, акыркы төрт жылда эле радикалдуу көз караштары үчүн бир гана Куляб областында 642 киши абакка түштү. Ошондой эле Кулябдан төрт киши Сириядагы оппозициянын катарында согушуп жүрүп окко учкандыгы кабарланган.
XS
SM
MD
LG