Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:16

Назарбаевдин "укуругу" дагы узарды


Президент Нурсултан Назарбаев мекен коргоочулар күнүндө. 7-май, 2018-жыл.
Президент Нурсултан Назарбаев мекен коргоочулар күнүндө. 7-май, 2018-жыл.

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев өлкөнүн Коопсуздук кеңешин өмүр бою башкаруу укугуна ээ болду.

Назарбаевге мындай укук берген жаңы мыйзам 12-июлда күчүнө кирди. Коңшу өлкөнү акыркы 30 жылдан бери башкарып келе жаткан Назарбаевге өмүрүнүн акырына чейин берилген башка да укуктар менен кепилдиктер бар.

“Казакстан Республикасынын Коопсуздук кеңеши жөнүндөгү" жаңы мыйзам 12-июлда жергиликтүү басылмаларда жарыяланды. Ага президент Нурсултан Назарбаев өзүнүн туулган күнүнөн мурда (6-июлда Астана шаарынын күнү Назарбаевдин туулган күнүн утурлай белгиленген), 5-июлда кол койгон. Мыйзам жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирди.

Мыйзамда Казакстандын туңгуч президенти Назарбаевге “тарыхый миссиясына ылайык Коопсуздук кеңешине өмүр бою төрагалык кылуу укугу берилет". Ошондой эле өзүнчө пунктта “кийинки президент Коопсуздук кеңешинин мүчөсү катары кеңештин төрагасына баш иет" деп жазылган. Казак парламентинин депутаты Омаркан Өксүкбаев чечимди мындайча түшүндүрдү:

- Бул кишинин көрөгөчтүгү жана эл аралык аренадагы аброю эске алынып, ушундай чечим кабыл алынса керек. Казакстандын Коопсуздук кенешин жетектөөгө ал кишинин толук укугу бар. "Кийинки жаңы президенттин ишине тоскоолдук жаратат" дегенге кошулбайм. Бардык чечимдер коллегиялуу түрдө кабыл алынып, аларга альтернативалуу чечим болбойт деп ойлойм.

Президент Нурсултан Назарбаев Коопсуздук кеңешинин жыйынын алып барууда. Астана 28-январь, 2018-жыл.
Президент Нурсултан Назарбаев Коопсуздук кеңешинин жыйынын алып барууда. Астана 28-январь, 2018-жыл.

Кеңештин макамы конституциялык орган болуп өзгөрдү. Коопсуздук кеңеши мамлекеттик органдар менен уюмдардын ишмердигин координациялап, стратегиялык документтердин аткарылышына көзөмөл кылат жана баа берет. Кеңештин чечимдерин өлкөдөгү бардык бийлик бутактары “кынтыксыз аткарышы” абзел. Ошондой эле ал мамлекеттик жогорку кызматтарга көрсөтүлгөн талапкерлерди да талкуудан өткөрөт. Коопсуздук кеңеши жана анын аппараты республикалык бюджеттен каржыланат. Өлкөнүн парламентинин депутаты Дания Эспаева туура чечим болду деп эсептейт:

- Менин оюмча Назарбаевдин көп жылдык ишмердүүлүгүн жана аброюн эске алып, анын өмүр бою Коопсуздук кеңешин жетектөөгө толук укугу бар. Эгерде Казакстанды башкарууга башка президент келсе, ал бул укукту Назарбаевде калтырабы же өзүнө алабы - кийин чечип алат. Менимче, кийин да эч кандай пикир келишпестик болбойт деп ойлойм.

Президент Нурсултан Назарбаев Астанадагы Эл аралык финансы борборунун ачылыш аземинде. 5-июль, 2018-жыл.
Президент Нурсултан Назарбаев Астанадагы Эл аралык финансы борборунун ачылыш аземинде. 5-июль, 2018-жыл.

Жаңы мыйзам долбоорун кароо алгач казак парламентине ушул жылдын башында келип түшкөн. Жарым жылдык талкуудан соң аны казак депутаттары президенттин кол коюусуна өткөн айда жөнөткөн. Назарбаев ал документти Конституциялык кеңештин кароосуна берип, "Баш мыйзамга карама-каршы келбейт" деген анын чечиминен соң кол койгон. Эксперттер жаңы мыйзамды талкуулоо учурунда да "бир бийлик бутагы бир колго өтүп жатат" деп сындап чыгышкан. Бирок казак парламентинин депутаты Нуртай Сабилянов ага кошулбайт:

- Коопсуздук кеңешинин башчысын тандоо элибиздин келечегин аныктоо менен барабар. Бул жерде мен эч кандай терс көрүнүштү байкаган жокмун. Төрага баарын чечет дегенден да алысмын. Ал жерде орун басары болот жана Конституцияга ылайык иш алып барышат.

Коңшу өлкөнүн биринчи президенти Нурсултан Назарбаевге учурда өмүр бою берилген бир топ укуктар жана мамлекеттик кепилдиктер бар. Ал кеңеш берүүчү жана төмөнкү палатага 10 депутат көрсөтүүчү орган саналган Казакстандын Улуттук ассамблеясын өмүр бою башкарат. Ошондой эле казак Баш мыйзамында белгиленгендей, туңгуч президент шайлоого өзү каалаганча катышууга укуктуу.

2010-жылы күчүнө кирген мыйзамга ылайык, Назарбаевге туңгуч президент катары "Эл башы" макамы ыйгарылган. Ага ылайык, ал өмүр бою кол тийбестик укугуна ээ. Кол тийбестик анын мүлкүнө, банкта сакталган акча каражаттарына жана жакын туугандарына да тиешелүү болот.

78 жаштагы Назарбаев Казакстанды СССР мезгилинен бери башкарып келет. 2015-жылы кезектеги беш жылдык мөөнөткө шайланган. Быйыл март айында парламенттеги кайрылуусунда Эл башы бийликтен жакын арада кетпей турганын ишарат кылды.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG