Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:28

Болот Абилов: Шайлоо жыйынтыгы бурмаланды


Казак оппозициясы шейшемби күнү Алматы шаарында нааразылык акциясын өткөрөт. Бул тууралуу "Азаттыкка" "Азат" жалпы улуттук социал-демократтар партиясынын теңтөрагасы Болот Абилов билдирди. Жекшембидеги парламенттик шайлоонун жыйынтыгын тааныбаган бул партия - шайлоо бурмаланды деп эсептейт.



Маекти толугу менен бул жерден угуңуз:

please wait

No media source currently available

0:00 0:03:17 0:00
Түз линк


Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму Казакстандын бул жолку парламенттик шайлоосун дагы демократиялык эмес мүнөздөдү. ЕККУнун Адам укуктары жана демократиялык институттар боюнча бюросунун узак мөөнөттүү байкоочулар миссиясынын башчысы Миклос Харашти казак шайлоосунун терс көрүнүштөрү катары төмөнкүлөрдү атады:

-Тилекке каршы, биз жарандардын шайлоо укугу олуттуу чектелген өнөктүккө күбө болдук. Коомдук талкуулар чектелди. Массалык маалымат, теле-радио каражаттары редакторлук тескөөдөн өтүп, өзүн-өзү цензуралоо деп мүнөздөлгөн чөйрөдө аракеттеништи. Шайлоонун жыйынтыгын – мамлекеттик партиядан тышкары эки партия үчүн уюштурулган шайлоо деп мүнөздөсө болот.

Казакстан: тобу менен добуш салуу
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:00 0:00

“Азаттыктын” казак кызматынын кабарчысы тарткан бул тасмада Алматынын четиндеги добушканалардын биринде шайлоо бекетинин мүчөсү бюллетендерди чогуусу менен салууга аракеттенип жатканын көрүүгө болот.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG