Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:15

Согуштагы тажик балдары үйүнө жеткирилет


Сириядагы казак жихадчыларынын балдары тууралуу тасмадан алынган сүрөт.
Сириядагы казак жихадчыларынын балдары тууралуу тасмадан алынган сүрөт.

Эл аралык уюмдар Cирия менен Ирактагы качкындар лагерлеринде турган балдарды өз мекенине кайтаруу ишин башташты. Ушул тапта согуш жүрүп жаткан жерден келген балдар жакындарынын үй-бүлөлөрүндө жашап атышат.

Быйыл апрель айында төрт тажик бала Багдаддагы качкындар лагеринен өз мекенине кайтарылды. Алар ушул тапта жакын туугандарынын колунда. Балдардын ар бири менен писхологдор иштеп, кенедей кезинде согуштун каарын көрүп келген жеткинчектерди кадимки жашоого көндүрүп жатышат.

Кызыл чырым уюмунун психологу Бхава Пойдуал “Азаттыктын” тажик кызматына берген комментарийинде мындай балдар менен иштешүү ыкмасын айтып берди.

“Биз балдар менен ойнойбуз, сүйлөшөбүз. Адатта эки сааттан төрт саатка чейин чогуу жүрөбүз” – деген Пойдуал алардын аты-жөнүн, каякта жашарын коомчулукка жарыялабай купуя сактоо канчалык маанилүү экенине токтолот. «Биринчи кезекте балдарды, алардын келечегин ойлош керек. Кийин эс тартып чоңойгондо маалымат каражаттарына чыккан өздөрүнүн сүрөт-видеолорун көрсө кандай акыбалда калышат?», - дейт Кызыл чырым уюмунун адиси.

Улуттар Уюмунун Балдар фонду – ЮНИСЕФтин Тажикстандагы өкүлү Лучиано Калестини согуш жүрүп жаткан жерден алынып келген балдар өзгөчө кароого муктаж экенин белгилейт. “Балдар үчүн психологиялык жардамдан кийинки эң маанилүү кадам – мектеп. Алар дароо эле жалпы мектепке бара албаса да убактылуу класстарга барып, балдар менен аралашып көнүшү керек. Ошондой эле коопсуз жерде жана бирөөлөрдүн камкордугунда экенин сезиши абзел. Бул өтө маанилүү кадам. Андан кийин гана кадимкидей балдарга аралашып кетишет” - деди Балдар фондунун өкүлү.

Ирактагы качкындар лагерлеринен жеткирилген балдар. 25-апрель, 2018-жыл.
Ирактагы качкындар лагерлеринен жеткирилген балдар. 25-апрель, 2018-жыл.

Мариямды дагы үч бала менен бирге Ирактан алып келишкен. Азыр 11 жаштагы тестиер кыз чоң ата, чоң энесинин колунда. Мариям өтө сүйкүмдүү кыз. Бирок көп суроо сурасаң жооп бергенди жактырбайт. Алар менен кандайча сүйлөшкөндү психолог адистер гана билишет. Андай балдардан "согушта эмне көргөнүн, эмне билгенин сурабаш керек" деген психолог адис тескерисинче алар алыста көргөн азап-тозокту унутууга жардам берүүгө милдеттүү экенибизди эскертишет. Мариям менен кошо келген үч баланы ушул күздө мектепке жиберүүгө даярдык көрүп жатышат.

Тажикстандын Балдар иштери боюнча акыйкатчысы Ражабмо Хабибулло Мария Ирактан келээри менен аны карамагына алган чоң ата, чоң энеси менен таанышып, алардын жашоо шартын көрүп келгенин айтты. “Жаңжал жүрүп жаткан аймактардан келген балдардын эч кандай документи жок. Мариямга документтерин даярдап, мектептен билим алышына шарт түзүүнү жергиликтүү бийлик менен сүйлөшкөнүн омбудсмен айым "Азаттык" радиосу менен болгон маегинде билдирди.

ИМ тобунун согушкерлеринин үй-бүлө мүчөлөрү. Тал-Афар, 30-август, 2017-жыл.
ИМ тобунун согушкерлеринин үй-бүлө мүчөлөрү. Тал-Афар, 30-август, 2017-жыл.

ЮНИСЕФ уюмунун Тажикстандагы өкүлчүлүгү Сирия менен Ирактан жеткирилген балдарга жана аларды багып алган үй-бүлөлөргө көмөк көрсөтүү программалары иштелип жатканын билдирди. Ошондой эле эл аралык уюм согуш жүрүп жаткан аймактардан тажик балдарды алып келүүнү дагы улантат. Уюмдун Дүйшөмбүдөгү кеңсесинин башчысы Лучиано Калестини жакында дагы үч бала мекенине жеткирилерин билдирди.

ЮНИСЕФтин Ирактагы тажикстандык балдар жана ата-энелери кармалып турган жерлерге кирүүгө мүмкүнчүлүгү бар. Сирияда кырдаал оор, анткени согуш жүрүп жатат. ЮНИСЕФтин Ирактагы кеңсеси качкындар лагерлеринде кармалып турган тажик балдардын көбү менен байланышта.

"Өткөн айда Ирактагы кызматташтар менен сүйлөшкөнүмдө үч тажик баланы мекенине жиберүүгө даярдап жатышканын айтышкан. Башында балдар адистер менен ачылып сүйлөшпөй коюшкан. Алар "бул жерден кеткибиз келбейт, бизге тынчтык гана керек" дешкен. Адистер алар менен такай иштешип, жакындашып, ишенимине кирген соң гана ачылып сүйлөй башташкан. Анан ошентип отуруп бара-бара өз мекенине кайтууга макул болушкан” - деди Калестини.

Коңшу өлкөнүн Ички иштер министрлигинин расмий маалыматына ылайык, Ирак менен Сирияда миңден ашуун тажик жарандары согушуп жүрөт. Алардын арасында эки жүздөй бала бар.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG