Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:45

Өзбекстан “Хьюман Райтс Уотчтун” өкүлүн каттоодон кайрадан баш тартты


Өзбекстан адам укуктарын коргоочу эл аралык уюм - “Хьюман Райтс Уотчтун” өкүлүн каттоодон кайрадан баш тартты. Ушуну менен аталган уюмдун үчүнчү өкүлү Өзбекстанда каттала албай олтурат. Адам укугун коргоочулар мунун себебин өзбек бийликтеринин бул чөйрөдөгү чыныгы кырдаалды жаап- жашыруу аракетине байланыштырат.

Өкүлү каттоодон өткөрүлбөгөнү жөнүндө “Хьюман Райтсч Уотч” Өзбекстандын юстиция министринин орун басары Кайрат Хидоятовдун колу коюлган кат аркылуу кабардар болгон. Каттоодон баш тартуунун жүйөөсү катары “Хьюман Райтс Уотчтун” Өзбекстандагы өкүлчүлүгүнүн ишмердигинде “улуттук мыйзамдардын талаптарын сактабоо боюнча туруктуу практика бар экендиги” байкалганы көргөзүлөт.

Мындан сырткары өкүлчүлүктүн башчысы катары жөнөтүлгөн Стив Свердлоунун ( Steve Swerdlow) “Өзбекстан менен кызматташуу жана аймакта иштөө тажрыйбасы жоктугу” кошумчаланган.

Буга чейин 2008-жылы Орусиянын жараны Игорь Воронцов “Хьюман Райтс Уотчтун” Өзбекстандагы өкүлү болуп беш айдай иштеп, бирок каттоодон өтө албай койгон эле.

Ал дүйшөмбү күнү “Эркин Европа/Азаттык” үналгысынын өзбек кызматына берген интервьюсунда уюм өкүлүн расмий каттоодон баш тартууда азыр да, мурда деле өзбек бийликтери тарабынан берилген түшүндүрмө окшош экенин белгиледи:

- Мага деле баш тартышканда ушундай формулировкада жазышкан. Мен Өзбекстанда жүргүзүлүп жаткан реформалардын мүнөзүн жана башка нерселерди түшүнүүгө жөндөмсүз экендигимди белгилешкен. Андыктан бул жерде жаңылык деле жок. Ал эми Өзбекстандын мыйзамдарын сактоо маселесине келсек менин “Хьюман Райтс Уочтогу” иш-тажрыйбаман жана мага жетке маалыматтарга караганда, мыйзамдардын эң чоң бузуучусу - “Хьюман Райтс Уотч” эмес, Өзбекстан республикасынын өкмөтүнүн өзү.

Игорь Воронцовго чейин 2007 – жылы “Хьюман Райтс Уотч” Өзбекстандагы өкүлчүлүгүн башкарууга жиберген америкалык Мире Ритман да каттоодон өтө албай, артка кайтууга аргасыз болгон эле.

Ага чейин уюмдун өкүлчүлүгүн 2005 –жылдан бери башкарган Андреа Берг өлкөдөн 2007–жылы анын аккредитацияланган мөөнөтү аяктаганына жана жаңы виза алалбай калганына байланыштуу чыгууга аргасыз болгон.

Иши кылып ушуну менен 2007-жылдан бери Өзбекстанда “Хьюман Райтч Уотчтун” үч өкүлү удаасы менен каттоодон өтө албай олтурат.

Игорь Воронцовдун пикиринде, “Хьюман Райтч Уотчту” Өзбекстанда азыркыдай макамда кармоо расмий Ташкент үчүн пайдалуу болуп тургандай:

- Бул тилекке каршы Өзбекстанда өкүм сүргөн салттын уландысы. Алардын саясаты - “Хьюман Райтс Уочтун” өкүлчүлүгүнүн иштөөсүнө тыюу салбоо, бирок өкүлчүлүктүн башчысына аккредитация бербөө. Муну алар саясий максатта жасап жаткандай. Кайрадан баш тартуу болгонуна мен таңгалган деле жокмун.

Өзбекстандык адам укугун коргоочу, Адам укугун коргоочулардын демилгелүү тобу деген уюмдун жетекчиси Сурат Икрамовдун айтымында, расмий Ташкенттин “Хьюман Райтс Уотчко” карата катаал турумду карманып калышынын учугу 2005-жылкы Анжиян окуяларында жатат. “Хьюман Райтс Уотч” Анжияндагы кыргын үчүн өзбек бийликтерин кескин айыптаган жана ал боюнча эл аралык иликтөө жүргүзүүгө чакырган уюмдардын катарында болгон.

Сурат Икрамовдун пикиринде, өкүлчүлүк башчысынын каттоодон өткөрүлбөй жатышынын себеби жөнөкөй эле. Өзбек бийликтери өлкөдөгү укук бузуу учурлары документтештирилип, эл аралык коомчулукка жайылып кетишин каалабайт, дейт ал:

Сурат Икрамов.


- Бул Өзбекстанда адам укуктарын олуттуу бузуу, анын ичинде өзгөчө кыйноолор, мыйзамсыз камоолор уланып, түрмөдө адамдар али деле көп экендигине байланыштуу. Андыктан каттоо, менимче, “Хьюман Райс Уотчтун” бул жерде болбошу, адам укуктары боюнча кырдаал ( Өзбекстандагы) бүткүл дүйнөгө кеңири жайылып кетпөөсү үчүн жүргүзүлбөй жатат.

Укук коргоочу Сурат Икрамов “Азаттык” үналгысынын кабарчысы менен маегинде кошумчалагандай, жергиликтүү адам укугун коргоочулар менен кызматташып жатканы менен жакынкы убактарда “Хьюман Райтс Уотчтун” Өзбекстандын ичинде иштей алуусу күмөндүү.

Ушундай эле ойду 2008-жылы “Хьюман Райтс Уотчтун” өкүлү катары каттоодон өтө албай койгон Игорь Воронцов да айтат.

Ал бул маселеде расмий Ташкентке таасир көргөзүүгө мүмкүнчүлүк аз болуп жатышын президент Ислам Каримовдун өкмөтү “ыңгайлуу геосаясий кырдаалда” тургандыгы менен байланыштырат.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG