Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:12

Борбор Азия лидерлери Астанага чогулат


Астана.
Астана.

Астанадагы саммит Борбор Азиядагы беш лидер өз алдынча жолуга турган алгачкы жыйын катары күтүлгөн. 2009-жылдан бери Борбор Азия президенттери эки тараптуу жолугушууларда, Орусия менен Кытай мүчө болгон КМШ, ЖККУ сыяктуу биримдиктердин алкагында гана кездешип келишкен. Владимир Путин катышпай турган бул жолугушууларды эксперттер ар кандай талдап жатышат.

15-мартта Астанада өтчү саммит Борбор Азия өлкөлөрүнүн лидерлери толук курамда өз алдынча жолуга турган алгачкы жыйын деп күтүлгөн. Бирок түркмөн президенти Гурбангулы Бердимухамедов Астананын ордуна Перс булуңуна жол тартканы белгилүү болду. Саммитке Ашхабаддын расмий делегациясын түркмөн парламентинин спикери Акджа Нурбердыева жетектеп келмекчи. Ал эми тажик президенти Эмомали Рахмон саммитке Казакстандагы расмий сапарынын алкагында катышат.

2009-жылдан бери Борбор Азия президенттери эки тараптуу жолугушууларда, Орусия менен Кытай мүчө болгон КМШ, ЖККУ сыяктуу биримдиктердин алкагында гана кездешип келишкен.

Борбор Азиянын картасы. 2015-жыл.
Борбор Азиянын картасы. 2015-жыл.

Эгемендик жылдарында Борбор Азия президенттери толук курамда өз алдынча ашып кетсе беш гана жолу кездешкен. Башында чөлкөмдүн лидерлери Советтер Союзу таркагандан кийинки кызматташтыкты талкуулашса, акыркы жыйын Арал деңизинин келечегине арналган. Эксперттер коңшулар ортосунда мамиле чек ара, суу, энергетика маселелеринен улам начарлап кеткенин айтышат.

Эми Борбор Азиядагы эки эски, эки жаңы президенттердин жолугушуусунан кандай майнап чыгат деген суроо турат. Жыйында кандай маселелер каралаары азырынча белгисиз.

Борбор Азиянын беш президентинин катышуусу менен чөлкөмдүк саммит өткөрүү демилгесин өзбек президенти Шавкат Мирзиёев былтыр сентябрда БУУнун Башкы Ассамблеясынын жыйынында көтөргөн. Чөлкөмдөгү көйгөйлөрдү чогуу талкуулап, ар тараптуу бир чечим кабыл алыш үчүн беш өлкөнүн ортосунда кеңеш түзүү сунуш кылынган. Аны казак элбашы Нурсултан Назарбаев колдоп, алгачкы жыйынга Астанага чакырган.

Өзбекстандык саясий серепчи Рафаэль Саттаров азырынча беш өлкө Орусиядан көз каранды болбогон өз алдынча биримдик түзө алышпайт деген ойдо. Алгач борбор азиялык лидерлер аймактагы маселелерди чогуу-чаран чечүүнү үйрөнүшү зарыл.

Орусиядан башка эч кимдин аймактагы коопсуздук маселесин кароого дарамети жок.

- Алар Орусиядан кайда кетет? Коопсуздук маселесинде аларга баары бир кызматташууга барышат, башка арга жок. Орусиядан башка эч кимдин аймактагы коопсуздук маселесин кароого дарамети жок. Ошол эле КМШнын алкагында чөлкөмдө абадан урулган соккудан коргонуу аймагы сакталып келет. Ошондой эле Тажикстандын, Өзбекстандын, Кыргызстандын армияларын жаңылоо маселеси орчундуу, аларга Орусиядан курал-жарак сатып алуу ыңгайлуу. Президенттер азыр өз алдынча жолугушуп, бирдикте консенсус таап, тышкы инвестиция тартууну үйрөнүшү керек. Ич ара көйгөйлөрү бар өлкөлөргө эч ким акча салбайт.

Кыргызстандагы саясат таануучу Эдил Байсалов болсо, Орусия Кытайдын таасиринен кызганганы менен Борбор Азиядагы өз позициясына ишенимдүү карайт деп эсептейт. "Кремл аймактагы лидерлердин өз ара жакындашуусуна капа болбойт, бирок муну Евразиялык Экономикалык Биримдигин кеңейтүүгө колдонушу мүмкүн" деген ойдо.

Эдил Байсалов.
Эдил Байсалов.

- Ташкенттеги жетекчиликтин алмашуусу менен кандайдыр кыймыл-аракеттер башталаары белгилүү эле. Бирок эч ким Мирзиёев кенен кулач жайып, кызматташтыктын көпүрөлөрүн түзө баштайт деп күткөн эмес. Азыр бул аймактык интеграция канчалык кеңейерин алдын-ала айтуу кыйын. Бири-бирибизди сагынып калган кез, азыр ич ара тынчтык, кызматташтык жана пайда керек. Өзбекстан менен Тажикстан ЕАЭБге кошулушса болмок. Бирок алардын кошулбастыгы ачык болуп калса, лидерлердин улуусу Назарбаевден жаңы аймактык долбоор күтүүгө болот. Борбор Азиянын аймагында эркин рынок жок, бир да өлкө чоң ийгиликке жетпеси ачык көрүнүп калды.

Ал эми Казакстандагы Демократияны өнүктүрүү боюнча Борбор Азия фондунун башчысы Толганай Умбеталиева бул жолугушууга Москва көз салып турат деген пикирде.

Толгонай Умбеталиева.
Толгонай Умбеталиева.

- Орусиянын позициясы ар кандай болушу мүмкүн. Борбор Азия өлкөлөрү биригип, ага карата кандай стратегия колдоноорун чечип алышы зарыл. Кремл азыр ачык агрессия көрсөтүп жатат, бул да кооптуу көрүнүш. Кремл дайыма Борбор Азия өлкөлөрүнүн башка мамлекеттер менен алака-катышына көз салып келет. Президенттердин бул жолугушуусу Орусиянын талдоочулары менен маалымат каражаттарынын байкоосунда болот.

Тажикстандагы "ИмрузNews" гезитинин башчысы Муним Оламов борбор азиялык саммит өткөрүүнү "өлкөлөрдүн эгемендигин көрсөтүү аракети" катары баалайт.

Муним Оламов.
Муним Оламов.

- Азыр Орусиянын бардык жак менен көйгөйлөрү бар, Батыш менен да, Европа менен да. Мындай кезде Борбор Азия өлкөлөрүнүн Орусиясыз өз алдынча чечим кабыл ала алышаарын көрсөтүү аракети таң калаарлык деле эмес. Эгерде Орусия жолугушууга катышса, "муну Москва чогултуп, жетектеп жатат" деп кабыл алышмак.

Эксперттердин баамында, Борбор Азия мамлекеттеринин президенттердин өз алдынча жолугушуусун Кремл жыйындын жыйынтыгы боюнча кабыл алат. Ал эми Борбор Азиядагы ынтымак-ырашкерлик үчүн алгач соода-экономикалык жана маданий байланыштарды чыңдоо зарыл.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG