Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:39

Тажикстанда ИМдин байрагын илгендер кармалды


Нурек шаарындагы "Ислам мамлекети" уюмунун мүчөсү делгендер. 29-август, 2015-жыл
Нурек шаарындагы "Ислам мамлекети" уюмунун мүчөсү делгендер. 29-август, 2015-жыл

Тажикстанда буга чейин Шахритус шаарчасына да ушул сыяктуу желек илип кетишкендер колго түшкөн.

Кармалгандар “азгырыктан” улам ушундай аракетке барганын айтышууда. Экстремисттик “Ислам мамлекети” уюмунун кара туусун Хатлон облусунун Нурек шаарына илген 14 жаран кармалганын Тажикстандын Ички иштер министрлиги кабарлады. Колго түшкөндөрдүн эң улуусу 37, эң кичүүсү 21 жашта.

Алар алгач «Ислам мамлекети» кыймылынын согушкерлери менен интернет аркылуу байланышып жүрүшкөн. Соңунда уюмду чындап колдой тургандыктарын билдирүү үчүн ушундай аракетке барышкан.

Кармалгандардын бири, Давлиё Саидов «Азаттыктын» тажик кызматына буларды айтып берген:

-“ Ислам мамлекетинин” согушкери Юнус деген бала менен таанышып, таалим алып, кабарлашып жүргөнбүз. Анан ал бир күнү “силер бизди чындап колдосоңор, биздин тууну Тажикстанга илгиле” деди. Биз балдар базарга барып капкара кездеме сатып алып, ага ак боёк менен “Ислам мамлекети” уюмунун ураанын жазып, желек жасадык. Кийин шаардын бордордук көчөсүнө алып барып илип койдук. Муну далилдөө үчүн телефондон сүрөткө тартып, WhatsApp аркылуу Сирияга, Юнуска жөнөттүк.

Давлиё Саидов менен кармалгандардын дагы бир нечеси мындан аз убакыт мурдараак эле ишмердүүлүгү токтотулган Тажикстандын "Ислам кайра жаралуу партиясынын" мүчөлөрү экендигин айтышат. Алар буга чейин тажик жергесинде Халифат орнотуу идеясын тымызын жайылтып келишкенин билдиришти.

- “Биздин өлкө жалаң ислам эрежелери менен гана жашаган өлкө болушу керек” деген идеяны Тажикстандын Ислам кайра жаралуу партиясынын Нуректеги лидерлери бизге мурдатан эле айтып келген. “Ислам мамлекети” уюмуна киргенден кийин мен бул идеяга дагы көп азгырылып кетипмин. Азыр эми абдан өкүнүп атам. Биздин идеялар таптакыр туура эмес болгон экен, - дейт Нурек шаарынан кармалган топтун башчысы Давлиё Саидов.

“Ислам мамлекети” тобунун кара байрагын илген учур Хатлон облусунда ушуну менен экинчи жолу катталып отурат. Август айынын баш ченинде эле Нуректин жанындагы Шахритус шаарчасында «Аллах» деген жазуу менен кошо, экстремисттик уюмдун туусун көрүнө жерге тагып кетишкен.

Тажикстандык Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы кабарлагандай, бул иш боюнча да сегиз жаран кармалган. Булардын эң башкы уюштуруучусу Махмадали Абдуллоев болгону 15 жашта. Курдаштарын ушул жолго алып кирген Абдуллоев өзү карматпай качып кеткен.

Кармалып калган окуучулардын бири Рамазанбек Худайбердиев өзүнүн классташынан кантип алданып калганын айтып берүүдө:

- Досубуз Махмадали Абдуллоев «Ислам мамлекети» уюмунун мүчөсү болчу. Башында ага көп берилбей эле жүргөнбүз. Анан ал Курандан бир канча аяттарды таап, бизди да ошол уюмга тартып кирип кетти. Махмадали Сириядан Абусаид деген согушкер менен байланышып, «кара байракты өзүңөр жашаган аймакта илгиле» деген тапшырма алды. Биз балдар чогулуп Шахритус шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдүн бирине илдик. Аны Махмадали сүрөткө тартып Сириядагы жетекчисине жөнөткөн. Анан Абусаид “ушул байракты тажик жеринде ачык желбиреткен күн келет” деп айтыптыр. Бирок эми гана аракеттеримдин баары туура эмес болгонун аңдап атам.

Кармалган окуучулардын башка бири тажик ички иштер кызматкерине айткандай, аларды сырттан башкарып турган “Ислам мамлекети” кыймылынын өкүлү ким өз жанын кыюуга даяр экенин сүрүштүргөн. Алар муну менен Шахритус шаарчасынын ички иштер имаратын жардырууну көздөшкөн.

Учурда бул окуучулар окуган мектеп жетекчилери жана алардын ата-энелери катуу эскертүү алды. Ата-энелердин бири Тойчубай Ташев баласы үчүн өкүнүп турат:

- Балдардын тарбиясына жакшы маани бербегенибиздин акыры ушуга алып келди. Баарын эми түшүнүп атабыз. Согушкерлер биздин балдардын сабатсыздыгын пайдаланып, өз максаттарын ишке ашырып алышты. Мен башка ата-энелерге да эскеретет элем, “биздин балдардай болуп, радикалдарга кошулуп кеткиче, минтип камалып калгыча, балдарыңарды жакшылап карагыла”.

Ата-энелердин күйүтүнө карабай эки окуядан жалпы 22 адам, анын ичинде жашы жете электер да кылмыш жоопкерчилигине тартыларын тажик күч органдары белгилешет.

Өткөн жылы Өзбекстанда кара байрак илинген окуя катталган. Ташкенттин борборуна илинген желек Жакынкы Чыгышта “халифат” жарыялаган “Ирак жана Леванта Ислам мамлекети” тобунун желегине окшош болгон. Ушул жыл башында “Ислам мамлекетинин” туусунун фонунда тартылган Бишкектин сүрөттөрү Фейсбукта жайылган болчу.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG