Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:28

Казак соту Кулекбаевди өлүм жазасына тартты


Руслан Кулекбаев
Руслан Кулекбаев

Казакстандын Алматы шаарында куралдуу чабуул жасап, он кишини өлтүргөн деп айыпталган Руслан Кулекбаев өлүм жазасына кесилди.18-июлда калаанын Алмалы райондук ички иштер башкармалыгы жана Улуттук коопсуздук кызматынын департаментине кол салуу болуп, анда он киши өлгөн.

Алматы шаардык соту 2-ноябрда чыгарган өкүмү менен Руслан Кулекбаевди өлүм жазасына кести. Ага он адамдын өмүрүн алган террордук кылмышка барган, үч адамдын өмүрүнө кол салууга аракеттенген жана мыйзамсыз курал-жабдык, жардыруучу заттарды колдонуп, сактап жүргөн деген айыптар коюлду.

Соттун чечими менен Кулекбаев моралдык зыян үчүн 70 миллион тенге төлөп берүүгө милдеттендирилди. Анын 62 миллиону жабыркаган тарапка берилет.

Кулекбаев сот өкүмүн эч кандай эмоциясыз, кылы кыйшайбагандай түр менен укту. Соттук териштирүү маалында ал бир нече жолу судьядан эскертүү алып, сот залынан чыгарылган. Акыркы сөзүндө Кулекбаев бул ишке ал коопсуздук күчтөрдөн өч алуу максатында барганын, анткени буга чейин ал жана анын достору мыйзамсыз камакка алынып, жазаланышканын айтты. Кулекбаев жасаган ишине өкүнүп турганын, жабыркагандардын кайгысын түшүнөрүн жана кандай гана жаза болбосун моюну менен тартууга даяр экенин кошумчалады.

Ал эми жакындарын жоготкон жабырлануучу тарап чыгарылган өкүмгө ыраазы экенин айтышты. Алардын бири ошол каргашалуу күнү уулу Мейрамбек Рахматулаевди жоготкон Нурдилде Танагулов:

- Уулум ишке киргенине бир жарым эле ай болгон. Жалгыз кулунум эле. Эми бийлик чыгарылган өкүмдү өзгөртпөйт деген ишеничтемин. Менин бир эле талабым ушул. Кулекбаев өзү кандай гана жаза болбосун өтөйм деди. Сот анын үй-бүлөсүн да жоопкерчиликке тартса, Кулекбаев сыяктуу канкорлор мындан ары ушундай ишке барбай калат беле деген ойдомун. Кулекбаев жасаган ишине өкүнбөгөндөй эле, ага баары бир сыяктуу.

Кулекбаев менен кошо бул иш боюнча беш киши кесилди. Аларга мыйзамсыз курал сактап, колдонушкан жана Кулекбаев менен талап-тоноого барышкан деген айыптар тагылган.

Алардын бири Жасулан Сапарбеков он жарым жылга эркинен ажыратылса, Ербол Кусаинов менен Даурен Асембекулы он жылга кесилишти. Роберт Лю тогуз жарым жылга, ал эми Нурсултан Абдимомун үч жылга эркинен ажыратылды.

18-июлдагы чабуулдан он киши өлгөн
18-июлдагы чабуулдан он киши өлгөн

Казакстандын Кылмыш-жаза кодексинде өлүм жазасы өзгөчө оор кылмыштар үчүн каралган. Бирок өлкөдө 2003-жылдын декабрь айынан тарта өлүм жазасына мораторий киригизилген. Прокурор Бауржан Ертаевдин айтуусунда, Кулекбаев мораторий алынбаса өмүрүнүн аягына чейин түрмөдө отурат:

- Казакстан Республикасынын президентитинин буйругу менен 2003-жылдан бери өлүм жазасынын орундалышына мораторий жарыяланган. Бул мораторий чексиз болуп эсептелет. Бирок бир убактысы келгенде ал күчүн жоготушу мүмкүн. Кулекбаев абакта өз мөөнөтүн өтөй берет. Мораторий жоюлгандан кийин бир жылдан соң өкүм орундалат. Эгер мораторий жоюлбаса, өмүрүнүн акырына чейин түрмөдө отурат.

Бул иш боюнча сот жараяны үч жумага созулду. Угуулардын тергөө изоляторунда өткөрүлүшүн бийлик Куленбаевдин өтө агрессивдүү абалы менен түшүндүрдү. Сот процессинде коопсуздук чаралары күчөтүлгөн режимде сакталды.

18-июлда Алматынын Алмалы райондук ички иштер башкармалыгы жана Улуттук коопсуздук кызматынын департаментине кол салуу болуп, анда он киши өлгөн. Алардын сегизи коопсуздук кызматтарынын өкүлдөрү, экөө жайкын тургун болгон. Ошол эле күнү шектүү делген 26 жаштагы Руслан Кулекбаев камакка алынган. Бийликтер кол салууну терракт деп атаган. Алматыда бир күн террордук коркунучтун эң жогорку- кызыл деңгээли жарыяланган.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG