Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:20

Орусия Ысык-Көлгө 2 млн доллар берди


Ысык-Көл
Ысык-Көл

Орусия Ысык-Көлдөгү туризмди өнүктүрүүгө акча берди, түркмөн президенти калкын спорт менен машыгууга үндөп жатат, Назарбаевдин Обамага берген белеги көпчүлүк көңүлүн бурду.

Росбалт интернет басылмасы Орусия Ысык-Көлдөгү курорттук аймактарды өнүктүрүү үчүн Кыргызстанга 2 миллион доллар бергенин маалымдады. Кыргызстандагы Орусиянын элчилиги берилген каражат облустагы дыйкандардын айыл чарба продукциясын эс алуучу жайларга жана пансионаттарга түз жеткирүүнү камсыздоого жумшаларын белгилейт. Макалада саясий тирешүүдөн улам Түркия менен Египет орусиялыктарга эшигин жапкандыктан, быйыл орусиялыктардын эс алуусу үчүн Кыргызстанды туристтик сезонго даярдоо аракети жүрүп жатат, деген ой айтылат. Анткен менен макаланын автору Игорь Ротарь былтыр Ростуризмдин маалыматы боюнча Кыргызстанда 17 миң орусиялык эс алганын белгилеп, быйыл алардын саны кескин көбөйүп кетеринен күмөн санайт. Автор советтик үлгүдөгүдөй тейлөө кызматы, эски пансионаттар, таштандыга толгон кумдуу жээк жапайы жаратылышты сүйгөн туристтерди гана кызыктырышы мүмкүн деп белгилейт.

Регнум маалымат агенттиги түркмөн президенти Гурбангулы Бердимухаммедов өлкөдө сергек жашоону чыңдоого бир айлык марафон жарыялаганын кабарлайт. Түркмөнстандын бардык аймактарында мектеп окуучуларынан баштап мамлекеттик кызматкерлер менен коомдук ишмерлерге чейин массалык түрдө спорттук иш-чараларга активдүү катышууга милдеттендирилген. Интернетте эртең менен көчөдө денени чыңдоочу машыгуу жасап жаткан мамлекеттик кызматкерлердин видеолору дагы таркай баштаган. Ал эми укук коргоочулар бийлик адамдарды спорттук иш-чараларга катышууга мажбурлап, ага кошумча аткаминерлерди спорттук кийим жана жабдыктарды сатып алууга зордоп жатканын айтышат.

Түркмөнстандагы дене көнүгүү жасаган мамлекеттик кызматкерлер

"Взгляд" басылмасы Назарбаев Обамага атомдук жарылуу тартылган сүрөт белек кылды деп жазат. Казакстан менен АКШнын президенттери Вашингтондо өткөн ядролук коопсуздук боюнча саммитте жолугушкан. Макалада төрт жыл мурун Назарбаев ушундай бир саммитте Барак Обамага тумар белек кылганы дагы айтылат. Назарбаевдин пресс-катчысы Даурен Абаев казак президенти мындай белек аркылуу актуалдуу маселеге өзгөчө бир жол менен көңүл бурдурууга аракет кылганын белгилейт. "Жарылуу” деп аталган картина казакстандык сүрөтчү Карипбек Куюковдун колунан чыккан. Сүрөттө алакан жайган адам менен атомдук жарылуу чагылдырылган. Президент Назарбаевдин Ак үйдө тапшырган белеги ар башкача чечмеленүүдө.

"Аргументы и факты" басылмасы эмне себептен Орусия Өзбекстандын карызын кечти деген суроону көтөрөт.

5-апрелде президент Владимир Путин Орусия менен Өзбекстандын ортосундагы каржылык милдеттенмелерди жоюу тууралуу мыйзамга кол койгон. Ага ылайык Москва Ташкенттин 865 миллион доллар карызын кечкен, ал эми калган 25 миллион долларды Өзбекстан бир ай ичинде төлөп берүүгө макул болгон. Карыздын басымдуу бөлүгү Орусиядан 1990-жылдары алынган насыя жана ага төлөнүүчү пайыздык төлөмдөрдөн топтолгон. Стратегиялык өнүгүү борборунун эксперти Григорий Трофимчуктун айтуусунда, бул карыз көптөн бери талаш-тартышка себеп болуп келген. Ал эми акыркы жылдары Москва-Ташкент мамилеси кескин муздап кеткендиктен, Кремль ушундай берешендикке барууга аргасыз болгон. Анткен менен Ташкент Советтер Союзу тараганда өлкөлөр ортосунда бөлүнбөй калган СССРдин Алмаз фондунан алчу үлүшүн талашпоону чечкен.

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG