Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:47

Тажикстан: Эки журналистке мунаса өкүм


Урумбой Усмонов Коженттеги соттун короосунда, 14-октябр, 2011-жыл
Урумбой Усмонов Коженттеги соттун короосунда, 14-октябр, 2011-жыл

БиБиСинин кабарчысы Урунбой Усмонов 3 жыл кесилип, “Жашоо Нуру” гезитинин кабарчысы Махмадюсуф Исмоиловго 7 жарым миң доллар айып пул тагылды.


Жума күнү Тажикстандын Кожент шаарында эки журналиcтке сот өкүмүн угузду. Көз карандысыз “Жашоо Нуру” гезитинин кабарчысы Махмадюсуф Исмоилов Тажикстандын Кылмыш-жаза кодексинин 4 беренеси жалаа жабуу, бирөөгө акаарат келтирүү, акча өндүрүү, жердешчиликти козутуу деген негизде айыпталып, прокурор 16 жыл эркинен ажыратууну суранган.

Махмадюсуф Исмоилов
Махмадюсуф Исмоилов

“Мен соттун өкүмү менен толшук макул эмесмин. Эмне күнөөм үчүн мени айыпка жыгышат? Эмне үчүн 3 жыл журналисттик иш менен алектенүүгө болбойт? Бул эмне дегендик? Маалымат каражаттарынын оозун ушинтип жаап коюшабы? Мен прокуратуранын кызматкерлери жасаган мыйзам бузууларга каршы күрөшкөм!», - деди журналист “Азаттыктын” тажик кызматына.




51 жаштагы М.Исмаилов 11 айдан бери убактылуу кармоочу жайда отургандыктан саламаттагы кескин начарлаган. Үчүнчү топтогу майып сотто акыркы сөзүн айтууга ордунан тура алган жок.

БиБиСинин өзбек кызматынын кабарчысы Урунбой Усманов «экстремисттик маанайдагы ишмердүүлүккө кайдигер мамиле кылган» деп табылып 3 жыл эркинен ажыратылып, мунапыска туш келгендиктен эркиндикке чыкты. Журналист сот өкүмү менен макул эмес:

- Мен өз абийирмдин, элимдин, президенттин алдында күнөөлүү эмесмин. 3 күн мурда сот Назаров мени чакырып алып, мунапыс алчулардын тизмесине кошууга арыз жаз деди. Ал мага эч кандай айыптаган өкүм чыкпастыгын айтып, мен үчүн жакшы шарт экенин түшнүдүрдү. Бирок мен андан баш тарттым, мен өзүмдүн журналисттик кесибимдин чегинде аракеттенгем.

Урумбой Усмонов
Урумбой Усмонов

Урунбой Усмонов менен кошо соттолуп жаткан төрт киши 20-22 жылдан эркинен ажыратылды. Журналист Тажикстанда тыюу салынган “Хизб-ут Тахрир” партиясы менен кызматташкан деген негизде июн айында кармалып, бир ай коопсуздук комитетинин абагында отуруп чыккан.

Жума күнү эки журналистке чыга турган сот өкүмү - Тажикстандагы сөз эркиндигине, жалпы эле тажик демократиясына сыноо катары сыпатталган эле.

“Азаттыктын” тажик кызматынын журналисти Мирзо Салимпур эки журналистке чыккан өкүм тажик өкмөтүнүн мунаса чечими болгондугун айтат.

- Тажик өкмөтү бар жагынан эки журналистке кылмыш ишти ачкан аткаминерлерин коргоп калгысы келди. Ошол эле учурда тажик бийлигине эл аралык коомчулук тарабынан өтө катуу басым болду. Тажик өкмөтү эки оттун ортосунда калды. Андыктан бийликтер журналисттерди жазалоо менен аларды эркиндикке чыгарып койду.

Урунбой Усмонов менен Махмадюсуф Исмоиловго чыккан соттун чечими тараптарды канааттандырган шартта кабыл алынды делген менен журналисттер өз укугун коргоону улантаары айкын болуп калды.
  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG