Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:41

Тажикстанда шайлоо күнү аныкталды


Дүйшөмбүдөгү президенттик сарай.
Дүйшөмбүдөгү президенттик сарай.

Тажикстанда кезектеги президенттик шайлоо 6-ноябрь, Конституция күнү өтө турган болду. Мындай чечимди тажик парламентинин кош палатасы жума күнү биргелешкен отурумунда кабыл алды.

Шайлоо датасы аныкталгандан кийин эми күн тартибине шайлоо өнөктүгү кандай өтөт, демократиялык чен-өлчөмдөр сакталабы, кимдер катышат деген маселелер чыгууда.

Оппозициядагы Ислам Кайра жаралуу партиясынын лидери Мухиддин Кабири шайлоонун 6-ноябрга коюлушун кубаттады.

Парламенттин кош палатасынын бириккен жыйынында сүйлөгөн Кабири шайлоо “стабилдүү жана эркин кырдаалда өтөт” деген ишенимин билдирип, Борбордук шайлоо комиссиясын мыйзамды жана шайлоо нормаларын сактоого чакырды:

Мухиддин Кабири
Мухиддин Кабири
- Биз буга чейин бир ирет жаңылганбыз. Башкалар бизди колдонуп, өлкөбүздү бейстабилдүүлүккө түртүшкөн. Эгер кимдир бирөө бул жолу да ошону кааласа, ишенип койгула, башкалар эмес, өзүбүздүкүлөр күнөөлүү болот.

Өткөн аптада, шайлоо күнү жарыяланар алдында, тажик оппозициясынын өзүн “реформачыл күчтөр” деп атаган коалициясы альтернативалуу мыйзам кабыл алуу демилгеси менен чыккан эле.

Башкача айтканда алар, бул ирет президентти төрт гана жылга шайлоону, мамлекет башчысынын ыйгарым укугунун бир бөлүгүн премьер-министрге берүүнү, бир палаталуу парламентти калыбына келтирип, өлкөнү парламенттик башкарууга өткөрүүгө даярдоону сунуш кылган.

Бирок тажик парламентинин 30-августтагы отурумунда айтылган сөздөргө караганда, реформачылардын сунушу суу кече тургандай эмес.

Парламенттин төмөнкү палатасынын спикери Шукуржон Зухуров жыйында сөз алганда президенттик башкаруу институту өзүн актаганына, президент Эмомали Рахмондун жетишкендиктерине токтолуп, “татыктуу талапкер алдыдагы жети жылга биздин келечекти аныктайт”,- деп белгиледи.

Ал эми парламенттин Конституциялык түзүлүш жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу комитетинин төрагасы Убайдулла Довлатов:

- Сандарды, статистиканы карагыла! Улуттук дүң өндүрүш 2006-жылдагы 2,6 миллиард сомониден 2012-жылы 36, 2 миллиард сомониге жетти. Бул башкаруунун президенттик системасынан улам камсыздалды.

Потенциалдуу делген талапкерлерден азырынча эч кимиси шайлоого катышуу ниетин ачык айтып чыга элек. Бирок бийликтеги Элдик-демократиялык партиянын өкүлдөрү мурдараак азыркы президенти Эмомали Рахмонду мамлекет башчылыгына кайрадан көргөзөрүн ишара кылышкан. Рахмон өзү унчуга элек. Бирок көптөр ал шайлоого чыгат деген ишенимде. Анткени мамлекет башчылыгына турганына жыйырма жыл болуп калган Рахмондун бийликтен кетеринин же аны мураскоруна таштарынын белгилери байкалбайт.

Дүйшөмбүлүк саясат таануучу Саймудин Дустов “Азаттык” менен маегинде:

- Шайлоо 6-ноябрь Конституция күнүнө жөн жерден белгиленген жок. Азыркы бийлик өзүн конституциялык түзүлүштүн калыбына келтирүүчүсү, Конституциянын автору деп санайт. Албетте, бул учурдагы президент Эмомали Рахмондун командасына кошумча упай алып келиши керек. Шайлоо чындап шайлоо болобу, мен ага ишене албайм. Анткени 1991-жылдан бери Тажикстанда бир да шайлоо эркин жана ачык-айкын өткөн эмес. Ошондой эле мен шайлоодо кандайдыр бир интрига күтүлөт деп да ойлобойм. Себеби буга негиз жок. Оппозициядан бирдиктүү талапкер чыгарылган күндө деле ал эч кандай роль ойнобойт. Анткени, эмне айтпайлы, шайлоонун жыйынтыгын аткаруу бийлиги аныктайт. Менимче, Рахмон бул шайлоону көзөмөлдөйт, өзүн жеңүүчү деп жарыялайт.

Тажикстандын 2006-жылдагы шайлоосу да 6-ноябрда өткөрүлгөн. Эмомали Рахмондун Тажикстанды башкарганына быйыл 21 жыл толду. Кокус алдыдагы шайлоодо жеңип чыкса, учурдагы мыйзамдар боюнча дагы жети жылга шайланган болот.

XS
SM
MD
LG