Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:36

Тажикстан: туулган күн үчүн жигитти жазалашты


Амирбек Исаев
Амирбек Исаев

Дүйшөмбү шаар соту туулган күнүндө түшкөн сүрөттөрдү Фейсбукка жайгаштырган жигитти айып пулга жыкты. Тажикстанда аш-тойлорду, үй-бүлөлүк маараке-салтанаттарды өткөрүүнүн өзүнчө жол-жоболору иштелип чыккан.

25 жаштагы Амирбек Исаев туулган күнүндө түшкөн сүрөттөрүн Фейсбукка жайгаштырып жатып, анын арты сот менен аяктары үч уктаса да түшүнө кирбесе керек. Прокурорлор Дүйшөмбү шаар сотунда Исаевдин мыйзам бузгандыгын далилдеш үчүн дал ошол сүрөттөрдү пайдаланышты.

Чакан кече баш калаадагы жаштар арасында барктуу пабдардын биринде ушул жылдын 5-июнунда уюштурулган. Исаевдин айтуусунда, бардыгы болуп 13 жакын достор чогулган жана бардыгы “ичкен-жеген пулун өздөрү төлөшкөн”.

Туулган күндү жоро-жолдоштор менен кафе-ресторандарда белгилөө Тажикстанда мыйзам бузуу болуп эсептелиши мүмкүн. Жобо жеке той-кечелерди уюштуруунун эрежелерин, чакырылган коноктордун санын, сарпталган акча-каражаттын өлчөмүн жана убактысын аныктайт.

Ага ылайык туулган күндү тар чөйрөдө, үй-бүлө ичинде гана майрамдоого уруксат берилген.

“Мен андай мыйзам бар экенин жакшы билем. Бирок ал той-топурга акчасын эпсиз чачкан элге каршы деп ойлочумун, - дейт Исаев. Анын туулган күнүн белгилөөгө 450 сомони же 85 доллар кеткен:

- Мен бул мыйзамга каршы эмесмин. Мага айып пул салышканда адегенде абдан кыжаалат болдум. Бирок анан кайра жакшылап ойлосом бул мыйзам туулган күндөрүн белгилөөгө эбейгесиз акча чачып жаткан аткаминерлерди же бай кишилердин жаман адаттарын тыюуга багытталганын түшүндүм. Бирок алар мурда кандай майрамдашса, ошондой эле улантып жатышат. Жөнөкөй кишилерди болсо айыпка жыгышууда.

Ошентип, Исаев айыптуу деп табылып, 4 миң сомони же 630 АКШ долларын төлөөгө милдеттендирилди. Ушу тапта башка ишке өтүп жаткан жаш адис үчүн бул, албетте, абдан чоң акча.

Август айында шаар соту анын апелляциялык арызын четке кагып, райондук сот чечимин күчүндө калтырды.

Каада-салттарды тескөө мыйзамы 2007-жылы президент Эмомали Рахмон кымбат той-аштарга ашыкча каражат сарптоо адаты тажиктер үчүн чоң жүк болуп жатканын айткандан кийин кабыл алынган.

Рахмон көпчүлүк эл маараке, каада-жөрөлгөлөргө деп карызга белчесинен батып жатышканын жарамсыз өнөкөт катары сыпаттаган.

Мыйзам үйлөнүү тоюна 150 адамды, баш кошуп жаткан жаштардын жакындарын гана чакырууга жол берет.

Той ээси бийликке атайын кат жолдоп, меймандардын саны, канча машина болору, кандай тамак-аш берилери, канча килограмм күрүч же эт жумшалары тууралуу толук маалыматты алдын-ала берүүгө милдеттүү.

Исаев сүрөттөрүн Фейсбуктан алып салып, ата-энеси, жоро- жолдошторунун жардамы менен айып пул төлөөгө акча чогултуп жаткан кези.

"Бул туулган күнүмдү өмүрүмдүн аягына чейин эстеп жүрөм", - дейт ал.

XS
SM
MD
LG