Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Июнь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:06

Тажик кызды таанымал кылган бир сүрөт


Мунира Мирзоева
Мунира Мирзоева

“Тажикстандык көчө шыпырган сулуу” деген аталышта дүйнөлүк маалымат желесине тараган 19 жаштагы Мунира Мирзоеванын сүрөтү кызуу талкуу жаратууда.

The Atlas of Beauty сайтына дүйнөдөгү 10 сулуу кыздын бири деп тандалып чыккан бийкечтин сулуулугуна суктангандар күндөн-күнгө өсүүдө.

Искусство жана гуманитардык илимдерге багытталган The Atlas of Beauty интернет долбоорду румыниялык фотограф Михаэла Норок ишке ашырат. Ал өзү тууралуу чакан маалыматта “ааламды айланып саякаттап, курчап турган дүйнөнүн кооздугун, планетанын миң түркүн сулуулардын сүрөтү аркылуу көргөзөм” деп жазат.

Бир ай мурда Михаэла Тажикстанга барып, көчөдөн кокусунан эле Мунираны көрүп, сүрөткө тартып алган. Норок өзүнүн Фейсбуктагы баракчасында сүрөттү коюп, анын алдына “Душанбедеги эң сулуу короо шыпырган кыз. Тажикстан” деп жазып койгон.

Мунира Мирзоева
Мунира Мирзоева

Чындыгында 19 жаштагы Мунира Мирзоева короо шыпыргыч эмес, ал баш калаадагы Шохмансур райондук айлана-чөйрөнү жашылдандыруу бөлүмүндө иштейт. Мунира сүрөтү чыккандан кийин, төгөрөктүн төрт бурчунда анын сулуулугу кызуу талкууга айланганын билген дагы эмес. Өзү болсо сүрөткө түшкөн күндү мындайча эскерет:

- Бир чет өлкөлүк кыз келип, сүрөткө тартып алууну суранды. Мен макул болдум. Мага жакты. Азыр баары бул сенби деп сурап жатышат. Ал кыз сүрөт тарткан иши экенин айтты. Ал дүйнө жүзүн кыдырып, ондогон аялдарды сүрөткө тартып, өзүнүн тизмесине киргизет экен. Мени да ошол жакка киргизем деп түшүндүрдү эле, - деген Мунира үйдө беш баланын улуусу, ата-энесинин башкы тирөөчү.

Ал үйдөгү жетишпес турмуштун айынан гүл өстүргүч болуп иштеп алган. Анткен менен Мунира ак эмгеги аркылуу нан таап жатканын жана өз иши менен сыймыктанарын айтат.

Ай чырайлуу бийкеч сулуулук сынактарына да катышуудан баш тартпайт элем деп сырын ачты.

- Эгер ата-энем уруксат берсе, чет жакта өткөн ар кандай сулуулук сынактарына катышуудан баш тартпайт элем. Бирок алар мени эч жакка жиберишпейт го. Мен өз мекеним - Тажикстандан башка эч жакка чыккан эмесмин. Ата-энем бир жакка, жакын эле жерге жиберүүдөн коркушат. Мен бир аз кечиксем деле качан келет, эмнеге кечикти деп жол карап, тынчсыздана башташат.

Мунира өзүнүн көп курдаштарындай эле мектепти бүткөндөн кийин дарыгер болом деп кыялданып, жогорку окуу жайга тапшырууну көздөгөн. Бирок “ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет” болуп, балалык кыялын орундата алган эмес. Эми болсо гүлдөр дүйнөсүнө ушунчалык байланганын, бардык убактысы жумушта өтөрүн жайдары айтып берди.

- Бош убактымды деле күрөк, кетмен менен өткөрөм. Жакын досторумдун бардыгы мен сыяктуу гүл өстүрүп алектенишет. Калган бош убактымда ата-энем, бир туугандарым менен болом. Ошентип жашоом үй-бүлөм, жумушум, анан гүлдөрүм менен өтөт.

Интернеттеги The Atlas of Beauty деп аталган долбоордун ээси, румын фотографы Михаила Норок Борбор Азиядагы сапары маалында Кыргызстанда да болгон. Анын Фейсбуктагы баракчасынан кыргыздын кымча бел сулууларынын сүрөттөрүн дагы көрүүгө болот.

XS
SM
MD
LG