Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:04

Тажик президенти Вахдатка келди


4-сентябрдагы куралдуу чабуулдан эки күн өткөндөн кийин Тажик президенти Эмомали Рахмон Вахдат шаарына келди.

Расмий маалымат боюнча Вахдаттагы ИИМ жана Коргоо министрлигинин аппаратына чабуулдун натыйжасында 20дан ашык адам мерт болгон.

Тажик президентинин сайты жазгандай, Рахмон Вахдатка жергиликтүү калктын жашоосу менен таанышуу, бир катар социалдык жана өнөр жай ишканаларын ачуу боюнча барган.

Куралдуу чабуулду айыптаган тажик президенти, "Ислам мамлекети" террористтик тобунун катарында 46 Вахдат шаарынын тургуну бар болчу деп, анын 15и өлтүрүлгөнүн айтты.

Вахдат шаарында Рахмон жаңы мектептин ачылыш салтанатына катышып, 4-сентябрда милиция бөлүмүнө чабуул жасагандар сөзсүз мыйзам алдында жооп берерин билдирди.

Президент каза болгон милиция кызматкерлеринин үй-бүлөлөрүнө көңүл айтып, вахдаттыктардын эрдигин белгиледи.

- Силердин жардамыңар менен бир кылмыш топтун бир мүчөсү кармалды, – деди Рахмон.

Рахмондун иш сапары Вахдаттын жанындагы Ромит капчыгайында атайын операция жүрүп жаткан учурга туш келди.

Тажикстандын ИИМи коргоо министринин мурдагы орун басары Халим Назарзоданы 4-сентябрда Вахдаттагы милиция бөлүмүнө куралдуу кол салды деп айыптоодо. Согушчандардын чабуулунан соң сегиз күч кызматкери каза болгон. Качып кеткен генералды Рамит капчыгайында издешүүдө. Бүгүн эртең менен ал жактагы Теппаи Самарканди айылында ок атуулар угулганы менен эч ким абалга комментарий бере элек.

Тажик ИИМнин басма сөз кызматы маалымдагандай, Абдухалам Назарзоданын иниси Мирзохаёт Назаров 5-сентябрда өз ыктыяры менен милицияга багынып берген. Атайын операциянын негизинде андан башка 32 согушчан кармалып, 500 курал-жарак жана ок-дары, эки транспорттук унаа алынган.

Абдухалим Назарзода Тажикстандын коргоо министринин орун басарлык кызматынан 4-сентябрда “кылмыш жасоо” беренеси менен бошотулган.

Рахмон менен Путин кырдаалды талкуулады

"Азаттыктын" тажик кызматынын жазышынча, Эмомали Рахмон орус президенти Владимир Путин менен өлкөдөгү кырдаал тууралуу сүйлөшкөн. Телефон аркылуу толук маалыматты алган соң, Путин өлкөдө туруктуулукту орнотуу үчүн Тажикстандын өкмөтүнө жардам берүүгө даяр экенин айтты. Эки өлкөнүн президенттери Дүйшөмбүдө өтө турган ЖККУнун отурумунда жолугушуу уюштурууга токтолушту.

ЕККУ чабуулду айыптады

Дүйшөмбүдөгү кырдаал боюнча ЕККУнун Парламенттик ассамблеясынын президенти Илкка Канерва ишемби күнү билдирүү менен чыгып, 4-сентябрдагы куралдуу чабуулду айыптады.

“Тажикстандагы терактта согушкерлердин максаты милиция кызматкерлерди жок кылууга багытталганы таасын байкалууда. Зордук-зомбулуктун мындай түрүнө жол берилбеши керек жана биздин дүйнөдө ага орун жок. Тыкыр иликтөөдөн кийин, күнөөлүүлөр өз жазасын алышы абзел. ЕККУнун Парламеттик ассамблеясынын атынан чын жүрөктөн курман болгондордун жакындарына көңүл айтам," – деп жазылган Илкка Канерванын билдирүүсүндө.

XS
SM
MD
LG