Түркмөнстандын бейтараптык макамы эң оболу өлкө Конституциясында көргөзүлгөн. Ал эми БУУнун Башкы ассамблеясы бул макамды тааныган атайын резолюцияны 1995-жылдын 12-декабрында кабыл алган болчу.
Жыйырма жылдык маараке мына ушул күндү эске алуу менен расмий майрамдалууда. Президент Гурбангулы Бердымухамедов мааракени утурлай 2015-жылды Бейтараптыктын жана тынчтыктын жылы деп жарыялаган. Жыл бою буга арналган жана мамлекет каржылап өткөргөн массалык иш-чаралардын саны 470тен ашты.
Расмий Ашхабаддын көз карашында Түркмөнстандын акыркы 20 жылдан берки туруктуу бейтараптык макамы аймактык эле эмес, эл аралык коопсуздукка да салым кошо алды.
Ага катар “көз карандысыз жана ийгиликтүү өлкөнүн тышкы саясаттагы эффективдүү модели" экенин көргөздү.
- Бейтараптыкты жарыялоо менен биз төмөнкү маанилүү максаттарды көздөгөнбүз. Алар эч бир аскерий бирикмеге, мындай уюмдарга мүчө мамлекеттер кабыл алган чечимдерге кошулбоо, согуш баштабоо, согушка алып бара турган кадамдарды жасабоо, массалык кыргын салуучу куралдарды чыгарууну көздөбөө, чет элдик аскерий базаларга орун бербөө, кайсыл өлкө болбосун ага экономикалык кысым көргөзгөн иштерге аралашпоо, адамдар менен жарандардын универсалдык укуктарын, демократиялык эркиндиктери менен укуктарын таануу,- деди жакында сүйлөгөн учурунда президент Гурбангулы Бердымухамедов.
Түркмөнстанды бейтараптык макамга алып келген мурдагы президент Сапармурад Ниязов да кезинде дал ушундай эле сөздөрдү айтчу.
Бейтараптыктын ички саясатка бурулушу
Талдоочулар түркмөн бийликтери үчүн бейтараптык макамга шылтап жасалган иштердин тышкы саясатка караганда ички саясаттагы таасири маанилүү экенине көңүл бурушууда.
Европада жашаган түркмөнстандык талдоочу Руслан Матиев “Азаттыктын” түркмөн кызматы уюштурган талкууда төмөнкүлөрдү белгиледи:
- Калк жалпысынанТүркмөнстан бейтарап өлкө экенине сыймыктанат. Бирок бул концепциянын артында жаткан маанини элдин баары чын эле түшүнөбү мен билбейм. Өзү бейтараптык концепциясы менен Түркмөнстандын бейтараптыгы ортосунда айырма бар. Башында Түркмөнстанды тынчтыктын жергесине, аймактык же глобалдык болобу чыр-чатактарды чече турган платформага айлантуу идеясын өкмөт өлкөнү тышкы дүйнөгө таанытуу үчүн колдонду.
Бейтараптык макамын Ашхабад тыш дүйнөдөн изоляциялануу саясаты менен коштоду деген пикирлерге Британиядагы Глазго университетинин Борбор Азияны иликтөө программасынын директору, кезинде Түркмөнстандын бейтарап макамы боюнча китеп жазган илимпоз Лука Анчески (Luca Anceschi) да кошулат.
Ашхабаддын бейтараптык концепциясын «баарын жасоо, бирок эч нерсеге көңүл бурбоо» деп чечмелеген илимпоз Анчесхи «Азаттыктын» түркмөн кызматы уюштурган талкууда мындай деди:
- Түркмөнстанда бейтараптык эч нерсеге аралашпаган саясаттын модели болуп калды. Евразиянын бул бөлүгүндө Түркмөнстанды саясий ландшафттын четинде калтырган саясатка айланды. Мисалы, мурда өлкө КМШ курамындагы макамын байкоочу деңгээлине түшүрсө, эми Ашхабад Евразия экономикалык союзуна эч кызыгуусун билдирген жок, атүгүл бейтараптуулугунан улам ага кире албасын ачык эле ишара кылууда. Негизинен Бердымухамедовдун доорунда бул саясат олуттуу өзгөргөн жок, болгону башкача көрүнүшү тартуулады. Мурда Ниязов, кийин Бердымухамедов болобу - бул саясаттын борбордук маселеси алардын бийликте калуусун узартуу. Тышкы саясатка караганда мунун ички саясаттагы мааниси чоң.Бирок тышкы саясатта бейтараптыкты карманган Түркмөнстан менен улуу да, кичүү да мамлекеттер кызматташтыкка кызыкдар.
Бул ириде өлкөнүн эбегейсиз газ ресурстарына байланыштырылып жүрөт. Мурда Ашхаббаддын газ соодадагы негизги өнөктөшү Орусия болсо, азыр бул орунду Кытай ээледи.
Ал эми бейтараптыктын 20 жылдык мааракесине тушташ 13-декабрда Ашхабад түркмөн газын Ооганстан, Пакистан, Индияга чыгарууну караган ТАПИ газ кууру курулушунун башталыш аземин өткөргөнү турат.