Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:04

Соттолгон диниятчылар абактан чыга баштады


Өзбекстанда диний экстремизм-терроризм боюнча соттолгондордун тууган-уруктарына түрмө жетекчилигинен кат-кабар келе баштады.

Анда абактагы адамдын жаза мөөнөтүнүн аяктаган күнү, качан, кайдан алып кетсе боло турганы жазылган.

Мунун алдында диний көз карашына байланыштуу тартип коргоо органдарынын тыкыр көзөмөлүндө турган жүздөгөн тургундар "кара тизмеден" чыкканы да кабарланган.

Президент Шавкат Мирзиёев да дин жолунан адашкандарга айкөлдүк, ырайым кылуу тууралуу сөз сүйлөгөн.

Өзбекстанда буга чейин диний экстремисттик-террорчул уюмдун, же агымдын мүчөсү деген тизмеге илинип калуу оңой болчу жана аларга катаал мамиле жасалып келген эле.

Мекенине келе албаган өзбекстандыктар

Мекенине келе албаган өзбекстандыктар

“Азаттыктын” өзбек кызматынын иликтөөсүнө ылайык, учурда Өзбекстанда диний экстремизмге айыпталып, издөөгө алынгандардын саны 40 миңдей болушу ыктымал.

Өткөн жумада Өзбекстандын Анжиян облусунда жакындары диний экстремизм жана терроризм боюнча соттолуп түрмөдө жаткан үй-бүлөлөргө Жаза аткаруу кызматынан кат келди жана бул баары үчүн күтүүсүз болду. Жергиликтүү укук коргоочу Саиджахон Зайнобиддинов "Азаттыктын" өзбек кызматына уулу 17 жылдан бери абакта жаткан үй-бүлө тууралуу айтып берди:

- Мен мындай кат алган үй-бүлөлөрдүн бири менен сүйлөштүм. Аларга Жаза аткаруу кызматы жөнөткөн катта 2000-жылдан бери түрмөдө отурган уулунун жаза мөөнөтү аяктай турган күн тууралуу маалымат беришиптир. Катта түрмө жетекчилиги түрмөдө отурган жарандын ата-энесин өздөрү келип уулун алып кетишин өтүнгөн экен. Ал бала 27-сентябрда чыгып Анжияндагы үйүнө келет. Мен билгенден куду ушундай эле мазмундагы катты Анжияндагы бир канча үй-бүлө алды.

Буга чейин укук коргоочулар Өзбекстанда диний экстремизм-терроризм боюнча шектелип күч органдарынын тизмесине түшүп калуу оңой экенин, жазыксыз соттолуп кеткендердин көптүгүн жана аларга, үй-бүлөсүнө, тууган-уругуна катаал мамиле жасаларын билдирип келишкен. Анжияндагы укук коргоочу Саиджахон Зайнобиддиновдун пикиринде, азыркы бийлик диниятчыларга мамиле жумшара баштаганын көрсөткүсү келип жатат:

- Буга чейин түрмөдөн кат-кабар келген көрүнүш эзели болгон эмес. Менимче Шавкат Мирзиёев бийликке келгенден бери диний негизде соттолгондорго мамиле жумшара баштады. Убагында диний экстремизм боюнча соттолуп, абакта жазасын өтөп жаткандардын туугандарына кат-кабар жөнөтүү дин жолунда жүргөндөргө карата мамиле оң жагына өзгөрө баштады дегенди көрсөтүү аракети да болсо керек.

Мунун алдында өзбек бийликтери диний экстремисттик агымдын мүчөсү деп шектелип оперативдүү тизмеде турган 17 миңден ашык адам кадимки жашоого кайтканын маалымдаган. Маалыматта өкмөт мындай жарандардын социалдык маселелерин колдон келишинче чечип жатканы, маселен 9,5 миңдей киши жумушка орношкону, алардын бала-чакасы илим-билим, искусство, спорт жана башка ийримдерге катыша баштаганы айтылган.

Президент Шавкат Мирзиёев өлкөнүн эгемендик күнүнө арналган жыйында дин жолунан адашкандарга ырайым кылынат деп убада кылган:

- Биз тажрыйбасыздык кылып же билбей жолунан адашкан, деструктивдүү идеяларды жана агымдарды ээрчип кеткен жарандарды кадимки турмушка кайтарып келүүгө чоң көңүл бурабыз. Эгер биз аларды "жаман" деп бөлсөк, кол сунбасак, айкөлдүк кылбасак алар коомдон бөлүнүп, жат болуп калаарын унутпашыбыз керек.

Мындан көп өтпөй Өзбекстанда маале комитеттеринин, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн жана укук коргоо органдарынын кызматкерлеринен турган атайын топ Ички иштер министрлигинин оперативдүү тизмесинде турган үйлөрдү кыдырып тарбиялык маектешүүлөрдү да жүргүзө баштаганы кабарланды.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG