Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:36

Өзбекстан: автоунаанын азабы


Өзбекстанда чыгарылган автолордун бири
Өзбекстанда чыгарылган автолордун бири

Өткөн аптада Өзбекстанда жергиликтүү өндүрүштөн чыккан автоунаалар өзбек сумуна сатылары жарыяланды. Автосалондордун алдында эл батпай, машина сатып алуучу кардарлар узун кезекке тура башташты.

«Азаттык» радиосунун өзбек кызматына маалым болгондой, Ташкендеги автосалондордун дээрлик баарында кезекке тургандардын көптүгүнөн башаламан абал түзүлүп, милиция кызматкерлери элди тартипке чакыра баштады.

Кардар келишим түзгөндө автоунаанын баасынын 85% төлөп, кезекке жазылат. Келишим түзүү үчүн паспорт, салыкты толук төлөгөнүн күбөлөндүргөн аныктама керек. "Спарк", "Нексия", "Дамас" үлгүсүндөгү жаңы машине мингиси келгендер өткөн аптадан бери автомобил чыгаруучулар менен келишим түзүп жатышат. Документтер талапка жооп бергидей толтурулгандан кийин 2015-жылдын январь-февраль айларында жаркыраган автолор өз ээсин табат.

Ташкендеги салондордун алдында автоунаа сатып алам дегендердин саны бир нече миңге жетет.

Жергиликтүүлөрдүн айтканына ишенсек, күндүн аптабында кезек күткүсү келбегендер салондун кызматкерлерине ала турган машинесинин баасына жараша 500дөн 2 миң долларга чейин пара берип тизменин алдына өтүп кетишүүдө.

“Айла жок, дагы бир таңды ушул жерде атырам”,- деген Ахмат биринчи күнү каттоого илинбей калган. “Азыр акчаны машинеге салган баарынан пайдалуу. Өзбекстанда жаңы автоунаа сатып алууга мүмкүнчүлүк дээрлик жок болгондуктан, эски машинени жаңыдан кымбат сатып жиберсе болот. "Бир жыл такси кылып айдап, анан ижарага берем”,- деген Ахмат “Матиз” машинесине кызыгып турганын билдирет.

Анткен менен Ташкендеги автосалондордун баарынан эле эл каалаган арзан машинени табууга мүмкүн эмес. Салондордун биринин сатуучусу кардарлар көп кызыккан жана эң арзан «Матизге» келишим июлда, ал эми «Нексия» жана «Спарк» үлгүсүндөгү машинелерге келишимдер февралда эле токтогонун айтат. Учурда сатыкта "Кобальт", "Малибу" жана "Орландо" машинелери эле калган.

Өзбекстанда жыл сайын август айында кийинки жылга автоунааларды каттоого төлөмдөр кабыл алынат. Башка убактарда автоунааны ортомчулардан америкалык долларга гана сатып алууга мүмкүн. Ал эми доллар Өзбекстанда көмүскө базарда кыйла жогору курс менен сатылгандыктан, автоунаанын баасы дагы кымбатка түшүп калат.

Коңшу өлкөдө жергиликтүү өндүрүштөн чыккан автого болгон убактылуу кымгууттукка байланыштуу өлкөдө доллардын наркы түштү.

Өзбекстанда чыгарылган автоунаалардын басымдуу бөлүгү экспортко кеткендиктен, жергиликтүү калк машиненин баасынын 85% алдын ала төлөп коюп, бир жыл күтүүгө мажбур.

Ошол эле маалда Орусияда жана Украинада өзбек автомобилдеринин баасы Өзбекстандын өзүнө караганда бир жарым, эки эсе арзан.

Корей өндүрүүчүлөрү менен биргелешип түзүлгөн GM-Uzbekistan компаниясы "Нексия", "Кобальт", "Малибу", "Матиз", "Спарк" жана "Дамас" үлгүсүндөгү автоунаалардан жылына 250 миң даанасын чыгарат.

XS
SM
MD
LG