Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:45

Каримов: Өзбекстан Ирактын тагдырын кайталашы мүмкүн


Көпүрөгө илинген кара байрак. Ташкент, 28-август, 2014-жыл.
Көпүрөгө илинген кара байрак. Ташкент, 28-август, 2014-жыл.

Өзбек президенти Ислам Каримов 10-декабрдагы Путин менен болгон жолугушуусунда экстремизмге каршы күрөшүүгө жардам сурады. Ал арада ооган-түркмөн чек арасында дагы бир район талиптердин көзөмөлүнө өткөнү кабарланууда.

Ташкентте болгон эки презденттин жолугушуусунда Ислам Каримов Орто Азия аймагына Ооганстандан коркунуч өсүп баратканын айтып, орус президенти Путинден региондо экстремизм менен күрөшүүгө көмөк көрсөтүүсүн суранды.

Өзбек президенти Иракта жана Сирияда “Ислам мамлекети” тобунун мүчөлөрү көбөйгөнүн жана бул топтун бир канча өкүлү Ооганстанга кирип кеткенин айтып, Өзбекстан Ооганстан менен чектеш болгондуктан Ирактын тагдырын кайталап калуу коркунучу бар экенин жашырган жок:

- Ооганстандагы абалдын туруксуздугунан, терроризм жана маңзат агымынын көбөйгөнүнөн улам региондо коопсуздук маселелери келип чыгууда. Өзгөчө бизди бүгүнкү күндө куралдуу экстремиздин жана диний радикализмдин Орто Азияда гана эмес ага чектеш аймактарда да жайылып жатканы тынчсыздандырат.

Орус президенти Путин менен Ислам Каримов. Ташкент. 10-декабрь, 2014-жыл.
Орус президенти Путин менен Ислам Каримов. Ташкент. 10-декабрь, 2014-жыл.

Маалыматтарга ылайык, акыркы убакта 300гө жакын өзбек жараны Иракта жана Сирияда “Ислам мамлекети” кыймылын колдогон ар кандай аскердик топтордун катарында согушууда. Бул согушчандар Ооганстандагы экстремисттик топтор менен тыгыз байланышы бар экени да айтылууда.

Ушул жылдын март айында Сириядагы “Сабринин жамааты” аттуу өзбек жана дагестан согушчандарынан турган топтун “Ислам мамлекетинин” катарында согушуу үчүн ант бергени тууралуу маалымат тараган.

Мындан сырткары “Ислам мамлекетинин” өзбек террорчулары Иракта бир канча жанкечти жардыруу жасаган.

Ноябрь айында Сириядагы эң чоң өзбек аскердик кошууну “Бухори Жамааты” ооган талиптеринин башчысы молдо Омарды колдоого ант берген болчу. Ал кошуундун лидери, көмүскөдөгү таасирдүү адам катары эсептелген Шейх Салахуддин Сирияга барганга чейин көп убакыт Ооганстанда болгону белгилүү болгон. Бул топ Сириядагы "Жабхат ал-Нусра" тобунун катарында Алепподо согушуп жүргөнү жөнүндө видео тасма да бар.

Расмий Ташкент Ооганстандагы бейрасмий Өзбекстан Ислам кыймылынын (ӨИК) Ирак жана Сириядагы “Ислам мамлекети” тобу менен байланышы болгондуктан алар өлкөгө коркунуч туудуруусуна тынчсыздануусун билдирүүдө.

Ушул жылдын август айында Ташкенттин борборундагы көпүрөдө “Ислам мамлекети” тобунун желеги илинип тургандан кийин ӨИКтин “Ислам мамлекети” менен бекем мамиледе болууга касам ичкени белгилүү болгон.

Сириядагы өзбек согушкерлери молдо Омарды колдоого ант берүүдө.
Сириядагы өзбек согушкерлери молдо Омарды колдоого ант берүүдө.

Ал арада ооган-түркмөн чек арасында жайгашкан Хамяб районун талиптер басып алганы айтылууда.

Түркмөнстандын Жоушян аймагынын милиция башчысы “Азаттыктын” түркмөн кызматына берген маегинде, түркмөн күчтөрү Хамябда талиптер менен атышып бирок артка кайтканга аргасыз болгонун, жолдо аларды талип согушкерлери кайра ок менен тосуп алып, түркмөндөрдүн райондук террорго каршы күчтөрдүн башчысы менен кошо эки жоокер каза болгонун кабарлады.

Бирок бул маалыматтарды расмий Кабул али тастыктай элек.

Буга чейин Ооганстандын Түркмөнстан менен чектеш дагы бир Кайсыр районун талиптер басып алганы айтылган эле.

Эгемендикти алгандан бери чек ара маселесине анча көңүл бурбаган түркмөн бийлиги ушул жылдын октябрь айынан бери Ооганстан менен чектеш аймактарына бийик дубал тургузуп жана аң казып, жаңы чек ара постторун жайгаштырып баштаган.

Макаланы "Азаттыктын" стажеру Баатырбек Алымкулов даярдады.

XS
SM
MD
LG