Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:26

Миграция аялдарды кылмышка түртүүдө


Абактагы аял
Абактагы аял

Чет элде жүргөн борборазиялык аялдардын жоруктары соңку кездери маалымат булактарында башкы темага айлана баштады.

Башка мамлекетте иштеп жүргөн борборазиялык аялдардын бири баласын сатканы, дагы бири адам өмүрүн кыйган оор кылмыш жасаганы тууралуу күч органдары да байма-бай кабар таратууда. Сыртта жүргөн аялдарды кылмышка аралашып, жосунсуз аракеттерди жасоого эмне түртүп жатат?

Түркияда өзүнүн үч жашар кызын аёосуз сабап жаткан өзбекстандык аялдын жоругу тартылган видео ушул күндөрү кызуу талкууланууда. Бул кылыгы үчүн Түркияда 36 жаштагы Гүлчехра Исакуловага кылмыш иши козголду. Жолдошунун арызынын негизинде энелик укугунан да ажырады. Май айында сот аны беш жылга чейин түрмөгө камоо өкүмүн чыгарышы ыктымал.

Жергиликтүү булактардын кабарына ылайык, Мерсин шаарында жашаган Гүлчехра Исакулова кызын сабап жатканын былтыр декабрда өзүнүн жээни телефонго тартып алган. Бул тасма кийин интернетке тарап кеткен. 30 жаштагы жолдошу Хасан Тайфун тасманы көрүп, сотко кайрылган жана аялы менен ажырашкан.

Быйыл март айында Москвада эки жашар кыздын кесилген башын көтөрүп жүргөн самарканддык аялдын жоругу да дүйнөнү дүңгүрөттү эле.

Прагада журналист болуп иштеген өзбекстандык Садриддин Ашур соңку кездери өз ишмердигинде ушундай окуяларга көбүрөөк туш келе баштаганын айтат:

- Бул бир гана өзбек аялдарынын арасында эмес, чет жакта жүргөн борборазиялык аялдар арасында да көбөйө баштады. Буга менталитеттин таасири бар. Мисалы, баласын сатып жибергендер, ымыркайды көчөгө калтырып кеткендерди алалы. Себеби, анын көбү никесиз төрөлгөн. Аны башкалар билсе, шерменде болорун ойлошуп, ушундай кадамдарга барып жатышат. Ал эми жырткыч мүнөзгө айланган мигрант аялдарга социалдык абал, туруксуздук таасирин тийгизип, психологиялык сокку берет.

Жакында Москвада иштеп жүргөн кыргызстандык 25 жаштагы кыз таанышы менен уюшма кылмыш топ түзүп, мекендештеринин батирлерин тоноп жүргөнү аныкталган эле. Кийинчерээк милиция ал кыздын жасаган ишине бушайман болгону тартылган видеону чыгарган:

- Уурдалган нерселерди төлөп берейин. Канча болсо төлөйүн, бирок арыз жазгандар арыздарын кайтарып алышсынчы, суранам,- деп жалынган эле ал кыз.

Инаш Азим
Инаш Азим

Стамбулдагы Айдын университетинин ага окутуучусу, кыргызстандык Инаш Азим Түркияда кыргызстандык аялдар катышкан кылмыштар тууралуу дээрлик укпаганын, бирок айрым гезиттер кээде кыргызстандык кыздардын сойкулук менен алектенип жүргөнү тууралуу кабар жазган учурлары болорун айтат.

Мунун баарын үй-бүлөдөгү тарбиядан көргөн маектешибиз борборазиялык аялдардын башка мамлекетте жүргөн кезинде жосунсуз аракеттерге баруусуна, биринчиден, өз жашоосундагы социалдык фактор да роль ойносо, экинчиден, чет элдеги менталитеттин таасири тийиши мүмкүндүгүн божомолдойт:

- Орусияга барса башка менталитет, Европада башка, Түркияда башка менталитет. Сырттан келип, анын үстүнө жумушу да жок адам мындай учурда чар жайыт ойлордун кучагында калып, жашоодогу өз ордун таба албай кыйналат. Ошол кездеги рухий боштук аны ар кандай кылмыштарды жасоого же туура эмес иштерге барууга шарт түзөт.

Серепчилер чет жерде аялдардын ар кандай кылмыштарга баруусуна чөйрөсүндөгүлөр же болбосо анын абийирине тийген окуялар да таасир бериши мүмкүндүгүн айтышат. Айрым божомолдорго караганда, Борбор Азиядан башка мамлекетке барып иштеп жүргөн аялдарга мекендеш эркектердин көзөмөлүнүн күчтүүлүгү, алардын эркин жүрүшүнө койбой кысым көрсөткөндүктөрү да түрдүү кылмыштарды жасаганга түртүшү ыктымал.

XS
SM
MD
LG