Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:53

Нике күбөлүгүнө айланган метрикалар


Нике күбөлүгү деген микрошрифт басылып калганы үчүн кыргызстандык балдардын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү Орусияда жараксыз деп табылган.

Кыргызстанда 2012-2013-жылдары төрөлгөн балдарга берилген күбөлүктөрдүн жараксыздыгы өткөн жылдын этегинде аэропорттон өткөн мигранттардын балдарынан улам билине баштаган. Анткени бланк кагазында "никелешүү тууралуу күбөлүк" деп жазылып калган. Учурда эл бул катачылыкка жол бергендерди жоопко тартууну талап кылууда.

Жалал-Абад шаарынын тургуну Мурат Баев эки небересин Орусиядагы ата-энесине алып баратып, Ош аэропортунан артка кайтууга аргасыз болгон. Анткени үч жана төрт жаштагы неберелеринин туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жараксыз болуп, учууга уруксат беришкен эмес. Эми ал кайрадан документ иштери менен алек болууда.

- Уул-кызым Москва шаарында иштейт. Ал жактан мага ишеним кагаз даярдап жөнөткөн соң билет алып, Москвага учууга камынып жатканбыз. Бирок неберелеримдин туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрү жасалма болуп чыгып, бизди аэропорттон эле артка кайтарышты. Эми билетибиздин акчасын ким төлөп берет? Күбөлүктү алмаштыруу үчүн да ата-энесинин уруксаты керек экен. Орусиядагы балдарым экинчи жолу ишеним кагазын даярдап берип жиберишти. Азыр балдарын туугандарына таштаган мигранттар көп. Эми алардын тагдыры эмне болору белгисиз.

"Жалал-Абад облусунда эле 8 миңден ашык баланын мындай күбөлүгүн жаңыртуу зарыл. Ал үчүн ата-энелер эски күбөлүктү кайра тапшыруусу керек", - дейт Жалал-Абад шаарынын жарандык актыларды каттоо бөлүмүнүн башкы адиси Нурия Азимбаева.

- Бизге 2012-2013-жылы туулгандыгы тууралуу күбөлүктөр келип түшкөн. Бул "Учкун" акционердик коомунун басмаканасында басылып, сапатсыз болгондуктан азыр баарын алмаштырууга туура келип жатат. Жалал-Абад облусуна 8 200, ал эми шаардын өзүнө 800 күбөлүк берилген. Чет мамлекетке учкан балдарга кыйынчылык жаралып, ата-энелери кайра алмаштырганы жатат. Бул жагдайды эл туура түшүнүү менен кабыл алышса дейм.

Балдарга берилип кеткен жараксыз күбөлүктөрдүн саны өлкө боюнча 40 миңден ашат. Бул иш боюнча азыр Башкы прокуратура тарабынан кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери жүргүзүлүүдө дейт Нурия Азимбаева.

- Бир караган адамга күбөлүктүн жараксыздыгы билинбейт. Ультра гүлгүн нур менен гана анны "никелешүү тууралуу күбөлүк экени" даана көрүнөт. Демек бул документ жараксыз болуп эсептелинет. Бул багытта прокуратура тарабынан иш козголуп, азыр тергөө жүрүп жатыптыр. Бул жарандык актыларды каттоо бөлүмүнүн айыбы эмес.

Балдардын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү туура эмес жасалгандыгына байланыштуу кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүп жаткандыгын Башкы прокуратуранын маалымат кызматынан ырасташты. Башкы көзөмөл органдын Маалымат жана коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн кызматкери Нурлан Тагаев буларга токтолду:

-​ Күбөлүктөр жасалма болуп калган факты боюнча Башкы прокуратура тарабынан кылмыш иши козголуп, бүгүнкү күндө тергөө жүрүүдө. Тергөөнүн жыйынтыгы боюнча дагы кошумча маалымат беребиз.

"Учкун" басмаканасынын мурдагы жетекчиси, азыр Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков күбөлүктөр жараксыз болуп калгандыгы басмакананын күнөөсү эместигин билдирди. Анын айтымында, күбөлүктөрдүн мазмунуна басмакана эмес, буйрутма берген тарап жоопкер болгон.

Деген менен адистер январь айынан тартып тургундарга маалымат таратып, жараксыз күбөлүктөрдү алмаштырууга үндөшүүдө. Бул багытта алар мектептерге кат жөнөтүп, окуучулар аркылуу ата-энелерге кабарлап жатышканын Сузак районундагы Сафаровка мектебинин директору Сиражидин Исмаилов билдирди.

- Өткөн жумада мектепке райондук жарандык актылардын абалын каттоо бөлүмүнөн кат келди. Анда 2011-жылдын май айынан, 2013-жылдын декабрына чейин төрөлгөн балдары бар ата-энелерге күбөлүктөрдү алмаштыруу керектиги эскертилип, окуучулар аркылуу айттырып коюусун өтүнүшкөн. Биз чогулушта бул тууралуу аларга маалымат бердик. Менин өзүмдүн кызымдын да күбөлүгү туура эмес экен. Айла жок алмаштырууга туура келет.

Кыргызстанда берилген расмий документтин Орусияда жараксыз болуп чыгышы алгачкы жолу эмес.

Мамлекеттик каттоо кызматы берген айдоочулук күбөлүктөр да Жол кыймылы тууралуу Вена конвенциясынын талаптарына толук жооп бербегендиктен Орусияда жараксыз деп табылган.

XS
SM
MD
LG