Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:52

Арзан сулуулуктан азап


Туура эмес косметиканы колдонуу ар кандай илдеттерди пайда кылышы мүмкүн.
Туура эмес косметиканы колдонуу ар кандай илдеттерди пайда кылышы мүмкүн.

Ар бир аял сулуу болгусу келет. Бул үчүн сулуулук каражаттарын сөзсүз сатып алат. Тамак-аш, ичимдиктен кийин эле эң көп сатылган нерсе - косметика.

Биздин базарлардан да косметиканын ар кыл түрүн тапса болот. 20 сомдон башталып, эң кымбаты 20 миң сомго чейин базар, соода-борборлордун текчелерин кооздогон сулуулук каражаттарынын бардыгы эле саламаттык үчүн коопсузбу?

"Арзандын тузу татыбайт"

Борбор шаарыбыздын чок ортосундагы, Чүй - Манас көчөлөрүнүн кесилишиндеги жер алдындагы өтмөктө сатуучу болуп иштеген Анара айым өзү сатып жаткан арзан баадагы косметикалык каражаттардын бардыгын Орусиянын белдүү фирмаларынан атайын тастыкталган документ менен аларын, анын каражаттары Oriflame, MaryKey сыяктуу жарнамасы мыкты тармактык соода бренддерден кем калбастыгын айтат:

- Кардарларыма арзан баадагы упа, бетмай сурап калса оригинал эмес, Кытайдыкы деп ачык эле айтам. Кытайдын бет майларын сатпайм. Мен товарымды көбүнчө Орусиянын тастыкталган фирмаларынан сатып алам. Ал эми Европа маркалары болсо Орусия ортомчу фирмалары менен бизге келет. Кардарга болгонун ачык эле айтам. 60 сомдук “Вечер” деген Москванын “Свободасынан” чыккан бетмай менен, маселен Германиянын Nivea маркасындагы бетмайдын эч кандай айырмасы жок. Экөөнүн таасири бирдей.
Ал эми эң эле арзан баадагы косметиканы “Ош базарынан” 20 сомдон өйдө сатып алса болот. Маселен MaxFactor, Chanel сыяктуу дүйнөлүк бренддердин көз боёгу базарда 100 сом, ал эми ушул эле көз боёк “Айчүрөк” соода борборунда 1500 сомдон жогору турат. Азыркы студенттер, айрыкча айылдан келген жаш кыздар базардан же жер алдындагы өтмөктөн арзан косметиканы көп сатып аларын Анара айым да тастыктады.

Туура эмес косметика ар кандай илдетти жаратат


Сатып алып жатканда айымдардын дээрлик көпчүлүгү сатуучуга “оригиналбы”, “баасы канча?” деген гана эки суроо берет. Арзан сулуулук каражаттарын пайдаланып, териси жабыркагандардын саны арбын экенин Кыргыз мамлекеттик медицина академиясынын саламаттыкты сактоо борборунун врач-косметологу Аида Нарыбаева да ырастады:

- Бизге кайрылгандардын көпчүлүгү – жаштар. Алар арзан же туура эмес косметикалык каражаттарды колдонуудан жабыр тартат. Бирок алгач бизге кайрылганда эмнеден улам аллергия болуп жатканын билбей, айта алышпайт. Анан биз аларды сурамжылап, кандай бетмай сүйкөнгөнүн, эмне тамак жегенине чейин изилдеп чыгып, косметикадан териси ууланып калганын аныктайбыз. Кайсы бетмайдан, упадан же башка каражаттан ооруп калышканын өздөрү деле билбей калышат. Эгерде туура эмес косметиканы алып алса, же терисине жакпай калса аллергия, дерматит оорулары пайда болот.

Аида Нарыбаева жарнамасына чүрөктөй кыз тартылган косметика же базардагы арзан каражатты ар бир айым өзүнүн терисине карап гана тандашы керектигин да кошумчалады:

- Кыздар, негизи эле аялзаты терисинин өзгөчөлүгүнө карап, кургак болсо кургак тери үчүн бетмай жана тазалык каражаттарын, же тескерисинче майлуу болсо майлуу тери үчүн бетмай тандашы зарыл. Базардагы косметикалардын ичинен деле жакшы сапаттагыларын тапса болот. Сатып алып жатканда сатуучулардан мөөнөтүн, анан сапатын тастыктаган сетрификатты сураш керек.

Кыргызстанга эсеби жок кирип жаткан косметикалык каражаттарды Саламаттыкты сактоо министрлиги тескебейт. Заманбап косметикалык каражаттардын составында парабен, натрий сульфаты, триклозан жана уулуу кислоталар бар. Аларды туура эмес колдонсо жөнөкөй тери оорусунан тарта дем алуу органдарынын начарлоосу, тери рагы жана мээнин шишип кетүүсү сыяктуу коркунучтуу натыйжаларга алып келет. Андыктан саламаттык үчүн сулуулук каражаттарынын кымбатына же арзанына эмес, ар ким өзүнө ылайыгына көңүл бурганы оң.
  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG