Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-ноябрь, 2020 жума, Бишкек убактысы 15:16

Чернобыль АЭСине жакын токойдогу өрт өңдүрүштүк аймакка жакындап калды


Чернобыль АЭСинин тегереги өрттөнүп жатат. 12-апрель, 2020-жыл.

Украинадагы Чернобыль атомдук электр станциясынын аймагындагы токойдо чыккан өрт 1986-жылы жарылуу болгон төртүнчү блокко жакындап калды. Жалындын жайылып баратканын NASA – FIRMS сайтынан көрсө болот.

13-апрелдин кечинде жалын өндүрүштүк аянттагы былтыр курулушу бүткөн жабууга жетти. Жалын мурдараак өзөктүк ишкананын батыш тарабынан каптап жатса, эми түштүк тарабында да учкун тутанды. Бул тууралуу «Интерфакс» агенттиги Киевдеги расмий булактарына таянып жазды.

Өрт 1986-жылкы апааттан кийин ээн калган Припять шаарына жана андан эки чакырым жердеги радиоактивдүү калдыктар сакталган жерге жакындап калганын жергиликтүү экологдор кабарлашты.

Бир апта ичинде жалын 3000 гектардай аянтты каптады. Аймакта радиациянын деңгээли жогорулады.

1986-жылдын 26-апрелинде Чернобылдагы атомдук станцияда жарылуу болгон. СССР жетекчилиги бул кырсыкты оболу жашырып-жаап, кийин бул каргашанын айынан 31 киши өлгөнүн билдирген. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматы боюнча анда 9000дей киши каза тапкан. «Гринпис» уюму болсо кырсыктын кесепети 200 миң кишинин өмүрүн алган деп эсептейт.

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG