Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
ишемби, 28-март, 2020 Бишкек убактысы 20:44

Кытайда коронавирус жугузуп алгандар кескин азайды


Бээжин. 11-март, 2020-жыл.

Кытайда коронавирус күч алгандан бери соңку бир суткада бул илдетти жугузуп алгандар эң аз катталды. Улуттук саламаттык сактоо комиссиясы 12-мартта тараткан маалыматка караганда, COVID-19 вирусуна 15 адам кабылган.

Алардын жарымы оорунун очогу болуп саналган Ухань шаарында катталды.

Өлкө аймагында аталган илдеттен 11 киши көз жумду. Өлгөндөрдүн жана жугузуп алгандардын саны азайганы менен Кытай вирус эң көп жайылган мамлекет бойдон кала берүүдө. Жалпысынан бул ооруну жугузуп алгандардын саны 81 миңге чукулдаса, каза тапкандардын саны төрт миңден ашат.

Пикирлерди көрүңүз (1)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG