Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:16

Кытай: “жолборстун” жарнакташтары жазаланды


Кытайда “жолборстун” кызматташтары кесилди
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:59 0:00

Цзян Цземинге өкүм чыгарылып жаткан учур. 12-октябрь, 2015-жыл.

Кытай соту кечээ коррупциялык эки ири иш боюнча өкүм чыгарды. Жогорку даражалуу мурдагы эки аткаминердин бири он алты жылга, экинчиси он үч жылга түрмөгө кесилди.

Кытай Улуттук мунай компаниясын (China National Petroleum Corp.) мурдагы башчысы Цзян Цземинге 16 жылдык түрмө жазасын дүйшөмбү күнү өлкөнүн борбордук бөлүгүндөгү Хубэй провинциясында шаардык сот чыгарды.

Коррупция боюнча айыпталган Цзяндын иши боюнча соттук териштирүүлөр быйыл апрелде башталган.

Ал 2004-2013-жылдар аралыгында 14 миллион юань же 2,2 миллион доллар өлчөмүндө пара алган деп күнөөлөнүп, мамлекеттик медиа кабарлагандай, кылган кылмышын моюнга алгандыктан сот жазаны жеңилирээк чектеди.

Чжоу Юнкан. 2007-жылы тартылган сүрөт.
Чжоу Юнкан. 2007-жылы тартылган сүрөт.

Хубэй провинциясынын соту коррупциялык иш боюнча дүйшөмбү күнү чыгарган дагы бир өкүм менен Сычуан провинциясында мурда партиялык комитет катчысынын орун басары болгон Ли Чунчэнге 13 жылдык түрмө жазасы берилди.

Ал кызматта турган кезде 19,8 миллион юань же 3,1 миллион доллар пара алды деп айыпталган.

Кытайдын коррупцияга каршы күрөшүү практикасында бул сот өкүмдөрү өтө эле жумшактай көрүнгөнү менен, эл аралык маалымдоо каражаттары кесилгендер Кытайдын бир кездеги таасирлүү жетекчилеринин бири, коомдук коопсуздук боюнча мурдагы министр Чжоу Юнкандын кызматташ жана өнөктөштөрүнөн болгонуна көңүл буруп жатат.

Антикоррупциялык өнөктүк

Чжоу Юнкан азыркы президент Си Цзинпиндин үч жылдан берки антикоррупциялык өнөктүгүндө кылтакка илинген партишмерлердин азырынча эң жогорку даражалуусу бойдон калууда.

- Биз партиянын Борбордук комитетинин антикоррупциялык саясатын чечкиндүүлүк менен ишке ашырып жатабыз. Түрдүү деңгээлдеги 55 миңден ашуун кызмат адамы тартылган 41 миңден ашуун кылмыш ишти кылдаттык менен текшерип чыктык. Борбордук жетекчиликтин жактыруусу менен Жогорку элдик прокуратура кылмышты аныктоо жана алдын алуу механизмдерин оңдоду. Аныктоону, багыт берүүнү, координациялоону жана башка иштерди күчөтүү үчүн коррупцияга жана паракорчулукка каршы жаңы борбордук кеңсе уюштурду. Биз “жолборстордун да, чымындардын” да изине талыкпастан түшүп жатабыз. Коррупция, паракорчулук жана мамлекеттик актив максатсыз колдонулган учурлар боюнча 3664 кылмыш ишти тергедик, - деп билдирген эле Кытайдын башкы прокурору Цао Цзянмин быйыл мартта парламент сессиясында отчет берип жатып.

Баш прокурордун баяндамасындагы “жолборстор” жана “чымындар” деген аныктама президент Си Цзипинге таандык.

Ал 2012-жылы бийликке келгенден кийин партиялык чиновниктер арасында коррупциянын тамырын кыркууну өз ишинин борбордук бөлүгү кылып жарыялаган, тазалоо партиянын төмөнкүсүнөн жогорку тепкичиндегилерге чейин жүргүзүлөрүн убада кылган.

Талдоочулар чын эле Кытайда антикоррупциялык өнөктүк бардык тармактарды камтыганын, бирок бутага алынып жаткан жогорку даражалуу кызматчылар буга саясий жүйөдөн улам кириптер болгон жокпу деген суроолор да бардыгын белгилешет.

Чжоу Юнкандын соту. 11-июнь, 2015-жыл.
Чжоу Юнкандын соту. 11-июнь, 2015-жыл.

Паракорчулукка жана коррупция боюнча айыпталып, быйыл июнда жабык сотто өмүр бою түрмөгө кесилген Чжоу Юнкан кытай президенти Си Цзинпин айткан “жолборстордун” бири.

72 жаштагы Юнкан 2012-жылы пенсияга чыкканга чейин 2002-2007-жылдары Коомдук коопсуздук министрлигин башкарган, Саясий бюронун туруктуу комитетинин мүчөсү болгон жана Кытайдагы эң кубаттуу партишмерлердин бири деп саналчу.

Ал эми ушул дүйшөмбү күнү 16 жылга кесилген Цзян Цземин, 13 жылга соттолгон Ли Чунчэн мурда Чжоу Юнкандын жакынкы өнөктөштөрү жана кызматташтары болгон.

Анткени, Юнкан да 1990-жылдардын орто ченинде дүйнөдөгү эң ири энергетикалык компаниялардын бири – Кытай Улуттук мунай компаниясын (China National Petroleum Corp.), 1999 -2002-жылдары Сычуан провинциясында партиялык уюмду башкарган.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG