Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 11:58

Кытай өкмөтү экономикалык өсүштү убада кылды


Кытай өкмөтү быйыл экономика 7,5 процентке өсөт деп мерчемдейт. Мындай билдирүүнү Элдик конргесстин ачылышында сүйлөгөн кезинде премьер-министр Вэн Цзябао жасады. Жыйында былтыр жыл этегинде шайланган жаңы жетекчилер кызматтарына расмий киришмекчи.

Кызмат мөөнөтү аягына чыгып жаткан премьер-министр Вэн Цзябао парламенттин кезектеги сессиясынын алгачкы күнүндө өкмөттүн максаттары менен тааныштырды:

- Ар тараптуу анализден кийин быйылкы жылдын экономикалык өсүшүн 7,5 процент деп белгилөөнү туура таптык. Бул максатка жетүү үчүн катуу иштешибиз керек.

Жыйындын 3 миңдей делегатынын алдына премьер-министр катары акыркы доклады менен чыккан Вэн Цзябао өкмөт өсүштү камсыздоо менен катар социалдык программаларды да көңүл сыртында калтырбайт, коррупция, айлана-чөйрөнүн булганышына каршы күрөштү уланта берет деп ишендирди. Атап айтканда, капчыгы жука адамдардын пенсиясын көтөрүү маселесине өзгөчө көңүл бурулмакчы. Цзябаонун айтымында, экологиялык кырдаал катардагы кытайлардын бакубаттуулугуна жана улуттун келечегине таасир этүүдө.

Аны менен бирге Кытай 5 жыл мурункудай эле экономикалык проблемаларга туш болууда, - деп кошумчалады премьер.

- Акыркы 5 жылда финансылык кризистин залакаларына жооп кайтаруу менен алектендик. 100 жылда бир болчу терең кризистин кесепеттери экономикага катуу тийди. Биз ага туруштук берип, макро-экономиканы башкаруу эрежелерин чечкиндүү түрдө кырдаалга ыңгайлаштырдык. Биз ички керектөөнү бара-бара көбөйтүүнүн, экономиканын стабилдүү жана салыштырмалуу ыкчам өсүшүн камсыздоонун саясатын иштеп чыктык.

Ички дүң продуктусунун өсүшүнө жетишүү үчүн Бээжин өкмөтү 2013-жылы бюджет сарптоолорун көбөйтүүнү пландаштырып жатат.

Өкмөт ошондой эле аскерий чыгымдарды үстүбүздөгү жылда 10,7 процентке жеткирүүнү көздөөдө. Ошентип ал тармакка 740,6 миллиард юань же 1,19 миллиард доллар жумшалмакчы. Бул - өткөн жылкыга караганда бир аз төмөнүрөөк.

Жыл сайын Кытай армиясынын бюджети көбөйтүлүп жүрөт. Бирок байкоочулар расмий сандар ылдыйлатып көргөзүлөөрүн ырасташат. Кытайдын аскердик чыгымдарына Бээжин менен аймактык талаштарга кириптер болгон кошуна өлкөлөр менен катар АКШ жакындан байкоо салышат.

17-мартка чейин созулчу сессияда парламент Вэн Цзябао докладын жана бюджетти бекитип, мамлекеттин жаңы лидерлери бийликти өткөрүп алышмакчы.

Өкмөт башчылыкка азыркы вице-премьер Ли Кэцян бекитилет деп күтүлүүдө, ал эми Си Цзинпин Ху Цзинтаонун ордун басат.

Цзинпин өткөн ноябрда 82 миллиондой мүчөсү бар Коммунисттик партиянын курултайында партия төрагасы болуп дайындалган.

XS
SM
MD
LG