Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:33

Кымыз ичкендики, кыз ала качкандыкыбы?


"Азаттык" үналгысынын кыз ала качууга арналган видео тасмасынан сүрөт, 2010-жылдын май айы
"Азаттык" үналгысынын кыз ала качууга арналган видео тасмасынан сүрөт, 2010-жылдын май айы

Кыз ала качуу кытайлык кыргыздарда казактар менен аралаш жашаган Или кыргыздарында гана сакталып калган шекилдүү. Тааныбаган, билбеген эле жигиттердин олжосу болуп кеткен кыздардын кээсинин оту жарашса да, кээсинин ою бирикбей ажырашып тынган учурлар көбөйө баштагандыгы байкалат.

Он гүлүнүн бири ачыла электе соолуган Жамал

Азыр жыйырма нече жаштагы бир келин 10 нече жыл мурда башынан өткөн көңүлсүз окуяны терең улутунуп отуруп айтып берди. Ал кезде Жамал (өз аты эмес) 15 жашта, 7-класта окуп жүргөн экен. Бир күнү кечке жуук өзүнүн эле жакын туугандарынын кызы үйүнө алып барып, ошол жерден күч менен машинага сүйрөп чыгып, коңшулаш айылдык бир жигиттин колуна салып берген экен:

- Мектепке барчу жолдо да түз баспай, суу бойлоп, таштан-ташка секирип ойноп барчу секелек кезим эле, досторумдун эч кимиси турмушка чыга элек болчу. Алып качат деген үч уктасам түшүмө кирген эмес. Ага чейин бир гана жолу жаштар чогулган соорунга (отурушка) баргам. Жигиттер мага тигиле карап, улам бири жарыша бийге тартышса, мен жөндөп бийлей албай, сүрдөгөнүм эсимде. Чын эле сулуу турбайымбы деп өзүмдү аябай бактылуу сезгем.

Ошентип, өзүнүн эле тууганы ала качтырганда, жол бою машинанын ичин туш келди тепкилеп, айнегин чагып салат, ага болбой эки жигит тырыштыра кармашат:

- Жигиттин үйүнө барган соң көп аялдар «Боз салкындагыдай» күчкө салып отургузушту. Кайын энем менен кайын атам жакшы кишилер, уулу деле жаман киши эмес. Менден он жаш улуу болчу. Жакшынакай жумушу да бар экен. Бирок эч жактыра албай койдум. Жүзүн карабайм, сүйлөбөйм. Мага ыза болуп көп иччү болуп алды. Аны менен бирге болгон алгачкы түндү ойлосом азыр да денем титирейт. Мен үчүн эч күтүүсүз болгон. Ошондон кийин жатаарда белимди жип менен нечен сыйра ороп, чийе кылып байлап салчумун. Мас болуп келип белимдеги жипке асыла берип, акыры чарчап уктап калчу. Бир туруп жалынып-жалбарат, бир туруп бычак ала жүгүрүп, «Өлтүрөм!» деп кубалайт. Мен да өлүп калгым келип, мойнума сыйрытмак салган күндөр болду. Ажалым жок экен, билип калышыптыр, үлгүртбөдү.

Жамал ошентип ал жерде болгону эки жарым ай туруп, анан ажырашып тынган. Тигил жигит ага чейин да бир кызды алып качып келсе, аны кыздын бир туугандары кайра алып кетиптир.

- Эки жарым ай өтүп ажыраштык. «Мен чоң жаңылдым. Болгондо да катарынан эки жаңылдым, кечир!» деди күйөөм ошондо. Көрсө мурда да биздин айылдан бир кызды алып качып кетиптир. Ал кызды ата-энеси Казакстанга окууга жиберебиз деп документтерин жаңы эле даярдап бүткөн кез экен. Агалары барып тартып кеткен соң ызага жеңдирген неме: «Дал ошонун эшигинин алдынан өткөн кызды алып качам» деп бекиптир. Анан ошентип кайра келгенде базардан мага көзү түшүптүр. Базарда мени сынай тиктеп турса мен ага балалык баёо сезим менен жылмайып койгон окшойм, агамдай көрүп...

Ошол боюнча Жамал окубай калган. Жети-сегиз жыл үйдө жүрүп жакында өзүнөн 15 жаш улуу бирөө менен баш кошконун айтты. Айтса азыркы турмушуна да ыраазы эместей көрүндү. «Менин гүлүм ачылбай туруп соолуган» десе, кирпигинен жаш кылгыра түштү.

Кыз ала качуу кайдан келген?

Кытайлык кыргыз изилдөөчү, педагог Токтосун Асанбек «Кыз ала качуу мурдатан эле болгон, ага биздин эл ооз адабиятыбыздагы айрым ашыктык дастандар күбө» дейт. Бирок өзгөчө абалдарда гана кыз-жигит ушу жолду тандоого мажбур болгонун айтат. Мисалы изилдөөчү өзү турган дубанда кыз ала качуу мурда көп болгон эмес. Кыз менен жигиттин ата-энеси сүйлөшүп туруп эле, калыңын бүтүшүп, тоюн жасап койгон. Айрым учурда кыз ата-энеси тапкан жигитти жактырбай, өзүнүн башка сүйгөнү болсо ак бата, кызыл канды кечип качып кетүүгө аргасыз болгон.

- Кыз ала качуу кыз менен жигиттин баш кошуусуна ата-энелери макул болбой койгон абалда, же калың мал ыксыз көп болуп кеткен кезде эки жаштын аргасыз тандап алган жолу болгон болушу мүмкүн,- дейт Токтосун Асанбек мырза.

Кыздарды ата-энесинин ыраазылыгысыз эле ала качып алууга бүгүн Токтосун мырза каршы. Анткен менен өзү да жубайын өз кезинде ала качуу жолу менен алган:

- Энем эс тарта элек кезимде эле каза болуп кетиптир. Окууда жүргөн кезимде атам да о дүйнөлүк болуп кеткен экен. Жалгыз уулмун, бир эжем бар. Анан сүйгөн кызым менен үч жылча сүйлөшүп жүрүп, кайыл кылып дегендей, 1989-жылы ала качып алгам. Кайын журтум деле, эл деле туура түшүндү. Бала кезимде мындай көрүнүш өтө аз болчу. Кызы качкан жак ала качкан жигиттин үйүнө бастырып барышып, казан аягын чагып, боз үйлөрдүн капшытын талкалап кеткен кездер болгон.

Кыргызстандан соккон «жел аргы»

Сураштырсам, кийинки кезде кыздарды тамакка чакырып чыгып эле, алдап алып кеткендер, же эркинен тыш күч менен ала качып кеткендер көбөйгөн. Токтосун Асанбектин айтымында, өкүмөт бул ишти көзөмөлгө алган. Кыздын жакындары кызга жолугуп, кыздын эрки менен баргандыгын тактамайынча жана кызыл кагаз кесилмейинче (мамлекеттик катоодон өтмөйүнчө - ред.) молдонун нике кыюга уруксаат жок. Бирок «таш түшкөн жеринде оор» деп, кызды барган жерден алып кеткендер жокко эсе.

-Азыр бирөөнү кокусунан ала качып кеткендер көбөйдү, алардын көпчүлүгү кийин жакшы болбойт экен. Кийинки кезде бул жорукту кыргызыстандык кыз ала качуу жөнүндөгү кинолор ансайын ашынтып жиберди окшойт. Биз балдарыбызга дайым «бул жолду тандабагыла» деп айтабыз. "Кудай буйруса, балдарыбыздын тапкан кызынын ата-энесинин алдына барып, ыраазылыгын алып, илгерки ата-бабанын салты менен алууну тилек кылып келебиз",- дейт изилдөөчү Токтосун Асанбек.

Айрым маалыматтарга таянсак, эркинен тыш олжолонуп барган кыздар өзүн-өзү өлүмгө түрткөн, натыйжада өмүр бою айыпбас оор майып болуп калган фактылар да жок эмес.

Таң калыштуусу кыз ала качуу көрүнүшү кытайылык кыргыздардын тек Шинжаңдин түндүгүндөгү Казак автоном обуласындакы эки кыргыз улуттук айылында гана бар. Буга коңшулаш казак улуту да чоң таасир бергендей. Себеби кытайлык казактардын дээрлик 60-70 пайызы ушул жол менен үйлөнүшөт экен.

Ал эми кытайлык кыргыздардын басымдуу бөлүгү жашаган Кызыл-Суу аптоном обуласында мындай көрүнүш өтө аз учурайт. Чындап келгенде «кызды ала качса болот экен» дегенди укса, кызылсуулук кыргыздар муну өтө күлкүлүү жана мүмкүн эмес нерсе катары элестетишет.


Бектур Илияс
2011-жыл ноябр. Үрүмчү

P.S. Автордун жазуу стили сакталды.

XS
SM
MD
LG