Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:43

Менин айылым: Батагөй балдар


Текестеги батагөй жигит
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:33 0:00
Ар жылы жаз менен күздө күнүнө болбосо да жумасына бир-эки жолу көк бөрүчүлөрдүн жоон тобун кезиктирүү Көк-Терек айылынын тургундарына көнүмүш адат.

Арине, улак суроонун өз жол-жосуну бар. Буга улакчылар маш болуп кеткен.

Элдик салт боюнча той ээси той соңунда байыртан келе жаткан оюндарды өткөрүп, соңунда көк бөрү ойнолот. Бирок айылда кай бирде ай-айлап той өтпөй калган кездер болот. Мындайда көк бөрү кумары кармаган шылуундар топтошуп чыгат да, айтор, бир шылтоо таап, бир үйдөн барып улак сурашат. Ал үчүн үй ээси жаңы турак жай салган же келининин боюнда бар, же дагы бир ийгиликтин жышааны бар жерге барышат. Улак жөн эле суралбайт, келгендер алакан жайып ак бата беришет.

"Көк бөрүчүлөрдүн батасын кур кайтарган болбойт. Алардын көңүлүн суутсаң, арты жакшы болбойт", - дешет айыл аксакалдары.

Өткөн күздө өз айылымдагы бир тойдо көк бөрүчүлөрдүн көнөктөп жааган жамгырга карабай көшөргөн жоругуна күбө болдум.

Той Кахарман аттуу кыргыздан кыз алып, кыргыз арасында эр жеткен казак жигиттин үйүндө болгон. Биринчи күнү тойго келген конокторду сыйлап, экинчи күнү эр оодарыш, балбан күрөш, кунан чабыш, көк бөрү сыяктуу эки элге орток оюн түрлөрү өткөрүлмөк болгон. Бирок дал ушул оюн күнү кар аралаш жамгыр жаап, жер былчылдап эзилип, жолдор чылага айланды да оюндун түрлөрү кыскарды. Анткен менен кичине жамгыр сээлдей калган маалда бир топ жигит келди да, той ээсинен улак сурап калды.

"Биз силерден улак айабайбыз. Бирок эң негизгиси силердин амандыгыңар. Бүгүн жер сыйрылма болуп калды. Башка бир күн ачыкта келип алгыла!», деп той ээлери суранды. Аңгыча эле топтун четирээгинде турган бир жигит ат үстүндө алакан жайып бата бере баштады. Тилегин айтып, жыйынтыктап жатып, «Оомийин» деп бет сыйпаганда, тургандардын баары чур этип, кошо дуба кылышты.

Андан соң экинчи бир жигит казакча бата берди. "Жыгылсак, сүрүнсөк өзүбүзгө эсеп, бирок андай деле боло койбойт. Чаап эле жүрбөйбүзбү!", деп жигиттер демитет. Ушундан кийин той ээлери айтаарга сөзү калбай калды өңдөнөт, улакты алып чыгышты да жигиттерди дагы бир сыноодон өткүзгүсү келдиби "Кана, дагы бир бата берип жибергиле!» деп алакан жайып калды. Антсе көк бөрүчүлөр мотосикил минип келген бир жигитти сүйрөп түшүп, атка мингизишип "Эмки батаны сен бер" деп тизгинди карматты эле, ал жоролорунун үмүтүн жерге таштаган жок.

Анан жигиттер улакты алып, сүйүнгөн бойдон кыйкырык-сүрөөн салып, аттардын курч туйактары эзилген жердин мээсин ойо тепсеп, дүбүртү улам ыраактап кетти. Себелеген жамгырга аралаш алардын карааны көздөн кайып үзүлгөндө да батагөй жигиттердин тилектери кулак түбүмдө жаңырып, той ээсинин ишин ийгиликке жетелеп бараткансып турду...


Бектур Илияс уулу
Көк-Tерек айылы, Текес


P.S. Автордун жазуу стили сакталды.

XS
SM
MD
LG