Кытайда укук коргоочу Ван Цюанчжаң төрт жыл абакта отурган соң эркиндикке чыкканын анын аялы билдирди. Бирок Ли Вэньцзю укук коргоочуга коронавируска байланыштуу кырдаалды шылтоолоп Бээжиндеги үй-бүлөсүнө барууга уруксат бербей коюшат деп кооптонууда.
42 жаштагы Ван 2015-жылы Кытайда 200дөй адвокат жана адам укуктары боюнча иш алып барган активисттер менен кошо кармалган.
Ван "Fengrui" аттуу юридикалык фирманын мүчөсү болчу. Бул компания Коммунисттик партияны сындагандардын укуктарын коргоп келгени менен белгилүү. Былтыр жыл соңунда ал "мамлекеттик бийликти кулатууга аракет кылганы үчүн" күнөөлүү деп табылып, төрт жыл алты айга эркинен ажыратылганы маалым болгон.
Ли Вэньцзю күйөөсү таңкы бештер чамасында бошотулуп, кичи мекени Цзинанга жеткирилгенин «Твиттерге» жазды.