Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:31

Кытайда полиция 25 демонстрантты камакка алды


Гуанжоу шаарына жакын жерде тополоң салган мигрант жумушчулар менен коопсуздук күчтөрүнүн кагылышынан кийинки полиция тосмосу, 12-июнь.
Гуанжоу шаарына жакын жерде тополоң салган мигрант жумушчулар менен коопсуздук күчтөрүнүн кагылышынан кийинки полиция тосмосу, 12-июнь.

Маалыматтарга караганда, Кытайда полиция өлкөнүн түштүгүндөгү демонстрацияны кууп таркатып, 25 кишини камакка алды. Акыркы жылдары Кытайда социалдык акыйкатсыздык, коррупция, айлыктын төмөндүгү менен байланышкан нааразылык акциялары көбөйдү.

Кытайдын полициясы түштүктөгү Гуанжоу шаарына жакын жерде тополоң салган мигрант жумушчулар менен коопсуздук күчтөрүнүн кагылышынан кийин 25 кишини камакка алгандыгын билдирүүдө.

Жекшембинин түнүндөгү тополоңдун алдында Шинтаң шаарында көчөдө соода кылган боюнда бар аялга кароол кызматы ыдык көрсөткөн деген сөз тарагандан кийин үч күн бою нааразылык акциялары өткөн.

Мамлекеттик Синхуа кабар агенттиги маалымдагандай, демонстранттар өкмөттүк кызматкерлерди жана полиция унааларын шише, таш менен согушту. Натыйжада полиция аларга каршы көздөн жаш чыгаруучу газ колдонууга мажбур болду.

Күбөлөр полициянын бир нече унаасына өрт коюлгандыгын айтышууда. Гон-Коңдон түндүктө орун алган Гуандоң провинциясы кездеме жасоочу ишканалар жыш жайгашкан түштүк Кытайдын өнөр-жай чордону саналат. Бул жактагы көп сандаган фабрикаларда өлкөнүн ар кыл тарабынан мигрант жумушчулар, анын ичинде айрым маалыматтар боюнча, Шинжаң уйгур аптоном районунан кыргыздар иштешет.

Акыркы кездери социалдык көйгөйлөрдөн, атка минерлердин өзүм билемдиги, алдым-жуттум жемсөөлүк, айлык-маянанын аздыгынан улам Кытайда толкундоолор көбөйгөн.

Өткөн аптада борбордук Хубей провинциясындагы Личуан шаарында демонстранттар жергиликтүү бийлик мекемелерин курчоого алышкан эле.

Мамлекеттик кызматкер Ран Жиншиаңдын урук-туугандары суракка алууда аны сабап жатып өлтүрүшкөнүн билдиришкен. Жергиликтүү тургундардын айтымында, Ран жер тартып алуу өнөктүгүндө атка минерлер менен кызматташуудан баш тарткандан кийин камакка алынган. Рандын өлүмүнө байланыштуу бир нече кызматкер кармалып, айрымдарынын иштери тергелип жаткандыгы кабарланууда.

Май айында өлкөнүн түндүгүндөгү Ички Монголияда монгол малчылары аймактагы кен казуу иштерине байланыштуу нааразы болуп, көчөгө чыгышкан.

Ал эми түштүктөгү Жиаңши провинциясында жергиликтүү бийликтердин арасындагы коррупцияга жана жер тартып алууга нааразы болгон киши өзү менен кошо эки кишинин өмүрүн алган.

Кытай бийликтери Жакынкы Чыгыш менен Түндүк Африканы жайпаган толкундоолордон чочулап жаткандыгы байкалат. Укук коргоочу уюмдардын маалыматында, соңку айларда өлкөдө өкмөттүн саясатын сындаган жүздөгөн адамдар суралып, камалып, же үй камагына отургузулду.

XS
SM
MD
LG