Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:19

Кытайда 114 шахтер куткарылды


Куткаруучулардын "ажайып операциясы" мактоого алынды, 5-апрель, 2010
Куткаруучулардын "ажайып операциясы" мактоого алынды, 5-апрель, 2010

Кытайдын Шаньси провинциясында авария болгон шахтадан кеминде 114 адам бүгүн куткарылды. Кытай бийликтери куткаруу операциясын ийгиликтүү өттү дешкени менен, жер астында дагы ондогон адамдар калууда.

Кытайдагы “Ваңлиялиң” көмүр кенин 28-мартта суу каптап, шахтада авария болгон. Кырсык болгон учурда жер астында 153 шахтер бар эле.

Алардын өмүрүн сактап калыш үчүн үч миңден ашуун куткаруучу күн-түн дебей иштеди. Шахтага толуп калган сууну сордурушту. Бирок такыр айла кетип, кырсыктан бир апта өткөндөн кийин “тирүү калгандар деле калбады го” деп баштарын ийкеп калышканда, жердин түбүнөн сигнал түшкөн экен.

Шахтерлордун аман-эсен куткарылышын бийликтер азыр “укмуштуу ажайып окуя” деп жатышат. Догдурлар алардын ден-соолугу туруктуу абалда экенин айтышты.

Кытайдагы Иш коопсуздугу боюнча мамлекеттик мекеменин жетекчиси Луо Лин куткаруу иштерин токтотпой, дайынсыз калып жаткандарды издөөнү улантууга чакырды.

"Куткаруу ишине катышкандарга алкыш айтабыз, - деди Луо Лин. - Жолдоштор, бир секунданы да текке кетирбей, калган шахтерлорду да тезинен табууга колдон келген бүт аракетиңиздерди көрүңүздөр".

Куткаруучулар өздөрү да жүздөн ашуун адамдын бир апта бою караңгыда, суусуз жаткан жеринен тирүүлөй табылышканына сүйүнүп жатышат. Ошол куткаруучулардын бири Вей Фушең “Уйкусуз канча күн тынбай иштегенибиздин акыбети кайтты” деди.

Шаңсидеги кырсыкта 30 кенчи көз жумду. Кырсык болоору менен анын себептерин аныктоо үчүн иликтөө иштери да башталган эле. Көрсө шахтанын жетекчилигине бир канча ирет анын кооптуу абалы жөнүндө эскертүү түшкөнүнө карабай, алар ишти токтотушкан эмес экен.

Дегинкиси, Кытайдын көмүр кендеринде бул өңдүү катачылык көп эле катталып жүрөт. Өлкөнүн шахталары дүйнөдөгү эң коркунучтуу кендерден деп эсептелинет. Былтыр, мисалы, алардагы авариялардан 2631 адам набыт болгон. Соңку окуя көмүр кендеринин коопсуздугун жакшыртуу боюнча бийликтерге дагы бир ачык белги болуп калаары айтылууда.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG