Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:20

"Чындык". Иликтөөгө жол чапкан Уланбек

Бишкекте иликтөөчү журналист Уланбек Эгизбаевди эскерүү иш-чараларынын алкагында бүгүн, 12-февралда "Чындык" аттуу 2-форум өтүүдө. Аны Иликтөөчү журналисттер фонду жана Кыргызстандагы "Интерньюс" уюму уюштурган.

Форумдун соңунда 2021-жылдагы Кыргызстандагы мыкты журналисттик иликтөөлөр үчүн Уланбек Эгизбаев атындагы ар жылы ыйгарылчу сыйлыкты тапшыруу аземи өтөт.

"Азаттыктын" иликтөөчү журналисти Уланбек Эгизбаевдин элесине арналган Журналисттик иликтөөлөр фонду 2018-жылы 14-сентябрда ишмердигин баштаган.

Иликтөөчү журналисттерге ыйгарылчу сыйлык жыл сайын Эгизбаевдин туулган күнү - 12-февралда тапшырылат. Чыгаан журналисттин көзү тирүү болгондо быйыл 12-февралда 32 жашка чыкмак.

Уланбек Эгизбаев 2018-жылы 22-июлда Ысык-Көлдө көз жумган. Ички иштер министрлиги соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгына таянып, журналист сууга чөгүп каза болгонун жарыялаган.

20:14 12.2.2022

Уланбек Эгизбаев атындагы сыйлыктын жеңүүчүлөрү.

Жеңүүчүлөр.
Жеңүүчүлөр.

20:10 12.2.2022

Жыпаргүл Сариева, Уланбек Эгизбаевдин апасы: Уланымдын ишин жаштар, журналисттер улантып жатат

“Фонд уюшулгандан бери жакшы иш жүрүп жатат. Быйыл төртүнчү ирет сыйлык тапшырылып жатат. Жылдан-жылга иликтөөчү журналисттердин көбөйүп жатышы бизди кубандырат. Былтыр кырк иш келсе, быйыл 100гө жакындады. Бул да болсо өлкөбүздүн өсүшүнө, өнүгүшүнө салым кошот деп ишенем. Уланымдын каалаганы, көздөгөнү жалаң ушул болчу. Ошол иштин баары аткарылып, анын ишин жаштар, журналисттер улантып келе жатканы бизди - үй-бүлөсүн кубандырат”.

19:57 12.2.2022

Венера Жуматаева: кыргыз коомун тазалап, агарта турган материалдар көбөйө берет

“Бул жерде баары айтышты, жылдан жылга сынакка берилген иликтөө материалдары көбөйүп жатат. Саны эле эмес, сапаты дагы жогорулады. Сыйлык алыш, жеңиш кыйын болуп баратканын өзүбүз дагы сезип жатабыз. Кыргыз коомун тазалап, агарта турган, акыйкаттык, адилеттик үчүн даярдалган материалдар көбөйө берет. Сапаты, кесипкөйлүгү да жакшыра берет деп ишенебиз”

19:51 12.2.2022

Султан Каназаров: материалдардын саны дагы, сапаты дагы өстү

“Сөз эркиндигине басым күчөгөн сайын журналистикалык иликтөөлөрдүн сапаты да, саны дагы өскөнү бизди кубандырат. Кызыгуу дагы, жыйынтыктар дагы, бийликтин журналистикалык иликтөөлөргө реакция кылганы дагы бизди сүйүндүрөт. Менимче төрт жылдагы динамика абдан жакшы”.

Дагы жүктөңүз

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG