21-май, Бишкек убактысы боюнча таңкы cаат 2:40ка карата маалымат
Дүйнөдө коронавирус жуктургандардын жалпы саны: 5 054 000 (+89 000, мурунку суткага караганда 7% аз).
- Каза тапкандар: 328 000 (+4500, мурунку суткадай)
- Айыккандар: 2 006 000 (+57 500, мурунку суткага караганда бир аз арбын)
Ооруп жаткандар – 2 720 500. Алардын ичинен 2 675 500 - абалы орточо оор, 45 240 (2%) – оор же өтө оор абалда. Мындай бейтаптардын саны 2-күнү катары менен өсүп жатат.
- Соңку 22 саатта жаңы катталган учурлар
- АКШ: 14 360 (мурдагы суткадай)
- Орусия: 8764 (төмөндөө)
- Индия: 5553 (төмөндөө)
- Перу: 4537
- Чили: 4038 (өсүү)
- Бразилия: 3497 (төмөндөө)
- Мексика: 2713
...
- Франция: 766
...
- Испания: 721
- Индонезия: 693
- Италия: 665 (төмөндөө)
- Германия: 646
...
- Казакстан: 218
- Тажикстан: 204
- Кыргызстан: 27
- Өзбекстан: 84
Соңку 22 саатта каза тапкандар:
- АКШ: 974 (төмөндөө)
- Британия: 363 (төмөндөө)
- Мексика: 334 (эки эсе өсүү)
- Италия: 161
- Бразилия: 147
- Орусия: 135 (төмөндөө)
...
- Испания: 110
- Франция: 110
...
- Казакстан: 0
- Тажикстан: 0
- Кыргызстан: 0
- Өзбекстан: 0
Бул сандар мамлекеттердин расмий бийлиги берген маалыматка негизделген. Маалымат Бишкек убактысы боюнча таңкы саат бештен жергиликтүү убакыт боюнча түнкү саат экиге чейинки кырдаалды гана көрсөтөт. Бул көрсөткүчтөр кандай өзгөрүп жатканын «Азаттыктын» атайын сайтынан жана бул шилтемеден карасаңыз болот.
Дүйнөлүк саламаттык сактоо (ДССУ) уюму соңку суткада коронавирус жуктургандардын саны жаңы көрсөткүчкө жеткенин билдирди.
Эл аралык уюмдун жетекчиси Тедрос Аданом Гебреисус шаршембиде өткөн маалымат жыйында соңку суткада пандемия башталгандан бери эң көп санда - 106 миң бейтапка СOVID-19 жукканын билдирди. Анын сөзүнө караганда, ДССУ жакыр өлкөлөрдөгү калктын саламаттыгына өтө тынчсызданып турат.
Ушул тапта коронавирус көп тараган өлкөлөрдүн ичинен АКШ менен Британиянын гана экономикасы эң мыкты өнүккөн. Ошондой эле оору жайылган өлкөлөрдүн башына Бразилия, Орусия, Индия, Перу, Чили, Сауд Аравиясы, Мексика жана Иран чыкты.
Бейтап: Коронавирус тамаша эмес экен
Коронавирус илдети менен күрөшүү боюнча республикалык штаб COVID-19га чалдыгып, ооруканада жаткан бейтаптын видеосун таратты. Видеодогу бейтап кайсы ооруканада жатканы, аты-жөнү айтылган эмес. Ал оорукананын кызматкерине коронавирус илдети тууралуу айтып берген.
“Жаман оору экен, дем жетишпей калды. Тамаша оору эмес, жаш-кары дебей ооруйт экен. Балдар жүрөт, баса албай жатышат. Сак болгула”, - деди бейтап.
Ал беш күндөн бери реанимацияда жатканын, учурда абалы дурус экенин айтты. Бул оорулуу вирусту жумуштан жугузуп алган.
20-майга карата Кыргызстанда коронавирус 1270 адамдан табылды, алардын ичинен 14 бейтап кайтыш болду, 910 бейтап айыкты. COVID-19 менен соңку бир күндө жаңы катталган 27 адамдын жетөө сырттан келген.
Мураталиев: Таласка ким келсе да обсервацияга алынат
Учурда Талас облусу боюнча 95 киши обсервацияда жатат. Бул тууралуу өкмөттүн Талас облусундагы өкүлү Марат Мураталиев 20-майдагы онлайн брифингде маалымдады. Анын айтымында, 20-майга карата маалыматка ылайык, буга чейин обсервациядан 603, үй карантининен 3 миңден ашык адам чыгарылган.
Мураталиев Орусиянын Соль-Илецк шаарынан келгендерди обсервацияга жаткыруудагы окуя боюнча комментарий берип, дарыгерлердин алгоритми аткарылганын билдирди.
“Ал жерде эч кимди уруп-сабоо болгон жок. Түшүндүрүү иштеринен кийин баары эле обсервацияга жатышты. Ичинен 4-5 бир тууган көнбөй койгондо укук коргоо органдары менен алып кирдик. Ким болсо да ага ушундай талап коюлат. Анткени өзгөчө кырдаал режими күчүндө. Таласты таза кармап турган маалда белгиленген алгоритмден чыкпашыбыз керек. Негизги талапты баары аткарышы керек”, - деди Мураталиев.
Учурда облус боюнча беш миңдей ПЧР-тест, 15 миңден ашык экспресс-тест алынып, алардын баары таза чыкты.
Бишкектин четиндеги «Семетей» обсерваторунан чыккан 541 кишинин 51и Талас облусунун тургундары. Алар 19-майда Талас облусуна келери менен Талды-Булак постунан обсервацияга алынган. Алардын айрымдары обсервацияга кыйнап жаткырып жатканына арызданышкан.
Тажикстанда COVID-19га чалдыккандар 2100дөн ашты
Тажикстанда өпкөнү сезгенткен коронавируска чалдыккандар 2140 кишиге жетти. Саламаттык сактоо министрлиги 20-майда билдиргендей, акыркы бир сутка ичинде дагы 204 адамдан вирус табылды. 470тей бейтап илдеттен айыгып чыкты. Баш-аягы 3500дөн ашуун кишинин абалына дарыгерлер көз салып жатат.
Тажик бийлиги соңку эки күндөн бери COVID-19 илдетинен эч ким кайтыш болбогонун, курмандыктардын жалпы саны 41 адам боюнча экенин билдирди. Бирок социалдык тармактарга жарыяланган расмий эмес тизмеде Тажикстанда 270 адам пневмониядан каза болгонун белгиленген.
Коңшу Казакстанда акыркы бир сутка ичинде 218 адамдан коронавирус табылды. Алардын 50дөйү Чымкент шаарына туура келет. Ушуну менен 13-марттан бери Казакстанда өпкөнү сезгенткен илдетке чалдыккандар 6959 кишиге жетти. 3598 айыгып чыкса, 35и кайтыш болду.
20-майга карата Өзбекстанда коронавируска чалдыккандар 2880 кишиге жетти. 13 бейтап COVID-19 илдетинен кайтыш болду.