Быйыл Кыргызстанда Орозо айт намазын аянттарда жана мечиттерде окуганга болбойт.
Муфтияттын басма сөз катчысы Максат Атабаев «Азаттыкка» билдиргендей, мындай чечимди кабыл алууга эл арасында коронавирустун жайылышына жол бербөө аракети себеп болду.
«Кыргыз Республикасынын аймагында коронавирус инфекциясынын жайылуу коркунучу бүтө элек экенин эске алуу менен элибиздин салматтыгы жана коопсуздугу үчүн, илдеттин мындан ары күчөп кетишине жол бербөө максатында жума намазы убактылуу окулбай тургандай эле, 24-майда Орозо айт намазы да аянттарда жана мечиттерде окулбай тургандыгын маалымдайбыз. Ошондуктан туура түшүнүү менен кабыл алып, берекелүү Орозо айт майрамын жалпыбыз үй-бүлөбүз менен үйлөрдө майрамдайбыз», - деди ал.
24-май, Орозо айт күнү таңкы саат 07:00дөн 07:30га чейин «КТРК» телеканалынан муфтий Максатбек ажы Токтомушевдин куттуктоосу жана кайрылуусу болот.
Быйыл Орозо айы 24-апрелде башталган болчу.
Орозо айт майрамы 24-майда белгиленет, анын эртеси - 25-май, дүйшөмбү күн да быйыл дем алыш болот.
Жалпысынан 21-майга карата Кыргызстанда коронавирус 1313 адамдан табылды, алардын ичинен 14 бейтап кайтыш болду, 929 бейтап айыгып кетти.
Коронавирус коркунучуна байланыштуу Кыргызстандын айрым аймактарында өзгөчө абал режими жарыяланып, коменданттык саат киргизилген. Бул эреже 11-майдан тартып токтоду, бирок өзгөчө кырдаал режими күчүндө турат.
Ушу тапта коронавирус пандемиясына байланыштуу дүйнөнүн көптөгөн мамлекеттериндеги мечит, чиркөөлөр жабылып, диний жөрөлгөлөрдү өткөрүүгө тыюу салынган.
Айрым мамлекеттерде бул чаралар жумшара баштады.
23-майдан тарта Франциядагы храмдарга жана чиркөөлөргө барууга уруксат берилгенин Европадагы маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Сыйынууга келгендер санитардык эрежелерди так аткарууга, беткап тагынып, колун санитайзер менен дезинфекциялоого тийиш. Адамдардын ортосундагы аралык талаптагыдай сакталышы кажет.
Коронавирус пандемиясынан улам жарыяланган карантин режими Францияда май айынан тарта жумшара баштаган. Бирок храмдардын жана чиркөөлөрдүн ишмердүүлүгүнө уруксат берилген эмес.
Бир күн мурда АКШнын президенти Дональд Трамп да штаттардын губернаторлорунан диний мекемелердин ишин жандантууну талап кылып, пандемия учурунда бул зарыл экенин айткан.
Трамп айткан вакцина пайдасыз болуп чыкты
“The Washington Post” гезити “The Lancet” медициналык журналынын акыркы санына чыккан дата анализге таянуу менен АКШ президенти Дональд Трамп үгүттөгөн, коронавируска каршы безгектин вакцинасы адамдын жүрөк, кан тамыр органдарына зыяндуу экенин, вирусту дарылабай турганын маалымдады.
Америкадагы COVID-19 оорусу жуккан 96 миң киши байкоого алынып, аларга учурунда Трамп сунуштаган хлорин дарысы менен тыгыз байланышы бар гидроксихлорохин вакцинасы антибиотиктер менен чогуу сайылган.
Дал ушул дарыларды алган бейтаптардын арасында каза болгондор көп чыкты. Стенфорд университетинин медицина факультетинин кардиология бөлүмүнүн жетекчиси Дэвид Мэрун “журналга чыккан дата анализден улам гидроксихлорохиндин коронавирусту дарылоого эч кандай пайдасы жок деп айта алабыз. Тескерисинче, жүрөк - кан тамыр оорусунан жапа чеккен бейтаптар үчүн өтө зыяндуу” деген жыйынтыгын жарыялады.
Гарвард университети, Брайам аялдар ооруканасы бул вакцинанын коронавируска тийгизген таасирин 2019-жылдын 20-декабрынан 2020-жылдын 14-апрелине чейин изилдеген.
Натыйжада, “Макролид” деп аталган гидроксихлорохин, азитромицин дарыларынын аралашмасы сайылган бейтаптардын абалы жакшырбай, 37% жүрөк, аритмия, кан тамыр ооруларынан улам өлүмгө учураганы аныкталды.
Кливленд ооруканасынын кардиологу Стивен Ниссен аталган дарыны "өтө кооптуу" деп сыпаттады. Федералдык фармакология агенттигинин адистери, бир нече окуу жайлардын окумуштуулары Трамп сунуштаган дарыны эми коронавируска каршы колдонууну таптакыр токтотууга чакырган.
Суракматов: Бишкекте коронавирустун жайылуу тобокелдиги жогору
25-майдан тарта Бишкекте коронавируска каршы күрөшүүнүн жоопкерчиликтүү жана эӊ коркунучтуу этабы башталат.
Бул тууралуу борбор калаанын мэри Азиз Суракматов бүгүн, 23-майда брифингде билдирди. Мэр муну 25-майдан тартып көптөгөн ишканалар, коомдук транспорттун ишке кайтышы менен байланыштырды. Суракматов бардык ишканалардын, өзгөчө базарлардын, соода борборлорунун, транспорттук уюмдардын, спорт залдардын жетекчилерине эскертүү жасап, мындан ары COVID-19 вирусу жайылган ишкана, мекеме жана башка уюмдун жетекчиси жоопкерчиликке тартыларын баса белгиледи.
23-майга карата борбор калаа Бишкекте 351 адам коронавирус илдетине чалдыкканы аныкталды. Анын ичинен көпчүлүгү - 102 адам Ленин районунда жашайт. Октябрь районунда 71, Биринчи май районунда 56 жана Свердлов районунун аймагында 43 адам ооруну жуктуруп алган. Жалпы Бишкек боюнча оору жуктургандардын ичинен 83 адам калааны айланта курчаган 20 жаңы конушта жашашат. Эң көбү - 26 адам Арча-Бешик жаңы конушунун тургундары.
23-майга карата жалпы Кыргызстанда коронавирус илдетине кабылган он беш адам жаңы катталды. Алардын ичинен тогузу Санкт-Петербургдагы аскер лицейинин жакында Кыргызстанга кайтып келген курсанттары
Ак-Талаада ооругандарга вирус жаңы төрөгөн келиндерден жуккан
Нарын облусунун Ак-Талаа районунан катталган 18 адамга коронавирус төрөт үйүнөн чыгып барган келиндерден жукканы аныкталды. Бул маалыматты саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев бүгүн, 23-майда билдирди:
"Облустук төрөт үйүндө көз жарган эки келин үйүнө баргандан кийин алар менен тыгыз байланышта болгон 12 адамдан коронавирус аныкталган. Лабораториялык иликтөөлөрдүн натыйжасында дагы алты адамдан илдет аныкталып, жалпысынан Ак-Талаа районунда 18 адамга коронавирус жуккан".
Нурболот Үсөнбаевдин маалыматына караганда, учурда бардык оору жуктургандар дарыланып жатат. Алар менен байланышта болгон адамдардын баары көзөмөлгө алынып, текшерүүдөн өтүүдө.
22-май күнү Нарын облусунда 21 адамдан коронавирус илдети аныкталган. Анын ичинен 18и Ак-Талаа районунун тургундары экени кабарланган.
Ал эми Ат-Башы районунда вирус жуктургандардын эң акыркысы 22-май күнү сакайып, ооруканадан үйүнө чыгарылды. Бул тууралуу райондун акими Нурбек Сатаров бүгүн, 23-майда брифингде билдирди.
Аким жергиликтүү бийлик коронавируска каршы күрөшүү иштерин улантып жатканын белгилеп, элди тартипти сактоого чакырды:
"Тартипти сактоо керек. Айт майрамында жөрөлгөлөрдү үйдөн жасоого чакырам. Муктаждык болбосо Нарын шаарына, Бишкекке барууну токтото турсаңыздар деп суранат элем", - деди Сатаров.
Акимдин маалыматына караганда, учурда райондогу обсервацияда 28 жаран бар. Чет мамлекеттен келип, үй карантинине алынган адамдар да бар. Ат-Башы районуна оору көп катталган аймак катары 15-апрелден 11-майга чейин өзгөчө абал жарыяланган.
Нарын облусунда коронавирус илдетине 242 адам чалдыккан.