Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:58

Өлкө боюнча 1,2 миллиондон ашык киши эмделди

"Азаттык" радиосу коронавирус пандемиясына байланыштуу Кыргызстандагы жана дүйнөдөгү маалыматтарды тынымсыз жарыялап келет.

2021-жыл, шейшемби, 21-сентябрга карата маалымат:

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын 21-сентябрдагы маалыматына караганда, бир суткада өлкө боюнча вирустан эки киши каза болду.

Жалпысынан коронавирустан каза болгондордун расмий саны 2592 адам.

Соңку бир күн ичинде вирус дагы 89 адамдан расмий табылды. Өлкөдө бул оору жуккандардын расмий катталган саны 177 869 адамга жетти.

Бир күндө 108 адам айыгып чыкты. Азыр ооруканада 571 адам жатат, дагы 865 бейтап үйдөн дарыланууда. Жалпы айыккандардын саны 172 369 киши.

Бул сандар улам жаңыланып турат. Дүйнөдөгү кырдаалды бул шилтемеден билсеңиз болот.

11:30 1.6.2020

Кыргызстанда соңку бир сутка ичинде коронавирус жуккан 69 адам жаңы катталды. Бул тууралуу 1-июнда саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Алардын эң көбү Бишкек шаарында - 21 адам. Орусиянын аскердик окуу жайында окуган курсанттардын арасынан коронавирус бир суткада 18инен табылды. Мындан тышкары, Нарын облусунда 14, Ош шаарында тогуз, Чүй облусунда алты, Ош облусунда бир адам жаңы катталды.

Кыргызстан боюнча бир сутка ичинде 11 бейтап айыгып чыкты.

Жалпысынан 1-июнга карата Кыргызстанда коронавирус 1817 адамдан табылды, алардын ичинен 16 бейтап кайтыш болду, 1181 бейтап айыгып кетти.

Коронавирус коркунучуна байланыштуу Кыргызстандын айрым аймактарында өзгөчө абал режими жарыяланып, коменданттык саат киргизилген. Бул эреже 11-майдан тартып токтоду, бирок өзгөчө кырдаал режими уланууда.

04:16 1.6.2020

1-июнь, Бишкек убактысы боюнча таңкы cаат 2:40ка карата маалымат.

Дүйнөдө коронавирус жуктургандардын жалпы саны: 6 233 000 (+122 000, мурунку суткадай эле көрсөткүч).

  • Көз жумгандар: 373 000 (+4000, мурунку суткадай эле көрсөткүч)
  • Айыккандар: 2 780 000 (+68 000, мурунку суткага караганда 12% аз)

Ооруп жаткандар – 3 079 000. Алардын ичинен 3 025 500 абалы орточо оорлор, 53 398 (2%) – абалы оор же өтө оор бейтаптар.

Cоңку 22 саатта жаңы катталган учурлар көбөйгөн өлкөлөрдүн тизмеси:

  • АКШ: 15 163 (төмөндөө)
  • Орусия: 9268 (өсүү)
  • Индия: 8782 (өсүү)
  • Бразилия: 7047 (төмөндөө)
  • Чили: 4830 (өсүү)
  • Пакистан: 3039
  • Мексика: 2885 (төмөндөө)

...

  • Британия: 1936 (өсүү)

...

  • Беларус: 898

...

  • Украина: 468 (өсүү)
  • Швеция: 429 (төмөндөө)

...

  • Италия: 333 (төмөндөө)

...

  • Испания: 201
  • Германия: 200

...

  • Казакстан: 476
  • Тажикстан: 123
  • Өзбекстан: 77
  • Кыргызстан: 26

ңку 22 саатта көз жумгандар:

  • АКШ: 557 (азайды)
  • Мексика: 364 (азайды)
  • Индия: 223 (көбөйдү)
  • Канада: 221
  • Бразилия: 179
  • Орусия: 138 (азайды)
  • Британия: 113 (азайды)
  • Пакистан: 88
  • Италия: 75 (азайды)

...

  • Франция: 31 (азайды)

...

  • Украина: 12

...

  • Казакстан: 2
  • Өзбекстан: 1
  • Тажикстан: 0
  • Кыргызстан: 0

Бул сандар мамлекеттердин расмий бийлиги берген маалыматка негизделген. Маалымат Бишкек убактысы боюнча таңкы саат бештен жергиликтүү убакыт боюнча түнкү саат экиге чейинки кырдаалды гана көрсөтөт. Бул көрсөткүчтөр кандай өзгөрүп жатканын «Азаттыктын» атайын сайтынан жана бул шилтемеден карасаңыз болот.​

12:30 31.5.2020

Кыргызстанда соңку бир суткада коронавирус диагнозу коюлгандардын дээрлик баары ооруп жаткан адам менен контакт болуп, ошондон жугузуп алгандар. Бул тууралуу 31-майда саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди:

"26 учурдун экөө тыштан келгендер: алыстан оор жүк ташыган айдоочу жана Москвадан энеси менен кайтып келген өспүрүм. 23ү – бейтаптар менен тыгыз контактта болгону үчүн бизде медициналык байкоодо тургандар. Контакт болгондорду биз эки жолу ПЧР анализ алып, таза болсо гана чыгарабыз".

Кечээтен бери өлкөдө коронавируска 2276 анализ жүргүзүлүп, алардын 26сынан вирус табылды. Жалпысынан 31-майга карата Кыргызстанда коронавирус 1748 адамдын анализинен табылды, алардын 16сы кайтыш болду. Айыгып чыккандары - 1170 киши.

Соңку күндөрү коронавирус сырттан, айрыкча Орусиядан кайтып келгендер арасында көп аныкталып жаткан.

10:14 31.5.2020

Кыргызстанда соңку бир суткада коронавируска 2276 анализ жүргүзүлүп, алардын 26сынан вирус табылды. Бул тууралуу 31-майда саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Алардын 12си Нарын облусунда, жетөө Бишкек шаарында. Чүй облусунда жана Ош шаарында үчтөн адам, Ош облусунда бирөө.

Бир суткада 57 бейтап айыгып чыкты.

Жалпысынан 31-майга карата Кыргызстанда коронавирус 1748 адамдын анализинен табылды, алардын 16сы кайтыш болду. Айыгып чыккандары - 1170 киши.

Коронавирус коркунучуна байланыштуу Кыргызстандын айрым аймактарында өзгөчө абал режими жарыяланып, коменданттык саат киргизилген. Бул эреже 11-майдан тартып токтоду, бирок өзгөчө кырдаал режими уланууда.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG