AP: Бээжин коронавирус тууралуу убагында айткан эмес
Расмий Бээжин коронавируска карата ыкчам реакция кылбаганын, маалымат көпкө чейин жашыруун сакталганын «Associated Press» (AP) кабар агенттиги жазып чыкты.
Маалыматта кытай бийлиги COVID-19 вирусу тууралуу лабораториялык иликтөөлөрү менен бөлүшкүсү келбей турган чакта башка мамлекеттердеги үч лаборатория аны аныктап койгону айтылган.
«Кытайдын мамлекеттик лабораториялары 11-январда COVID-19 тууралуу башка лаборатория вирусология сайтына жарыялаган соң гана айтып чыгышкан. Бирок андан кийин да кытай бийлиги эки жума бою коронавирус тууралуу унчуккан эмес. Так ошол убакта Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму (ДССУ) вирус жуккан оорулуулар жана жугузуу жөнүндө маалыматтарга муктаж болуп турган. Эгер бул маалыматтар ачык болгондо коронавирустун адам өлүмүнө алып келген күчүн басаңдатууга жана анын тез тарап кетишинин алдын алууга мүмкүн болмок»,- деп жазылган AP агенттигинин сайтында.
Агенттик өз булактарына таянып, ДССУ Кытайды коронавирус тууралуу керектүү маалыматтарды алыш үчүн гана мактап турган деген божомолун да ачык жазды. Ага ылайык, жеке сүйлөшүүлөр учурунда уюмдун жогорку деңгээлдеги кызматкерлери Кытай тарап вирустун жугушу тууралуу маалыматтарды бербей жатканына нааразылыгын айтышкан. Агенттиктин макаласында кытайлык адистер коронавирус коркунучу тууралуу жыйынтыктарды да ДССУга бербей, жашырганы жазылган.
Коронавирус тууралуу маалыматтардын жетишсиздигин АКШнын эпидемиолог адиси Мария Ван Керкхове да жабык жыйындардын биринде айтып чыккан. Ал коронавирус тууралуу эч нерсе билбей туруп, ага каршы күрөшүү мүмкүн эмес экенин билдирген.
COVID-19 вирусу өткөн жылдын аягында Кытайдын Ухань шаарында чыгып, көп өтпөй жалпы дүйнөгө жайылды. ДССУнун маалыматына караганда, 3-июнга карата коронавирус дүйнөнүн 215 өлкөсүндө катталган. Жалпы ооруга чалдыккандардын саны 6,5 млн. адамга чукулдады. Вирус жугузуп алган соң 385 миңден ашуун адам көз жумду. 3 млн. ашуун адам оорудан айыгып чыкты.
3-июнда өлкө аймагында дагы 26 адамга коронавирус жукканы аныкталды. Ушуну менен СOVID-19га чалдыккандар 1871 адамга жетти.
- Жалал-Абад облусунда – 163,
- Ош облусунда – 220,
- Ош шаарында - 207,
- Чүй облусунда – 133,
- Бишкек шаарында – 484,
- Баткен облусунда – 30,
- Нарын облусунда – 380,
- Ысык-Көл облусунда – 14 киши.
Алардын 364ү медкызматкерлер.
Обсервацияда жаткандардын саны 2380 адам. 1265 адам айыкты. 609 адам ооруканада, 12 адам оор абалда. 3 адам реанимацияда жатат. 20 адам каза болду.
Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаевдин айтымында, бир суткада вирустан үч адам каза болду. Алардын бири - Ош облусунда иштеген 59 жаштагы фтизиатр дарыгер, экинчиси Ошто ооруканада жаткан 55 жаштагы бейтап жана үчүнчүсү Нарында ооруканада дарыланып жаткан 84 жаштагы бейтап.
Анын айтымында, каза болгондордун бири Ош облусунда фтизиатр болуп иштеп жаткан 59 жаштагы дарыгер:
“Апрель айынан бери ал пневмония болгон бейтаптарды кабыл алып, дарылап келген. Акырында, коронавирус жугузуп алып, оорусу өтө оор өткөндүктөн реанимациялык иш-чараларга карабастан өтүп кетти. Эки тараптуу пневмония, дем алуунун жетишсиздиги, кант диабети, жүрөктүн коронардык оорусу, кан басымынын жогорулугу деген илдеттери менен полиоргандык жетишсиздик болду”.
Каза болгон экинчи бейтап Ош облусунун Кара-Суу районунун 55 жаштагы тургуну. Ал, Үсөнбаевдин айтымында, ооруканага 27-майда жаткырылган:
“Полиоргандык жетишсиздик. Бул бейтап эки тараптуу пневмония болду. Мурда 2019-жылы жүрөгүнө стент койдуруп, операция жасаткан экен. Ошол оорулары да себеп болуп, коронавирусту көтөрө албай, болгон мүмкүнчүлүктү жумшаганыбызга карабай бул бейтапты да жоготуп алдык”.
Үчүнчү учур Нарын облусунда катталды. Үсөнбаев облустук ооруканада жаткан 84 жаштагы эркек бейтап кайтыш болгонун айтты:
“Ал ооруканада 9-майдан бери дарыланып жаткан. Ошол жерден коронавируска чалдыккан адам менен контактта болгон экен. 25-майдан тартып абалы начарлап, интенсивдүү терапияда кармалып келген. Кечээ түнү абалы кескин оорлоп, эски дарттары козголуп, каза болду. Мурда холецистэктомия, ишемиялык инсульт болуптур, атеросклерозу бар экен. Кан басымы өтө жогору турган учурда коронавирустун кесепетинен оорлоп, каза болуп калды”.
Акыркы суткада коронавирусту жугузуп алган 26 адамдын көбү Бишкек шаарында - 16 бейтап, Нарын облусунда жетөө жана Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында бирден адам.
Бир суткада 46 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.
3-июнь, таңкы саат 4:00гө карата маалымат
Дүйнөдө коронавирус жугузгандардын жалпы саны: 6 445 000 (+105 000, өткөн суткага караганда 2000ге азыраак).
- Өлгөндөр: 380 500 (+4500, өткөн суткага караганда жарым эсе көбүрөөк)
- Айыккандар: 2 949 000 (+63 000, өткөң суткага караганда 40% азыраак)
Ооруп аткандар – 3 116 000. Алардын ичинен 3 062 000 – орточо оор абалдагылар, 54 241 (2%) – оор жана өтө оор абалдагылар. Бейтаптардын саны өсүүдө.
Акыркы 22 саатта жаңы ооругандардын саны көбөйгөнү байкалат:
- АКШ: 14 377 (өсүү)
- Бразилия: 9640 (өсүү)
- Орусия: 8863 (төмөндөө)
- Индия: 8813 (өсүү)
- Пакистан: 3938
- Чили: 3527 (төмөндөө)
- Иран: 3117 (өсүү)
- Бангладеш: 2911
- Мексика: 2771
...
- Улуу Британия: 1653 (өсүү)
...
- Беларус: 852
...
- Украина: 328 (төмөндөө)
- Италия: 318 (өсүү)
- Испания: 295 (өсүү)
- Германия: 293
...
- Чехия: 32
Өлгөндөрдүн саны:
- АКШ: 916 (өсүү)
- Бразилия: 440 (өсүү)
- Улуу Британия: 324 (төмөндөө)
- Мексика: 237 (өсүү)
- Индия: 221 (өсүү)
- Орусия: 182 (өсүү)
- Франция: 107
...
- Швеция: 65
- Иран: 64
- Италия: 60
...
- Украина: 9
...
- Чехия: 2
Дүйнөдө көз жумгандардын саны 375 миң адамдан ашты
Дүйнөдө коронавирустан каза болгондордун саны 375 миң кишиден ашты. Кээ бир жерлерде илдет күч алып жатса, башка аймактарда кадимки турмушка кайтуу аракети болуп жатат.
Жаңы Зеландиянын премьер-министри Жасинда Ардерн кийинки жумада калган чектөөлөр алынарын айтты. Бирок чек аралар азырынча ачылбайт.
Өлкөдө 11 күндөн бери жаңы инфекциялангандар каттала элек.
Пакистанда вирус жугузгандар көбөйгөнү менен премьер-министр Имран Хандын өкмөтү чектөөлөр аягына чыгып жатканын билдирди. Ал арада экинчи чоң шаарда – Лахордо инфекциялангандар 670 800дүн айланасында болушу мүмкүн деген маалымат гезиттерге чыгып кетти. Бул тууралуу «Dawn» деген жергиликтүү басылма жазды. Калаада 11 миллиондон көп киши жашайт.
Ал эми расмий статистикага ылайык, Пакистанда COVID-19га чалдыккандардын саны 76 миңден ашат, 1 543 киши көз жумду. Пандемиянын очогуна айланган Бразилияда коронавирус 526 миң кишиден табылды.
Орусия коронавируска каршы вакцинаны аскерлерге сынайт
Орусиянын Коргоо министрлиги COVID-19га каршы вакцинаны сынаш үчүн аскерлер арасынан 50 ыктыярчыны тандап алды.
Бул тууралуу орус маалымат каражаттары кабарлашты. Вакцина Эпидемиология жана микробиология улуттук борборунда Коргоо министрлигинин илимий изилдөө институтунун катышуусу менен иштелип чыккан. Алгачкы сыноо 3-июнда башталмакчы.
22-майда академик Александр Гинцбург борбордун кызматкерлери болжолдуу вакцинаны өздөрүнө сынап көрүшкөнүн айткан. Бирөө да терс кесепеттерин сезбегенин кошумчалаган академик «бардыгы аман-эсен» деген. Бирок натыйжалуулугу тууралуу маалымат жок.
Вице-премьер-министр Татьяна Голикова орусиялык адистер 47 вакцинанын үстүнөн иштеп жатышканын айткан. Өткөн аптада Москванын мэри Сергей Собянин коронавирустун жайылышынын алдын алыш үчүн көрүлгөн чаралар вакцина даяр болмоюнча толук алынбай турганын билдирген.