Кыргызстандын Улуттук гвардиясында кызмат кылгандар арасынан коронавирус табылды. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна 12-июнда Башкы штабдын басма сөз катчысы Гүлзат Жарашева билдирди, бирок так санын айткан жок.
Анын айтымында, ооруп калгандар менен чогуу кызмат кылгандардын баары обсервацияга алынды.
Жарашева белгилегендей, түзүлгөн абалга байланыштуу Москвадагы парадга мурда пландалган аскердик бөлүк эмес, башкасы бармай болуп жатат:
“Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Улуттук гвардиясынын камсыздоо бөлүмүнүн аскер кызматкерлеринин арасынан коронавирус жуккан бир нече адам катталды. Улуттук гвардиянын ардак кароол ротасы Москвада 24-июнда өтө турган Жеңиш парадына катышмак. Оору алардан табылган жок. Бирок, ошентсе да, илдеттин жайылышын алдын алуу максатында биз парадга резервдеги бөлүм барат деп чечтик”.
Басма сөз катчысынын айтымында, жалпысынан Москвага 75 жоокер барат деп пландалып жаткан, ошончо эле санда жөнөтүлөт.
Кыргызстанда аттуу-баштуу адамдар эл көп чогулуучу иш-чараларга уруксат берүүнү өтүнүп, бийликке кайрылып жатат. Бул тууралуу 12-июнда саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Ошондой эле министрдин орун басарынын айтымында “чоң банкет залдары бар кафе-ресторандардын ассоциациясы тынбай кайрылууда”.
“Аттуу-баштуу эле адамдарыбыз “Той-ашка кайра уруксат берсеңиздер. Куран окутуу жагдайлары болуп жатат” деп кайрылып жатышат. Бирок ал жерге көпчүлүк чогулат. Буга азыр уруксат бере албай турган кезибиз. Анткени эпидемиологиялык абал, өзгөчө Бишкекте, өтө кооптонууну жаратып жатат”, - деди министрдин орун басары.
“Бүгүнкү жагдай убактылуу чектөөнү алууга мүмкүнчүлүк бербейт”. Үсөнбаев түшүнүү менен мамиле кылууну өтүнүп, уруксат берүү маселеси коронавирус боюнча абал турукташса гана караларын, азырынча илдет жуккандардын саны өсүү тенденциясында гана экенин белгиледи.
11-июнда Бишкектеги ресторандардын биринде аткаминерлер көп чогулган иш-чара болгону кабарланган.
Ошол эле маалда Бишкекте ооруну жуктуруп алгандардын саны көбөйдү. Борбор калаанын вице-мэри Татьяна Кузнецованын айтымында, оору жуккан 162 адам жаңы конуштарда жашагандар.
Жалпысынан, бүгүнкү күндө Бишкекте вирус жугузуп алгандардын жалпы саны 610 адам - бул башка аймактарга салыштырганда эң жогорку көрсөткүч, алардын 367си айыгып чыкты, бешөө каза тапты.
Шаардын борбордук бөлүгүндө инфекция жуккандардын эң көбү 12-кичи район менен “Жал” кичи районунда. Алардын ар биринде 15тен бейтап катталган. Калгандары шаар четиндеги 25 конуштун тургундары.
Кузнецова белгилегендей, оорусу аныкталгандардын 63ү медицина кызматкерлерине өзүлөрү кайрылган, алар ооруну базар, соода борбору, коомдук транспорт жана кичи автобустардан жуктуруп алган болушу ыктымалдыгын айтышкан.
Кыргызстанда соңку бир сутка ичинде коронавирус жуккан 37 адам жаңы катталды, алардын 19у Бишкекте.
Жалпысынан 18-марттан 12-июнга чейин өлкөдө коронавирус 2166 адамдан табылды, алардын ичинен 26 бейтап кайтыш болду, 1668 бейтап айыгып кетти.
Дүйнөдөгү коронавирус пандемиясына байланыштуу Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында өзгөчө кырдаал режими сакталууда. Коомдук жайларда 50 кишиден көп чогулууга уруксат жок.
12-июнда өлкө аймагында дагы 37 адамга коронавирус жукканы аныкталды.
Алардын эң көбү Бишкек шаарында - 19 адам. Чүй облусунда 13, Баткен жана Ош облустарында экиден, Ош шаарында бир адам.
Коронавирус илдетинен дарыланып жаткан 38 бейтап айыгып, 12-июнда үйүнө чыкты.
Ушуну менен СOVID-19га чалдыккандар 2166 адамга жетти.
- Жалал-Абад облусунда – 174,
- Ош облусунда – 248,
- Ош шаарында - 245,
- Чүй облусунда – 325,
- Бишкек шаарында – 710
- Баткен облусунда – 35,
- Нарын облусунда – 401,
- Ысык-Көл облусунда – 25 киши.
- Талас облусунда - 3 киши.
Алардын 425и медкызматкерлер.
Обсервацияда жаткандардын саны 1693 адам. 1630 адам айыкты. 472 адам ооруканада, 11 адам оор абалда. 1 адам реанимацияда жатат. 26 адам каза болду.
12-июнга караган түнү дүйнөдө илдетти 7 548 000 (+145 000, бир сутка мурдагыга караганда 13% көп) адам жугузуп алган;
Өлгөндөрдүн саны : 421 500 (+5000, бир сутка мурдагыга караганда 10%);
Айыккандардын саны : 3 825 000 (+113 000, бир сутка мурдагыга караганда 13% аз);
Активдүү учурлар – 3 302 000. 3 248 000 – орточо, 53 882 (2%) – оор жана критикалык абалда;
Акыркы 22 саат ичинде илдет жаңы жуккан учурлар:
АКШ: 17 122 (өсүү)
Бразилия: 12 305 (өсүү)
Индия: 11 128 (төмөндөө)
Орусия: 8779 (өсүү)
Пакистан: 5834 (өсүү)
Чили: 5596 (төмөндөө)
...
Улуу Британия: 1266 (өсүү)
...
Беларус: 750 (төмөндөө)
Ооганстан: 748
Украина: 689
...
Испания: 427
Франция: 425 (төмөндөө)
...
Италия: 379 (өсүү)
...
Чехия: 31
Жаңы өлгөндөр:
АКШ: 770 (төмөндөө)
Мексика: 708 (өсүү)
Бразилия: 479 (өсүү)
Индия: 394 (өсүү)
Орусия: 174 (төмөндөө)
Чили: 173
Британия: 151 (төмөндөө)
...
Италия: 53 (төмөндөө)
...
Франция: 27
...
Украина: 21
Гондурас: 19
Швеция: 19
...
Чехия: 0
- Орусияда коронавируска чалдыккандардын саны жарым миллиондон ашты. Ооругандардын көбү Москва менен Санкт-Петербургда катталууда.
- Германия 15-июндан тартып Швейцария, Франция, Австрия жана Дания менен чек арасындагы чектөөлөр алынарын жарыялады. Бирок Евробиримдикке кирбеген мамлекеттерден келген жарандарга карата карантин чаралары июндун аягына чейин кала берет.
- Венгрия менен Хорватиянын чек арасы 12-июнда ачылмай болду. Словакиянын өкмөтү да илдет басаңдаган 16 өлкө менен каттамдар жандана турганын билдирди. Өткөн аптада Австрия, Чехия жана Венгриянын жарандары үч өлкөнүн аймагында чектөөсүз каттаганга мүмкүнчүлүк алышкан.
- Эми Австриянын өкмөтү 16-июндан тартып кезинде коронавирустун очогу болгон Италия менен чек арасындагы текшерүүлөрдү токтоторун жана Европанын 30дай өлкөсүнөн келген жарандар карантинге алынбай турганын билдирди. Азырынча Швеция, Британия, Испания жана Португалиянын жарандары үчүн чектөө кала берет.