Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:42

Өлкө боюнча 1,2 миллиондон ашык киши эмделди

"Азаттык" радиосу коронавирус пандемиясына байланыштуу Кыргызстандагы жана дүйнөдөгү маалыматтарды тынымсыз жарыялап келет.

2021-жыл, шейшемби, 21-сентябрга карата маалымат:

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын 21-сентябрдагы маалыматына караганда, бир суткада өлкө боюнча вирустан эки киши каза болду.

Жалпысынан коронавирустан каза болгондордун расмий саны 2592 адам.

Соңку бир күн ичинде вирус дагы 89 адамдан расмий табылды. Өлкөдө бул оору жуккандардын расмий катталган саны 177 869 адамга жетти.

Бир күндө 108 адам айыгып чыкты. Азыр ооруканада 571 адам жатат, дагы 865 бейтап үйдөн дарыланууда. Жалпы айыккандардын саны 172 369 киши.

Бул сандар улам жаңыланып турат. Дүйнөдөгү кырдаалды бул шилтемеден билсеңиз болот.

12:49 16.6.2020

Акыркы суткада 14 медициналык кызматкер вирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул маалыматты саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 16-июнда брифингде билдирди.

Алардын ичинен:
• Бишкек шаарында – 5

• Ош шаарында – 3

• Нарын облусунда – 3

• Чүй облусунда – 1

• Ош облусунда – 1

• Талас облусунда – 1

5 медицина кызматкери оорудан айыгып, үйүнө чыгарылды.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 474 учур катталды, алардын ичинен 359 медкызматкер стационардан айыгып чыккан. Экөө коронавирус жуктургандан кийин каза болду.

10:42 16.6.2020

16-июнга карата коронавируска чалдыкканы аныкталган 100 адамдын ичинен 53 адам байланышта болгондорду иликтөөдө аныкталган. 38 адам инфекцияны кайдан, кимден жана кандай шартта жуктуруп алганын айтып бере алган эмес.

Бишкектеги 57 учурдун көпчүлүгү да ооруну кайдан жуктурганы белгисиз. Бул маалыматты саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 16-июнда брифингде билдирди:

“Тогуз адам сырттан келгендер, алардын ичинде жүк ташыган автоунаанын айдоочулары. Борбор калаада вирус мекеме-ишканалардын кызматкерлерине да жуккан. Медицина кызматкерлери да оору жуктуруп алып жатышат”, - деди Үсөнбаев.

Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев вирустун көбөйүп жатканын санитардык талаптар аткарылбай, аралык сакталбай жатканы менен байланыштырды. Анын айтымында, коомдук автоунаалардын көбөйүшүнөн, адамдардын эл чогулган жерлерде беткапсыз, эч кандай коргоочу каражатсыз жүргөнүнүн кесепетинен вирус тарап жатат.

16-июнда Кыргызстанда коронавирус 100 адамдан жаңы катталды. Бул пандемия башталгандан бери Кыргызстанда бир сутка ичинде катталган эң жогорку көрсөткүч болуп калды.

15-июнда 87 учур, 14-июнда 78 учур катталган. Жалпы коронавируска чалдыккандардын саны 2472 адам. Оорудан 1844 адам сакайып кетти. 28 адам коронавирус жуктуруп алгандан кийин каза тапты.

10:18 16.6.2020

16-июнь, шейшембиде өлкө аймагында дагы 100 адамга коронавирус жукканы аныкталды.

Бул өлкөдө коронавирус алгач катталгандан берки эң жогорку көрсөткүч болуп калды.

Вирус аныкталгандардын көптүгү жагынан Бишкек шаары алдыда экенин 16-июнда саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

  • Бишкек шаары – 57
  • Ош шаары - 11
  • Чүй облусу – 11
  • Ош облусу – 6
  • Жалал-Абад облусу - 1
  • Ысык-Көл облусу – 2
  • Нарын облусу – 9
  • Талас облусу - 3

Брифингдеги маалымат боюнча 16-июнда коронавирус илдетинен дарыланып жаткан 34 бейтап айыгып, үйүнө чыкты. Алардын тогузу Бишкектен, Чүйдөн 17, Нарындан 4, үчөө Ош шаарынан жана бирөө Жалал-Абад облусунан.

Ушуну менен СOVID-19га чалдыккандар 2472 адамга жетти.

  • Жалал-Абад облусунда – 186,
  • Ош облусунда – 261,
  • Ош шаарында - 280,
  • Чүй облусунда – 226,
  • Бишкек шаарында – 783
  • Баткен облусунда – 36,
  • Нарын облусунда – 416,
  • Ысык-Көл облусунда –33 киши.
  • Талас облусунда - 11 киши.

Обсервацияда жаткандардын саны 1671 адам. 1847 адам айыкты. 597 адам ооруканада, 32 адамдын абалы оор, 6 адам реанимацияда жатат. 28 адам каза болду.

10:01 16.6.2020

Индияда коронавируска чалдыккандар көбөйүп кеткенине байланыштуу Тамил-Наду штатынын борбору Ченнай шаарына кайрадан карантин киргизилди. 15 миллиондон ашуун калкы бар бул шаарда карантин июнь айынын аягына чейин созулушу ыктымал.

Индиялык аял. Мумбай.
Индиялык аял. Мумбай.

Тамил-Наду Индияда Махараштрадан кийинки коронавирустан катуу жабыркаган штат. Мумбай шаары жайгашкан Махараштра Индиянын экономикалык жана маданий борбору болуп эсептелет.

Индия COVID-19 жуктургандардын саны боюнча дүйнөдө 4-орунда турат. Бул өлкөдө оорудан 10 миң киши каза тапкан.

Карантин режимин кайрадан киргизген өлкөлөрдүн ичинде Иран дагы бар. Акыркы суткада Иранда вирустан акыркы суткада жүздөн ашуун киши көз жумду. Мындай көрсөткүч апрелдин ортосунда, вирус күчөп турган учурда катталган.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG