Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев жарандарды оорунун белгилери билинери менен дароо дарыгерлерге кайрылууга чакырды. Анын 18-июндагы брифингде айтканына караганда, убагында медицина кызматкерлерине кайрылбай, үйдө өзүм билемдик менен дарылануунун кесепети көп болууда:
“Өз алдынча дарыланган шарттар каттала баштады. Көп учурда үйүндө жатып алып, ар кимдин сөзү менен эле дарыланып жүрүп, орточо абалын оор абалга өткөрүп жибергендер көбөйдү. Анын арты минтип кейиштүү аяктап жатат”.
COVID-19 илдетине каршы республикалык ыкчам штабдын маалыматына караганда, 17-июнда бул илдеттен каза тапкан 36 жаштагы эркек дарыгерлерге кайрылбай, үйдөн өз алдынча дарыланып жатып ооруну өтүштүрүп жиберген.
Үсөнбаев дене табы көтөрүлүп же респиратордук оорулардын белгилери каттала турган болсо, 118 номуру аркылуу медицина кызматкерлерине кайрылууга чакырды.
Кыргызстанда COVID-19 диагнозу тастыкталган бардык оорулууларды дарылоо, ошондой эле байланышта болгондорго байкоо жүргүзүү социалдык статусуна жана жарандыгынан көз карандысыз түрдө толугу менен акысыз жүргүзүлөт. Бул инфекцияны жугузуп алган бейтаптар үчүн акы ММК фонду тарабынан төлөнөт.
Бул тууралуу милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун (ФОМС) жетекчисинин орун басары Клара Өскөнбаева 16-июнда билдирген. Анын маалыматына караганда, чыгаша Республикалык жугуштуу оорулар клиникасындагы сарпталган акча боюнча эсептелет.
Өскөнбаеванын айтуусунда бул суммага жеке коргонуу каражаттарын сатып алууга жана эмгек акыга кеткен чыгымдар, коронавирусту аныктоочу лабораториялык ПЦР анализдеринин наркы кирбейт.
Коронавируска байланыштуу ооруканага жатып, дарылоонун өлчөмү:
- Симптомсуз форма - 3030,12 сом
- Оорусу жеңил бейтаптар үчүн – 3500,63 сом
- Орто даражадагылар үчүн – 10817,78 сом
- Оорусу оор даражадагы бейтаптар үчүн – 70427,31 сом
- Өтө оор даражадагылар үчүн – 132 837,09 сом.
- Мындан тышкары, байланышта болгон адамдарга байкоо жүргүзүү үчүн ооруканаларга 1742 сом төлөнөт.
18-июнга карата Кыргызстанда коронавирус илдетине чалдыккандардын жалпы саны 2650 адамга жетти. Илдет жуктуруп алган 31 адам каза болду. Каза тапкандардын ичинен экөө жашы элүүгө жете элек адамдар.
18-июнда өлкө аймагында дагы 95 адамга коронавирус жукканы аныкталды. Адаттагыдай эле ооругандардын басымдуу бөлүгү борбор калаада.
- Бишкек шаарында – 49
- Ош шаарында - 7
- Ош облусунда - 7
- Талас облусунда - 4
- Баткен облусунда - 1
- Жалал-Абад облусунда - 6
- Чүй облусунда – 14
- Нарын облусунда - 7
Вирус жуктуруп алган 73 жаштагы эркек акыркы суткада каза тапты.
Ушуну менен СOVID-19га чалдыккандардын саны 2650 адамга жетти.
- Жалал-Абад облусунда – 195,
- Ош облусунда – 274,
- Ош шаарында - 294,
- Чүй облусунда – 269,
- Бишкек шаарында – 868
- Баткен облусунда – 40,
- Нарын облусунда – 423,
- Ысык-Көл облусунда –33.
- Талас облусунда - 21.
Обсервацияда жаткандардын саны 1569 адам. 1933 адам айыкты. 631 адам ооруканада, 38 адамдын абалы оор, 6 адам реанимацияда жатат. 31 адам каза болду.
Коронавирус пандемиясы тууралуу статистика. Бишкек убактысы боюнча таңкы саат 6:00догу маалымат.
Дүйнөдө коронавирусту алып жүргөндөрдүн жалпы саны: 8 354 000 (+149 000, өткөн суткага караганда 11% көп ).
- Өлдү: 449 000 (+5300, өткөн суткага караганда 15% аз )
- Айыккандардын саны: 4 373 000 (+95 000, өткөн суткага караганда 5% )
Активдүү учурлар – 3 793 000. Алардын 3 532 000 – абалы орто, 54 462 (2%) – оор жана өтө оор абалдагылар
Акыры 22 саат ичинде жаңы катталган учурлар:
- АКШ: 19 861 (өсүү)
- Индия: 13 103 (өсүү)
- Орусия: 7843 (төмөндөө)
- Бразилия: 5935 (төмөндөө)
- Пакистан: 5839 (өсүү)
- Сауд Арабия: 4919
...
- Швеция: 1239 (өсүү)
- Улуу Британия: 1115 (төмөндөө)
...
- Украина: 758 (өсүү)
- Беларус: 663 (төмөндөө)
- Германия: 645
...
- Франция: 458 (рост)
...
- Италия: 328 (өсүү)
- Канада: 319
- Израиль: 288 (өсүү)
...
- Чехия: 43 (өсүү)
Жаңы өлгөндөр:
- Мексика: 730 (өсүү)
- АКШ: 703 (өсүү)
- Индия: 341
- Чили: 232
- Перу: 201
- Орусия: 194 (өсүү)
- Улуу Британия: 184 (төмөндөө)
...
- Швеция: 102 (өсүү)
...
- Италия: 43 (өсүү)
...
- Украина: 31 (өсүү)
- Йемен: 30
- Франция: 28
...
- Чехия: 2
- автор Айнура Жекше кызы
АКШда согуштагыдан да көп киши өлдү
Кошмо Штаттарда коронавирустун курмандыктары өлкө Биринчи дүйнөлүк согушта жоготкон кишилердин санынан ашты. Дүйнө жүзүндө COVID-19га 8 миллион 200 миңге чукул адам чалдыкты, 444 миңдей бейтап илдеттен өлдү.
Жон Хопкинс университетинин 17-июндагы маалыматына ылайык, АКШда коронавируска кабылгандардын саны 2 миллион 130 миңден ашты, 117 миңге жакыны оорудан көз жумду.
Биринчи дүйнөлүк согушта өлкө 116 миң 516 кишини жоготкон. Алардын арасынан 53 миң 402 аскер урушта набыт болсо, калгандары негизинен 1918-жылкы «испан тумоосунан» каза тапкан. Күнүнө жаңы инфекция жугузгандардын саны 23 миң кишинин айланасында болуп келатканы менен көпчүлүк бизнес акырындап ачылып жатат.
Вирусту жугузуп алгандардын санынын өсүп жатышын айрым эксперттер анализ тапшыргандардын көбөйүшү менен түшүндүрүп жатат. Бирок саламаттык сактоо тармагындагы адистер буга экономикалык ишмердиктин жанданышы себеп болгонун белгилешет.
Ал эми президент Дональд Трамп экинчи жолу карантин киргизилбей турганын кайталап келет. Ошол эле маалда АКШ, Мексика жана Канада менен чек арасын 21-июлга чейин жабык кармоону, эки жакка каттоону чектөө тууралуу макулдашты.
Европада болсо тескерисинче, үч айдан кийин ички чек аралар ачылды. Континент пандемиядан көп жапа чеккени менен акыркы мезгилде жаңы учурлар, ооруканаларга жаткырылгандар, өлгөндөр азая баштады.
Шаршембиде британ премьер-министри Борис Жонсон Испания менен Францияга тоскоолдуксуз каттоого жакын арада мүмкүн болоруна ишенерин айтып, ошол эле маалда өлкөгө келген чет элдиктерди эки жума карантинде кармоо саясатын, башка чектөөлөрдү коргоду.
Азыр пандемия очогу Латын Америкасы болуп турат. Мексикада COVID-19дан күнүнө 730га жакын киши ажал таап жатканы менен шейшембиден тарта чиркөөлөр жана башка диний жайларга ишин жандантууга уруксат берилди.
Азияда адистер Кытай менен Пакистанга назар салып турат. Коронавирустун жайылышынын алдын-алуу максатында 17-июнда Бээжинден 1 миң 255 авиарейс аткарылбай калды. Кытайдын баш калаасында акыркы жумада коронавирусту жугузуп алган 137 киши аныкталгандан бери бийлик шаарда чектөөчү чараларды киргизип жатат.
Пакистанда шаршембиде илдеттен дагы 136 бейтаптын көз жумганы кабарланып, жалпы сан 2 миң 975ди түздү.
Саламаттык сактоо тармагынын жетекчилери догдурлар «Дексаметазон» менен дарылоону караштырышы ыктымал экенин билдиришти.
Сөз болгон стероид оор абалдагы бейтаптардын өмүрүн сактап калышы мүмкүн экенин клиникалык сыноо да көргөзүп, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму буга байланыштуу өз сунуштарын жаңылантууга даярданууда.
Ал тапта окумуштуулар жаңы вакцинанын үстүнөн иштөөнү улантууда. Вакцина стратегиясы боюнча глобалдык саммитти өткөрүү 27-июнга белгиленди.