“Кыргызстан” фракциясынын мүчөсү, Жогорку Кеңештин депутаты Бейшеналы Нурдинов COVID-19 инфекциясын жугузуп алганы аныкталды.
Маалыматты саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 20-июнда брифингде ырастады. Анын сөзүнө караганда, жалпы Жогорку Кеңештин депутаттарынын баары лабораториялык ПЧР анализ тапшырышкан, Нурдиновдон башка депутаттардын анализи таза чыккан.
Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы парламенттин аппарат кызматкерлери да коронавируска лабораториялык текшерүүдөн өтүп, жыйынтыгы таза чыкканын кабарлады.
Бишкек мэри Азиз Суракматов коронавирус жугузуп алды. Маалыматты мэриянын аппарат башчысы Балбак Түлөбаев “Азаттык” радиосуна ырастады:
“Мэр үч күндөн бери дене табы көтөрүлүп, үйдөн иштеп жаткан. Кечээ лабораториялык ПЧР-анализинин жыйынтыгында ал коронавирус жугузуп алганы аныкталыптыр. Абалы жакшы, азыр эле сүйлөштүм. Азырынча үйүнөн эле дарыланып жатат”, - деди Түлөбаев.
Мэриянын имараты 19-июнда кечинде толук дезинфекция болгон.
20-июнда өлкө аймагында дагы 192 адамга коронавирус жукканы аныкталды. Бул пандемия башталгандан берки Кыргызстанда бир суткада оору аныкталган эң жогорку көрсөткүч.
Вирус жуктуруп алган үч адам каза тапты. Алардын экөө 59 жаштагы аял менен 61 жаштагы эркек Ош облусунан, 62 жаштагы эркек киши Ысык-Көл облусунан.
Ушуну менен илдет жуктуруп алгандан кийин көз жумгандардын саны 35 адамга жетти.
Өлкө аймагында СOVID-19га чалдыккандардын жалпы саны 2981 адамды түздү.
- Жалал-Абад облусунда – 206,
- Ош облусунда – 300,
- Ош шаарында - 323,
- Чүй облусунда – 369,
- Бишкек шаарында – 1010
- Баткен облусунда – 40,
- Нарын облусунда – 431,
- Ысык-Көл облусунда –35 киши.
- Талас облусунда - 27 киши.
Булардын ичинен 1981и айыкты.
Обсервацияда жаткандардын саны 1569. 498 адам ооруканада, 30 адамдын абалы оор, 5 адам реанимацияда жатат. Үй шартындагы изоляцияда 385 адам бар. 35 адам каза болду.
Коронавирус инфекциясынан улам эпидемиологиялык кырдаал начарлашы мүмкүн экенин, ага даярдыкты күчөтүү зарыл экенин премьер-министр Кубатбек Боронов 20-июнда Республикалык ыкчам штабдын жыйынында билдирди.
"Күнүгө жарандардын арасында коронавирус инфекциясын жугузуп алгандардын саны көбөйүүдө. Өзгөчө Бишкек, Ош шаарларында жана Чүй облусунда абал курч. Аймактарда абалды көзөмөлдөө боюнча толук кандуу иштер жүргүзүлбөй жатат”, - деген өкмөт башчы облус жетекчилерине аймактардагы эпидемиологиялык кырдаал үчүн алар жоопкерчиликтүү экенин эскертти.
Кубатбек Боронов эпидемиологиялык кырдаалды көзөмөлдөө менен чогуу эле кышка даярдыкты да унутта калтырбоону тапшырды. Элге мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр аралыктан жүргүзүлүшү үчүн санариптештирүүнү күчөтүү зарылдыгын белгиледи.
Өкмөт башчы коронавирустун белгилери байкалган жарандар менен иштеген 118 түз байланыш кызматынын ишине эл арасында нааразылык көп экенин кошумчалады.
«Коомчулук бул кызматка чалуу кыйын болуп жатканына нааразы. Эгерде жаран call-борборго кайрылса, ага ыкчам түрдө тийиштүү колдоо көрсөтүлүшү керек, ал эртең мененкиге чейин күтпөшү керек. Call-борбор күнү-түнү жана бүт өлкө боюнча иштөөгө тийиш. Кайрылган жарандарга өз убагында жардам көрсөтүүнү камсыздоо кажет», - деди Боронов.
Кубатбек Боронов 118 кызматынын дараметин күчтөндүрүп, кызматкерлердин санын көбөйтүү зарыл экенин да белгиледи.