Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөө абагында отурган экс-депутат Каныбек Осмоналиев абалы начарлап, коронавируска анализ тапшырды.
Мекеменин басма сөз кызматы 24-июнда кабарлагандай, шейшемби күнү ага "Тез жардам" чакыртылган:
"Учурда Осмоналиевдин абалы канааттандырарлык. Ага тиешелүү медициналык текшерүү жүргүзүлүп, жыйынтыгы менен дарылануудан өтүүдө. Ошондой эле Осмоналиев COVID-19га карата ПЧР анализ тапшырды".
Маалыматта УКМК кызматкерлери өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу тиешелүү медициналык текшерүүдөн тынымсыз өтүп жатканы белгиленди.
Парламенттин мурдагы депутаты Осмоналиев быйыл 2-мартта Бишкекте камактагы саясатчы Садыр Жапаровду колдоо боюнча митингди алып барган. Жапаровду бошотууну талап кылган митингдин соңунда чогулгандар менен милиция кагылышкан. 170ке жакын адам кармалып, Осмоналиев менен кошо дагы үч кишини камакка алынган.
Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков Москвадагы парадга ардактуу конок катары катыша алган жок.
Мамлекет башчынын басма сөз кызматы кабарлагандай, Москвага учуп барганда кыргыз делегациясы коронавируска анализ тапшырып, экөөнүкү таза эмес болуп чыкты.
Президенттин расмий сайтында жарыяланган маалыматка караганда, "Алгоритмге ылайык, президент Жеңиштин 75 жылдыгына арналган иш-чараларга катышуудан карманды. Президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыковдон жана күзөт кызматынын бир кызматкеринен илдет аныкталды".
24-июнда президенттин басма сөз катчысы Толгонай Стамалиева мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков Москвадан кайткандан кийин үч күн обочолонууда болорун билдирди.
Анын айтымында, анализинен коронавирус чыккан эки кызматкер 14 күнгө обочолонот. Алар менен Москвага чогуу учуп барган президент жана башкалар анализ тапшырып, жыйынтыгы чыкканча болжол менен үч күн өзүнчө болушат.
Стамалиева кыргыз делегациясынын мүчөлөрү Москвага учар алдында COVID-19га анализ тапшырганын, баарыныкы таза чыкканын кошумчалады.
Бүгүн Москванын Кызыл аянтында Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына арналган парад өттү. Ага бир катар өлкө лидерлери чакырылган, айрымдары баруудан баш тартышкан.
Жээнбеков баштаган кыргыз делегациясы Москвага 23-июнда учуп барган.
Парадга Кыргызстандын Улуттук гвардиясынын жоокерлери катышты.
Кыргызстанда соңку бир сутка ичинде коронавируска 4196 адамдын анализи алынып, алардын арасынан илдет жуккан 207 адам катталды. Бул тууралуу 24-июнда саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.
Алардын эң көбү Бишкек шаарында - 92 адам. Ош шаарында 43, Чүй облусунда 35, Ош облусунда 28, Нарын облусунда беш, Ысык-Көл облусунда эки жана Жалал-Абад, Талас облустарында бирден адам.
Бир суткада бул илдеттен бир адам каза тапты. 48 жаштагы бейтап Ошто облус аралык ооруканада дарыланып жаткан.
Коронавирус илдетинен дарыланып жаткан 28 бейтап айыгып, акыркы сутка ичинде үйүнө чыкты.
Жалпысынан 18-марттан 24-июнга чейин өлкөдө коронавирус 3726 адамдан табылды, алардын ичинен 42 бейтап кайтыш болду, 2082 бейтап айыгып кетти. (RK)
Сербиялык белгилүү теннисчи Новак Жокович коронавируска чалдыкканын билдирди. Билдирүүдө спортчунун аялы да вирусту жугузуп алганы, балдарынын анализдери жакшы чыкканы айтылат.
Буга чейин хорватиялык Борна Корич, болгариялык Григор Димитров жана сербиялык Виктор Троицки өткөн жумада Жокович уюштурган "Adria Tour" мелдешине катышкандан кийин ооруп калганы кабарланган.
Турнирдин 21-июнга белгиленген финалы Димитров вирус жугузуп алгандан кийин болбой калды.
Жокович мелдешти уюштурууда санитардык нормаларды сактабагандыгы, Белграддагы беттешүүлөрдөн кийин майрамдык кече өткөргөндүгү үчүн сынга кабылган. Ошол эле маалда Сербия жана Хорватия карантиндик чектөөлөрдү жумшарткандыктан, жергиликтүү мыйзамдар бузулган эмес.