Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:12

Өлкө боюнча 1,2 миллиондон ашык киши эмделди

"Азаттык" радиосу коронавирус пандемиясына байланыштуу Кыргызстандагы жана дүйнөдөгү маалыматтарды тынымсыз жарыялап келет.

2021-жыл, шейшемби, 21-сентябрга карата маалымат:

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын 21-сентябрдагы маалыматына караганда, бир суткада өлкө боюнча вирустан эки киши каза болду.

Жалпысынан коронавирустан каза болгондордун расмий саны 2592 адам.

Соңку бир күн ичинде вирус дагы 89 адамдан расмий табылды. Өлкөдө бул оору жуккандардын расмий катталган саны 177 869 адамга жетти.

Бир күндө 108 адам айыгып чыкты. Азыр ооруканада 571 адам жатат, дагы 865 бейтап үйдөн дарыланууда. Жалпы айыккандардын саны 172 369 киши.

Бул сандар улам жаңыланып турат. Дүйнөдөгү кырдаалды бул шилтемеден билсеңиз болот.

09:15 14.7.2020

Кыргызстандын вице-премьер-министр Аида Исмаилова 13-июлда Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) Кыргызстандагы өкүлү Тасним Ататра менен жолукту.

Тараптар өзгөчө кырдаал шартында саламаттык сактоону башкарууну колдоо үчүн маалымат агымын жана ресурстарды координациялоо маселесин талкуулашты.

ДССУнун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү Саламаттык сактоо министрлигине коомчулуктун ден соолугунун бирдиктүү базасын түзүүгө, аны программалык камсыздоого жана адистерди окутууга техникалык жардам көрсөтүүгө даярдыгын билдирди.

Маалыматта айтылгандай, жакынкы мезгилде Кыргызстанга ДССУнун эксперттери келет. Алар өлкөдөгү абалды баалап, коомчулуктун ден соолук системасын санариптештирүү боюнча “Жол картасын” иштеп чыгышат.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) коронавирус пандемиясына байланыштуу кырдаал ккүчөп барат жатканын белгилөөдө. Уюмдун башкы директору Тедрос Гебреисус вирус менен күрөшүүдө “көптөгөн өлкөлөр туура эмес жолго түшүп алышканын” айтты.

“Оору жуктургандардын саны ага каршы күрөшүүнүн сунушталган чаралары колдонулбаган же сакталбаган аймактарда өсүп жатат”, - деди Гебреисус.

Учурда Түндүк жана Түштүк Америкада кырдаал оор. АКШда 3,3 млн. адам коронавируска чалдыккан. Акыркы убактарда мамлекет башчысы Дональд Трамп менен медициналык эксперттердин мамилеси чыңалды. АКШдагы Жонс Хопкинс университетинин маалыматына караганда өлкөдө коронавирустан өлгөндөрдүн саны 135 миң адамга жетти.

Гебреисус дүйшөмбүдө Женевадагы брифингде мамлекет башчылардын бири-бирине карама-каршы келген билдирүүлөрү пандемияны көзөмөлгө алуу аракетин жокко чыгарып жатканын айтты. Аралыкты сактоо, колду таза жуу, көпчүлүктө беткап менен жүрүү – олуттуу мамилени талап кыларын белгилеген Гебреисус бул чараларды сактабаган аймактарда “мурдагыдай жашоого жакын арада кайтуу мүмкүн эместигин” эскертти.

14-июлга карата жалпы дүйнө жүзүндө коронавируска чалдыккандардын саны 13,2 миллиондон ашуун адамга жетти. Дээрлик 575 миң киши илдеттен көз жумду. 7,7 млн. адам оорудан сакайып чыкты.

Коронавирус илдети өткөн жылдын аягында Кытайдын Ухань шаарында пайда болгон. Кыска убакытта бул оору дүйнөнүн 215 өлкөсүнө тарады. Ооругандардын санынын көптүгү жагынан биринчи орунда АКШ, экинчи орунда Бразилия, андан кийин Индия, төртүнчү орунда Орусия турат.

11:05 13.7.2020

12-июлдагы маалыматка ылайык, дүйнөдө Covid-19га кабылган 12 жарым миллион киши катталды, жарымынан бир аз көбү айыкты, 560 миңдей бейтап оорудан көз жумду.

11-июлда аскердик госпиталга барып кеткен Кошмо Штаттардын президенти Доналд Трамп биринчи жолу коомчулукта беткап тагынып жүрдү. Буга чейин президент Ак Үйдөгү расмий жолугушууларда, башка иш-чаралар маалында маска кийбегендиги үчүн катуу сынга кабылып келген эле.


АКШда коронавирус жугузуп алгандар көбөйүп кээ бир жерлерде ооруканалар толуп калды. Өлкө инфекциялангандар жана илдеттен өлгөндөр боюнча дүйнөдө биринчи орунда келатат. Жон Хопкинс университетинин маалыматына ылайык, айрым штаттарда вирусту жугузуп алгандардын саны тездик менен өсүп жатат. Акыркы жумада күнүнө 60 миңдин айланасында жаңы инфекциялангандар катталып турду. АКШда вирус менен катталгандардын жалпы саны 3 миллион 29 миң болду, 137 миң бейтап илдеттин айынан дүйнө менен кош айтышты.

Венгрия коронавирустун жайылышын ооздуктоо максатында чек араларында кайрадан чектөөлөрдү киргизип жатат. Май айында өлкөдө карантиндик айрым чектөөлөр жоюла баштап, Европа биримдигинин жана башка коңшу мамлекеттерден келген саякатчылар үчүн чек аралар ачылган. 12-июлга карай коронавирус 4 234 кишиде аныкталып, илдеттен 595 киши көз жумду. Жекшембиде 5 жаңы учур катталды. Бирок премьер-министр Виктор Орбандын кеңсе жетекчиси жаңы карантинге жеткирбеш үчүн чет жактан келгендерди жана чет өлкөлөргө чыккан венгер жарандарын көзөмөлдөп туруу керектигин билдирди.

Ал тапта Хорватия 13-июлдан баштап дүкөндөрдө беткап тагынып жүрүү эрежесин киргизип жатат. Ал жерде вирусту жугузуп алгандар кескин көбөйүп кетти.

11:04 13.7.2020

Кыргызстандын ооруканаларында соңку бир сутка ичинде коронавирустан 15, пневмониядан 29 бейтап каза болду. Бул тууралуу 13-июлда Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова билдирди.

Коронавирустан көз жумгандар: Бишкектеги Кыргыз-түрк ооруканасында 56, 56, 46 жаштагы үч эркек жана 60 жаштагы бир аял, Республикалык клиникалык инфекциялык ооруканада 70 жана 71 жаштагы эки аял, Ак-Талаа аймактык ооруканасында 61 жаштагы эркек, Ат-Башы аймактык ооруканасында 55 жаштагы аял, Жайыл аймактык ооруканасында 69, 67 жаштагы эки эркек жана 83, 50, 61 жаштагы үч аял, Кадамжай аймактык ооруканасында 77 жаштагы эркек жана Лейлек аймактык ооруканасында 75 жаштагы эркек бейтап.

Пневмония болгон 29 адамдын 13ү облустарда, 16сы Бишкекте.

Бир сутка ичинде коронавирус деген диагноз 488 адамга коюлду, дарыланып жаткан 73 бейтап айыгып, үйүнө чыгарылды.

Коронавирус жалпысынан 11 117 адамдан табылды, алардын ичинен 147 бейтап кайтыш болду, 3460 бейтап айыгып кетти.

Пневмонияга чалдыккандардын жалпы саны бүгүнкү күнгө карата канча адам экени айтылган жок, каза болгондордун саны 452 адамга жетти.

Адистер азыр өпкөсүнөн кагынып (пневмония) ооруп жаткандардын баары коронавирус экенин айтууда. Кыргыз бийлиги азырынча пневмония менен коронавирустун статистикасын өз-өзүнчө карап келатат.

10:52 12.7.2020

Бир сутка ичинде Кыргызстандын ооруканаларында коронавирустан жети, пневмониядан 41 бейтап каза болду. Бул тууралуу 12-июлда Республикалык штабдан маалымдашты.

COVID-19дан Бишкектеги Кыргыз-Түрк достук ооруканасында жаткан 37, 57 жаштагы эки эркек жана 58 жаштагы аял, Республикалык клиникалык инфекциялык ооруканасында жаткан 57 жаштагы аял, Ат-Башы аймактык ооруканасында жаткан 64 жаштагы аял, Жайыл аймактык ооруканасында жаткан 36 жана 52 жаштагы эки эркек каза болду. Ушуну менен өлкө боюнча коронавирустан каза болгондордун саны 132 кишиге жетти.

Ал эми бир сутка ичинде пневмониядан 41 бейтап каза болду. Алардын 19у Бишкекте, калгандары аймактарда. Март айынан бери өпкөсү кагынып каза болгондордун жалпы саны 423 адамга жетти.

12-июлга карата дагы 719 кишиден коронавирус аныкталды. Алардын 500ү Бишкек шаарында, 96сы Чүй облусунда, 37си Ош шаарында, 20сы Ош облусунда, 10у Жалал-Абад облусунда, 34ү Баткен облусунда, 15и Ысык-Көл облусунда, бирөө Нарын облусунда, алтоо Талас облусунда. Коронавирус жалпысынан 10 629 адамдан табылды.

12-июлга карата маалыматка ылайык, бир суткада 151 бейтап ооруканадан чыгарылган. Республика боюнча жалпы 3387 бейтап айыкты.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG