Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Март, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 01:41

COVID-19дан эки киши каза тапты


A medical worker fills a syringe with Pfizer-BioNTech vaccine at the COVID-19 vaccination centre of 'Healthcare Centre' in Nis

Корутунду

«Азаттык» радиосу коронавирус пандемиясына байланыштуу Кыргызстандагы жана дүйнөдөгү маалыматтарды тынымсыз жарыялап келет.

5-март, жума, саат 10:48ге карата маалымат:

Коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык штабдын 5-марттагы маалыматына караганда, акыркы бир сутка ичинде COVID-19 илдетинен 2 киши каза болду.

41 кишиге вирус жукканы маалым болду.

Саламаттык сактоо министрлигинин жаңы эсеби боюнча коронавирус пандемиясы башталган март айынан бери илдеттин курмандыктары 1470 кишини түздү.

Ушуну менен пандемия башталгандан бери инфекцияны жугузуп алгандардын жалпы саны 86 451 адамга жетти. Андан айыгып чыккандардын саны - 83 424.


Стационарда дарыланууда – 359 бейтап, алардын ичинен:
1 адам (0,2%) - канааттандыраарлык абалда;
248 (69%) - орто оордукта;
93 (25,9%) - оор абалда;
17 (4,7%) - өтө оор абалда.

Амбулатордук дарыланууда – 259 бейтап.

5-мартка карата 1 медицина кызматкерине коронавирус жуккан учур катталды.

Пандемия башталгандан бери илдетти жугузуп алган медкызматкерлердин жалпы саны - 4206. Анын 4194ү айыгып чыкты. Каза болгон медкызматкерлердин саны 90дон ашты.

Бул сандар улам жаңыланып турат. Дүйнөдөгү кырдаалды бул шилтемеден билсеңиз болот.

10:56 21.2.2021

Коронавируска каршы республикалык штабдын 21-февралга карата берген маалыматы боюнча, акыркы суткада оорудан 6 адам каза тапты. Алардын бешөө Бишкекте, бир адам Жалал-Абад облусунда катталды.

Акыркы суткада коронавирустан 66 адам айыкты. Анын ичинен үчөө - медицина кызматкерлери.

Ал эми акыркы суткада оору 54 адам жаңыдан кабылганы лабораториялык жактан тастыкталды. Оору жуктургандардын басымдуусу Чүйдө – 25 адам, Бишкекте – 16 адам. Ысык-Көлдө – 5, Нарында – 3, Ош жана Талас облустарында экиден адам, Баткенде бир киши коронавирус илдетин жуктурган.

21-февралга карта стационарда 396 бейтап дарыланууда. Алардын ичинен:
8 адам - канааттандыраарлык абалда;
264 адам - орто оордукта;
100 адам - оор абалда;
24 адам - өтө оор абалда.
303 бейтап амбулатордук дарыланууда.

Былтыр март айынан бери Кыргызстанда ооруга 85 888 адам чалдыгып, 82 756 адам сакайды. 1458 адам каза болду.

20:12 20.2.2021

Орусияда жергиликтүү дары-дармек өндүрүүчүлөрү коронавируска каршы чыгарган үчүнчү вакцина катталды. Ал – Орусия Илимдер академиясынын М.П.Чумаков атындагы Федералдык изилдөө жана иштеп чыгуу илимий борбору даярдаган “КовиВак” вакцинасы. Ал вакцина “өлтүрүлгөн” вируска негизделген жана анын натыйжалуулугу тууралуу маалымат азырынча ачыкталган жок.

"КовиВак" дары заты кишинин денесине коронавирустун «өлтүрүлгөн» түрүнүн анча-мынча бөлүкчөсүн киргизип, дененин иммунитеттик каршылыгын туудурат. Бул – вакцина өндүрүүнүн классикалык ыкмасына жатат жана ушул ыкма Кытай менен Индияда да колдонула баштаган.

Эми бул вакцинаны өндүрүү үчүн өтө жогорку деңгээлдеги биологиялык коргоо системаы камсыздалган лаборатория талап кылынат. Мындай лабораториясыз жаңы вакцинаны ири көлөмдөгү өнүм берчү өндүрүшкө салууга болбойт.

20:11 20.2.2021

Орусия Кыргызстанга 100 миң даана ПЧР тесттерин жана мобилдик автономдуу лаборатория берет.

Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Келишим бүгүн, 20-февралда Кыргызстандын саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев менен Орусиянын "Роспотребнадзор" мекемесинин башчысы Анна Попованын жолугушуусунда түзүлдү.

Орусия жугуштуу ооруларды, анын ичинде коронавирустун британ жана башка штаммдарын дарылоо боюнча адистешкен медицина кызматкерлерин даярдоого көмөктөшмөкчү.

Тараптар Кыргызстандагы COVID-19 вирусуна байланыштуу эпидемиологиялык кырдаалды чогуу иликтөөнү талкуулашты.Алымкадыр Бейшеналиев Орусиядагы кыргызстандыктарды массалык эмдөөгө көмөктөшүүсүн өтүндү.

Министр Алымкадыр Бейшеналиев буга чейин Орусиянын саламаттык сактоо министри Михаил Мурашкого жолуккан. Анда Коронавируска каршы «СпутникV» вакцинасын Кыргызстанга алып келүү тууралуу сүйлөшүү жүргөн.

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев Москвага иш сапар менен 18-февралда кеткен.

Кыргызстан буга чейин коронавируска каршы «AstraZeneca» вакцинасын тандап алган.

Эмдөө март айында башталып, 504 миң доза алгач медицина кызматкерлерине жана мугалимдерге сайылары кабарланган.

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги мындан тышкары «СпутникV» вакцинасынын өндүрүүчүлөрү менен да сүйлөшүү жүргүзүп жатканы айтылган.

Коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык штабдын 20-февралдагы маалыматына караганда, акыркы бир сутка ичинде COVID-19 жана пневмониядан эки адам каза таап, вирус 59 кишиден табылган. Жүздөн ашуун адамдын абалы оор экени айтылды. Март айынан бери илдеттен 1452 адам көз жумду.

11:11 20.2.2021

Бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 катталган жаңы учурлар:

  • Бишкек - 22
  • Ош - 1
  • Чүй облусу – 18
  • Ош облусу - 8
  • Талас облусу - 0
  • Нарын облусу - 1
  • Ысык-Көл облусу – 9
  • Жалал-Абад облусу – 0
  • Баткен облусу - 0


Бардыгы болуп бир сутка ичинде катталгандар: 59

Жалпы: 85 831

COVID-19 илдетинен каза болгондордун жаңы учурлары:

  • Бишкек – 1
  • Ысык-Көл облусу – 1

Жалпы: 1452

Стационарда дарыланууда – 391 бейтап, алардын ичинен:

  • 6 адам (1,5%) - канааттандыраарлык абалда;
  • 260 (66,4%) - орто оордукта;
  • 105 (26,8%) - оор абалда;
  • 20 (5,1%) - өтө оор абалда.

Амбулатордук дарыланууда – 358 бейтап. ​

Дагы жүктөңүз

Пикирлерди көрүңүз (388)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.

XS
SM
MD
LG