25-августтагы онлайн брифингде саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев өлкө аймактарынын ичинен Жалал-Абад жана Баткен облустарында коронавирустун жайылышы дагы эле көп болуп жатканын маалымдады.
«Динамика оңолгону менен кооптонуу бар. Тилекке каршы, кайрадан оору жукпайт деп эч ким кепилдик бере албайт. Андыктан тийиштүү санитардык талаптар: беткап кийүү, колду самындап жууп туруу, антисептик колдонуу жана социалдык аралыкты сактоо тууралуу унутпаңыздар», - деди ал.
24-августта Мексикадагы 30 миллиондой мектеп окуучуларына сабактар телекөрсөтүү аркылуу өтүлө баштады. Өлкөдө Интернет бардык аймактарда жеткиликтүү болбогону үчүн бийлик ушундай чечимди кабыл алган.
Телекөрсөтүү өлкөнүн 94% жеткиликтүү болсо, Интернет 70-80% гана жабат.
Мексикадагы ата-энелердин көбү сыналгы аркылуу өткөрүлүп жаткан сабактардын сапатына нааразы. Алар балдар ансыз да үйдө отуруп психологиялык жактан жабыркады деп эсептешет.
Өлкөдө мектептерге барып окуу март айында токтотулган. Мексика коронавирустан өлгөндөрдүн саны боюнча дүйнөдө АКШ менен Бразилиядан кийинки эле үчүнчү орунду ээлейт.
Ал эми Кошмо Штаттарда аралыктан окутуунун биринчи күнүндө ZOOM байланыш платформасындагы алишемдиктер сабактарды үзгүлтүккө учуратты.
Пандемия башталганы онлайн жыйындар, сүйлөшүүлөр үчүн активдүү колдонулуп келген ZOOM эки жарым саатка өчүп калган. Компания анын себебин түшүндүргөн жок.
Дүйнөдө коронавирустан 811 миңден көп адам каза болду, инфекцияга 23,5 миллион адам чалдыкты.
Орусиянын Тува аймагынын башчысы Шолбан Кара-Оол экинчи ирет коронавируска чалдыкканын билдирди. Ал «Инстаграм» социалдык тармагындагы баракчасына жайгаштырган видеодо үч ай мурда коронавирус менен ооруганын, эми кайра эле ошол диагноз менен инфекциялык ооруканага түшкөнүн айтты.
Ал бул ирет оорунун белгилери мурдагы жолкудан айырмаланарын кошумчалады. «Көкүрөгүм эмес, башым катуу ооруп жатат. Өлбөш керек», - дейт ал видеодо.
Шолбан Кара-Оол экинчи жолу бул ооруну жугузуп алуу мүмкүн эмес экенине ишенгенин айтат.
Тува Республикасынын башчысынын анализинде коронавирус май айында табылган. Аны менен кошо анда өкмөттүн бир нече мүчөсү ооруканага түшкөн.
Орусияда коронавируска 960 миңдей адам кабылган, 16,5 миңдей киши бул оорудан көз жумган.
Коронавирусту экинчи ирет жугузуп алганы расмий катталган адам тууралуу Гонконг университетинин окумуштуулары 24-августта билдиришкен. Алардын иликтөөсүнө караганда, бейтап бул жолу жугузган коронавирус бир нече ай мурда чалдыккан коронавирустун штаммынан айырмаланган.
Кыргызстанда бир сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында бир киши кайтыш болду. 113 кишиден коронавирус лабораториялык жол менен жаңы аныкталды. Бул тууралуу Коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб кабарлады.
Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 26-августтагы брифингде билдиргендей, вирус жугузуп алгандардын 42си Бишкекте катталды.
Баткен облусунда - 21, Ысык-Көл облусунда – 16, Ош облусунда - 12, Чүй облусунда – 8, Жалал-Абад облусунда – 7, Ош шаарында– 3, Нарын облусунда – 3, Талас облусунда бир кишиден вирус табылды.
Расмий маалыматка караганда, коронавирустан каза болгондордун жана аны жугузуп алгандардын жаңы эсеби боюнча Кыргызстанда пандемия башталган март айынан бери илдеттин курмандыктары 1058 кишиге жетти.
Саламаттык сактоо министрлиги 18-августта каза болгондордун статистикасы кайра каралып чыкканын, ага ылайык 437 кишинин өлүмүнө башка оорулар себеп болгонун, сегиз учур эки жолу катталып калганын жарыялаган. Ага чейин вирус жалпы 1498 кишинин өмүрүн алганы айтылып жаткан.
26-августка карата вирус жалпы 43358 кишиге жукту. Анын 37 217си айыгып чыкты.