Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын бүгүнкү, 18-ноябрдагы маалыматына караганда, кечээтен бери бул илдеттен беш киши каза болду. Көз жумган бейтаптар Бишкек шаарынын жана Талас, Чүй, Жалал-Абад, Ош облустарынын тургундары болчу.
Жалпысынан көз жумгандардын саны 1212 адамга жетти.
Соңку бир күн ичинде вирус дагы 425 адамдан табылды. Алардын эң көбү Чүй облусунда (117) жана Бишкек шаарында (110).
- Бишкек - 110
- Ош - 13
- Чүй облусу – 117
- Ош облусу - 50
- Талас облусу - 8
- Нарын облусу - 8
- Ысык-Көл облусу – 55
- Жалал-Абад облусу – 35
- Баткен облусу - 29
Оору жуккандардын жалпы саны 67 894 кишиге жетти.
Бир күндө 531 адам айыгып чыкты. Азыр ооруканада 3136 адам жатат, дагы 3980 бейтап үйдөн дарыланууда.
Коронавирус жуккан медицина кызматкерлеринин жалпы саны 3764 адамга жетти, алардын 3514ү айыгып чыкты. Соңку күндө бул оору 14 дарыгерден табылды.
Кыргызстанда март айынын этегинде башталган эпидемия июль айында курчуп, көп киши каза болгон. Сентябрдын башында каза болгондор катталбай калган. Оорунун экинчи толкуну октябрда башталды.
Өзбекстан Кыргызстанга азык-түлүк жардамын жөнөттү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги кабарлады. Мекеменин маалыматына караганда, коронавируска каршы күрөшкө жардам иретинде 3 000 тонна буудай темир жол мене жөнөтүлгөн. 17-ноябрда аны кыргыз тарап Ош шаарындагы станциядан тосуп алды.
Мындан тышкары, жакынкы арада Өзбекстан Бишкекте жана Баткендин Кадамжай районунда 400 орундук инфекциялык оорукана куруу үчүн модулдук курулуш конструкцияларын жөнөтөрүн билдирди.
Эки өлкө буга чейин да бири-бирине гуманитардык жардам көрсөтүп келген.
Украинада соңку бир сутка ичинде 256 адам COVID-19 илдетинен көз жумду. Бул эпидемия башталгандан берки эң жогорку көрсөткүч. Украинанын саламаттык сактоо министри Максим Степанов шаршемби күнү билдиргендей, өлкөдө коронавирустан кайтыш болгон адамдардын жалпы саны 10 112 кишиге жетти.
«18-ноябрга карата Украинада 12 496 киши короанвирус жугузуп алганы ырасталды. Алардын 535и өспүрүмдөр, 529у медицина кызматкерлери», - деди Степанов.
Украинада соңку бир күн ичинде 1600дөн ашуун бейтап COVID-19дун белгилери менен ооруканага жаткырылды.
Пандемия башталгандан бери Украинада коронавируска чалдыкканы ырасталган адамдардын саны 570 миңден ашты. Жакында өлкө президенти Владимир Зеленский да бул илдетке чалдыгып, ооруканага түшкөн эле.
АКШдагы Жонс Хопкинс университетинин маалыматына ылайык, дүйнөдө кеминде 55 миллион 672 миңдей киши коронавируска чалдыкканы ырасталды. Алардын 1 миллион 339 миңден көбү COVID-19дан көз жумду. Европанын бир катар өлкөлөрүндө коронавирус кайрадан күчөп, жаңы чектөөлөр киргизилип жатат.