Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын бүгүнкү, 20-ноябрдагы маалыматына караганда, кечээтен бери бул илдеттен алты киши каза болду. Көз жумган бейтаптар Бишкек шаарынын төрт, Нарын облусунун бир жана Ош облусунун бир тургуну болчу.
Жалпысынан көз жумгандардын саны 1223 адамга жетти.
Соңку бир күн ичинде вирус дагы 386 адамдан табылды. Алардын эң көбү Бишкек шаарында (119) жана Чүй облусунда (118).
Оору жуккандардын жалпы саны 68 702 кишиге жетти.
Бир күндө 427 адам айыгып чыкты. Азыр ооруканада 3137 адам жатат, дагы 3826 бейтап үйдөн дарыланууда.
Коронавирус жуккан медицина кызматкерлеринин жалпы саны 3787 адамга жетти, алардын 3525и айыгып чыкты. Соңку күндө бул оору 11 дарыгерден табылды.
Кыргызстанда март айынын этегинде башталган эпидемия июль айында курчуп, көп киши каза болгон. Сентябрдын башында каза болгондор катталбай калган. Оорунун экинчи толкуну октябрда башталды.
Бүгүнкү күндө Кыргызстандын ооруканаларында коронавирустан дарыланып жаткан бейтаптардын дээрлик 98 процентинин абалы оор. Бул тууралуу 20-ноябрда Коронавируска каршы республикалык ыкчам штаб кабарлады.
Штабдын маалыматына караганда, алардын абалын дарыгерлер орточо оордукта, оор жана өтө оор деп баалап жатышат. Ооруканада жаткан 3137 адамдын 56сынын гана абалы канааттандырарлык.
865 бейтаптын абалы оор, алар COVID-19 боюнча ооруканада жаткандардын 27,5% түзүүдө.
Бейтаптардын 4% өтө оор абалда, алардын жалпы саны 126 адам.
Мындан тышкары 2090 бейтаптын абалын дарыгерлер орточо оордукта деп мүнөздөп жатышат. Алар ооруканада жаткандардын 66,6% барабар.
Коронавирус жуккан кыргызстандыктардын жалпы саны 68 702 кишиге жетти, алардын 1223ү каза болду.
Кыргызстанда март айынын этегинде башталган эпидемия июль айында курчуп, көп киши каза болгон. Сентябрдын башында каза болгондор катталбай калган. Оорунун экинчи толкуну октябрда башталды.
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) эксперттери ремдесивир аттуу антивирустук дарыны коронувирус жуккан адамдардын абалынын оор же жеңил экенине карабай аларды дарылоодо колдонбоону сунуш кылышты. Уюмдун соңку сунуштамасында бул препарат бейтапты батыраак айыктырат же өпкөнү жасалма дем алдырган аппаратка муктаждыкты азайтат деген ырастама далилденбегени айтылат.
Ушундан улам окумуштуулар ремдесивирди коронавирусту дарылоодо пайдалануу боюнча клиникалык сыноону токтотушту.
Өткөн айда АКШнын президенти Дональд Трамп коронавирус болуп ооруган жана ушул препаратты ичип айыкканын айтып чыккан.
Ушул жылы жайында АКШ ремдесивирдин болгон запасын сатып алган.
Анын алдында Вашингтон ремдесивирди коронавирус илдетин дарылоодо колдонууга уруксат берген. Анда «бул антивирустук дары өпкөсү сезгенген бейтаптардын тезирээк айыгышына өбөлгө түзөрү сыноо учурунда аныкталды» деп айтылган.
«Ремдесивир» дарысын америкалык «Гилеад» фармацевтикалык компаниясы алгач Эбола вирусун дарылаш үчүн иштеп чыккан.
«AstraZeneca» фармацевтикалык компаниясы Оксфорд университети менен чогуу даярдап жаткан вакцинасынын натыйжалуулугу 90% чейин жетиши ыктымал экенин билдирди. Сыноонун соңку баскычында эки вариантта эмдөө болгон. Биринчисинде, ыктыярчыларга алгач жарым доза, бир айга жакын убакыттан кийин толук доза вакцина берилген. Бул убакта вакцинанын натыйжалуулугу 90% деп көрсөтүлгөн. Британия менен Бразилиядагы сыноо учурунда кандайдыр бир олуттуу учурлар болгон эмес.
Вакцина сыноонун экинчи вариантында толук доза бир айдын ичинде тогуз миңдей ыктыярчыга сайылган жана анын натыйжалуулугу 62% жеткен.
Британиянын премьер-министри Борис Жонсон муну «фантастикалуу жаңылык» деп атады, бирок коопсуздук үчүн текшерүү иштери зарыл экенин белгиледи.
Буга чейин америкалык «Pfizer» фармацевтикалык компаниясы COVID-19га каршы вакцинасын сыноолор препарат 95% натыйжалуу экенин, ал аялуу топко кирген улгайган адамдарды да коргой аларын көрсөткөнүн билдирген.
«Pfizer» «BioNTech» компаниясы менен чогуу иштеп чыккан бул вакцинасын жакынкы күндөрдө АКШда чукул каттоодон өткөргөнү жатат.