Коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык штаб Алай районунда 60 орундуу жугуштуу илдеттер ооруканасы ачылып, колдонууга берилгенин кабарлады. Аталган имарат 1996-жылы курулуп, мектеп катары иштеп келген.
Пандемия убагында зарылчылыктан улам аны кайрадан оорукана катары иштетүү боюнча буйрук чыгарылып, оңдоп-түзөө, жабдуу жумуштары толугу менен жергиликтүү бюджеттен, райондук өнүктүрүү фондунан жана жеке демилгелер менен ишке ашырылды. Учурда толук бүткөрүлүп, жабдылган портативдуу рентген да орнотулган оорукана коронавирус илдетин жугузуп алгандарды кабыл алат.
30-ноябрга карата COVID-19 вирусу Кыргызстан боюнча 380 кишиде жаңы табылды. Алардын басымдуу бөлүгү - 137си баш калаа Бишкек шаарынын тургундары. Чүй облусунда 79 кишиден вирус чыкты. Оорудан бир күндө беш киши каза болуп, жалпы курмандыктардын саны 1271 киши болду.
Кыргызстанда COVID-19 алгачкы учуру катталган күндөн тартып ооругандардын саны үч бейтаптан (18-март) 72 807 учурга (30-ноябрь) чейин көбөйдү. Лаборатордук жана клиникалык-эпидемиологиялык тастыкталган учурлар боюнча статистика бириктирилгенден бери 17-июлдан тартып ооругандардын эӊ көп саны катталган күндөр: 17-июль – 1654 учур, 18-июль – 1264 учур.
Вице-премьер-министр Элвира Сурабалдиева «Твиттердеги» баракчасына оору күчөп кетсе катуу ооругандарды кароодо ооруканаларга күч келерин эскертип, «жогорку окуу жайлары жаңы жылдан кийин ачылышы ыктымал, бала бакчаларды ачуу маселеси каралып жатат» деп жазды.
Британия жалпы эмдөөгө кам көрүп жатат
Британ өкмөтү коронавируска каршы үмүт жараткан вакцинанын дагы эки миллион дозасын алганын билдирди жана эмдөөгө жакынкы апталарда киришмекчи. Коронавирустан көп жоготууга учураган бул өлкө ооруга каршы эмдөөнү алгачкылардан болуп баштаганы жатат.
Буга чейин Лондон жети башка фармацевтикалык компания менен эгер алардын вакцинасы натыйжалуу болсо жалпысынан 350 миллион доза вакцина сатып алууну макулдашкан.
Британ өкмөтү бул программанын алкагында 67 миллион жарандын көбүн эмдөөнү пландаштырып жатат. «The Guardian» жана «Financial Times» басылмалары ооруканаларга алгачкы вакциналар 7-декабрдан тартып жеткириле баштай турганын жазды.
Кошмо Штаттардын вакцина боюнча программасына ылайык, аларда дагы эмдөө декабрда башталмакчы.
Жон Хопкинс университетинин эсебинде, АКШда ооруга 13 милилондон көп киши кабылып, 265 миңден ашык бейтаптын өмүрү кыйылды. Буга чейин саламаттык сактоо эксперттери Алкыш айтуу күнүн, андан кийин Рождествонун майрамдоого байланыштуу коронавирус болгондор дагы көбөйүшү мүмкүн экенин эскертишкен.
Дүйнө жүзүндө пандемия башталгандан бери ооругандардын жалпы саны 62,7 миллион адамдан ашып, өпкөнү сезгенткен бул илдеттен 1,46 миллиондой бейтап көз жумду.
Бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 катталган жаңы учурлар:
- Бишкек - 69
- Ош - 3
- Чүй облусу – 126
- Ош облусу - 11
- Талас облусу - 11
- Нарын облусу - 3
- Ысык-Көл облусу – 36
- Жалал-Абад облусу – 86
- Баткен облусу - 26
Бардыгы болуп бир сутка ичинде катталгандар: 371
COVID-19 илдетинен каза болгондордун жаңы учурлары:
- Чүй облусу – 1
- Ош облусу – 2
- Талас облусу – 1
Бардыгы болуп бир сутка ичинде: 4
Жалпы: 1275
Марттан бери илдет жугузуп алгандардын расмий эсеби 73178 адамды түздү. Анын 64711 киши сакайганы айтылды. Бир күндө 562 адам ооруканалардан айыгып чыкты.
1-декабрдан баштап Түркияда иш күндөрү кечки саат тогуздан таңкы бешке чейин, дем алыш күндөрү толугу менен көчөгө чыгууга тыюу салынды.
30-ноябрда президент Режеп Тайып Эрдоган басма сөз жыйынында кайрадан коронавируска байланышкан чектөөлөр киргизилгенин кабарлады. Кабыл алынган чечимге ылайык, өлкөдө ишканалардын баары кечки саат сегизде толук жабылышы керек.
Жашы 65тен ашкан жана 20 жашка чейинки жарандарга коомдук транспорт колдонууга тыюу салынды.
Ошондой эле жаназаларда мечитке 30 кишиден ашпаган киши гана намазга кирери айтылды. Той-топурларга, жаңы жылды масштабдуу майрамдоого да чектөөлөр кирди.
Түркияда 25 миңден ашуун кыргызстандык расмий каттоого алынган. Коронавирус алардын канчасына жукканы тууралуу расмий маалымат жок.
Бул өлкөдө коронавирус илдетин жугузуп алгандар биринчи жолу 11-мартта катталган. Ал эми расмий маалыматтар боюнча 30-ноябрда Түркияда COVID-19 вирусунан өлгөндөр 13746 кишиге жетти. Вирус жугузуп алгандар 500 миңден ашып, алардын 405 миңге жакыны айыгып чыкты.