COVID-19га каршы күрөш боюнча республикалык штабдын 3-декабрдагы маалыматына караганда, соңку бир сутка ичинде вирус дагы төрт кишинин өмүрүн алды. Бишкек шаарында үч, Ош облусунда бир өлүм катталды.
Бир күндө вирус дагы 420 кишиден жаңы аныкталды.
Марттан бери илдет жугузуп алгандардын расмий эсеби 73 933 адамды түздү. Анын 65 589 киши сакайганы айтылды. Бир күндө 400 адам ооруканалардан айыгып чыкты.
Кыргызстанда пневмонияны козгой турган коронавирус аныкталган март айынан бери илдеттен кайтыш болгондордун саны Саламаттык сактоо министрлигинин жаңы эсеби боюнча 1281 кишиге жетти.
18-августка чейин вирустан жалпысынан 1498 кишинин өмүрү кыйылганы расмий айтылган. Бийлик каза болгондордун статистикасы кайра каралып чыкканын, 437 кишинин өлүмүнө башка оорулар себеп болгонун, сегиз учур эки жолу катталып калганын жарыялаган.
Статистика боюнча учурда вируска чалдыккан 2689 бейтап стационарда, 3570 киши үй шартында дарыланууда.
Бул - вирус лабораториялык ыкма менен аныкталгандардын расмий статистикасы. Дарыгерлер анализ тапшырбай, илдетке чалдыгып үйдө жаткандар мындан көп болушу ыктымал экенин айтып келишет.
Бишкек шаарынын жетекчилиги борбор калаада коронавирус боюнча абал 10-декабрга чейин курчушу ыктымалдыгына даярдык көрүүдө. Бул тууралуу шаардык кеңештин сессиясында 2-декабрда мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев билдирди.
Түлөбаев азыр Бишкекте ооруканаларда коронавируска чалдыккан бейтаптарды дарылоо үчүн үч жүзгө жакын бош орун бар экенин, эпидемиологиялык абал оору күчөгөн июль айына салыштырганда туруктуу болуп жатканын айтып, мындан аркы абал кандай өнүгөрү 10-декабрдан кийин белгилүү болорун билдирди:
“Биз эпидемиологиялык кырдаалдын курчушун 1-10-декабрь деп күтүп жатабыз. Эгер ушул темпте кетсек мындан ары да ушундай темпте кете беребиз деген оюбуз бар. Коронавирус боюнча абал Бишкекте азырынча туруктуу. Июль айында күндө 700-800 бейтап катталып, күндүзгү стационарларга 4500гө чейин кишини кабыл алдык. Бүгүн 90го жетпеген оору чыкты, бир жума мурда 168 болгон. Көрсөткүч төмөндөп баратат”.
Мэрдин милдетин аткаруучунун айтымында, эгер илдет күчөсө №1 оорукана кайра толугу бойдон коронавирусту дарылоого берилет, ал толсо №6 оорукана, эгер ал да жетпесе “Семетей” госпиталы ачылат. 1,1 миң орундуу “Семетейде” 500-600 орун даяр. Июлдагыдай кырдаал кайталанса 20га жакын күндүзгү стационар ачууга даярдык көрүлгөнү да белгилүү болду.
Америка Кошмо Штаттарында 2-декабрда коронавируска байланышкан дагы бир антирекорд катталды. COVID-19 диагнозу менен ооруканаларда жаткандардын саны 100 миңден ашты. Оорудан бир күндө 2 733 бейтап көз жумду, 200 миңдей киши илдетти жуктуруп алганы аныкталды. Бул бир аптада миллиондой кишиде вирус табылганын билдирет.
Эпидемиологдор алдыдагы 2-3 ай өлкөнүн саламаттык сактоо тармагы үчүн эң оор мезгил болорун эскертишүүдө.
Илдеттерди көзөмөлдөө жана алдын алуу борборунун жетекчиси Роберт Редфилддин айтымында, февралга чейин коронавирустан АКШда 450 миң киши каза болушу мүмкүн. Коронавирус 273 миң кишинин өмүрүн алып кетти.
Абал Алкыш айтуу майрамынан кийин кескин начарлады. Адистер ал күндөрү миллиондогон америкалыктар эки жакка чыкпоо, көп чогулбоо тууралуу эскертүүлөргө баш ийбей койгонун, алдыдагы Рождество жана жаңы жыл майрамдары вирустун жайылышына шарт түзөрүн белгилешет.
3-декабрда дүйнөнүн жүз чакты лидери БУУнун Башкы ассамблеясынын атайын сессиясында коронавирус менен күрөшүү, пандемиядан кийин экономиканы көтөрүү жолдорун талкуулашмакчы.
COVID-19га каршы күрөш боюнча республикалык штабдын 4-декабрдагы маалыматына караганда, соңку бир сутка ичинде вирус дагы төрт кишинин өмүрүн алды. Бишкек шаарында, Чүй, Ысык-Көл жана Ош облустарында бирден өлүм катталды.
Бир күндө вирус дагы 440 кишиден жаңы аныкталды.
Марттан бери илдет жугузуп алгандардын расмий эсеби 74 373 адамды түздү. Анын 66 113 киши сакайганы айтылды. Бир күндө 524 адам ооруканалардан айыгып чыкты.
Кыргызстанда пневмонияны козгой турган коронавирус аныкталган март айынан бери илдеттен кайтыш болгондордун саны Саламаттык сактоо министрлигинин жаңы эсеби боюнча 1285 кишиге жетти.
18-августка чейин вирустан жалпысынан 1498 кишинин өмүрү кыйылганы расмий айтылган. Бийлик каза болгондордун статистикасы кайра каралып чыкканын, 437 кишинин өлүмүнө башка оорулар себеп болгонун, сегиз учур эки жолу катталып калганын жарыялаган.
Статистика боюнча учурда вируска чалдыккан 2635 бейтап стационарда, 3528 киши үй шартында дарыланууда.
Бул - вирус лабораториялык ыкма менен аныкталгандардын расмий статистикасы. Дарыгерлер анализ тапшырбай, илдетке чалдыгып үйдө жаткандар мындан көп болушу ыктымал экенин айтып келишет.