АКШнын Азык-түлүк жана дары-дармекке көзөмөл жүргүзүү мекемеси америкалык «Pfizer» жана германиялык «BioNTech» компаниялары биргелешип COVID-19 илдетине каршы даярдаган вакцинаны чукул кырдаалда колдонууга уруксат берген чечим чыгарды.
Президент Дональд Трамп коронавируска каршы эмдөө сутка ичинде башталарын жарыялады. Маалыматка ылайык, жыл аягына чейин 2,9 млн. кишиге вакцина сайылат. Вакцинанын натыйжалуулугу 95 пайыз деп бааланууда. "Америка абазы" радиосу маалымдашынча, биринчилерден болуп медицина кызматкерлери, карылар үйлөрүндө жашаган карыялар эмделет.
АКШнын Саламаттык сактоо министрлиги жалпы өлкөдө эмдөөлөр кийинки аптадан тарта башталарын жарыялады.
АКШда күн сайын каза болуп жаткандардын саны ишембиде (11-декабрда) 3 миң кишиден ашты. 16 миңге чукул адам ооруга чалдыкты.
Коронавирустан каза болгондордун саны АКШнын Биринчи, Экинчи дүйнөлүк согушта, Вьетнамдагы согушта каза болгон адамдардын санынан ашып түшкөнү кабарланды. Өлкөнүн көп штаттарында карантин чаралары кескин күчөтүлдү.
Кыргызстанда соңку бир сутка ичинде COVID-19 илдети дагы 297 кишиден (U07.1 жана U07.2) жаңы аныкталды. Илдеттен көз жумгандар катталган жок. Бул тууралуу 13-декабрда Коронавируска каршы республикалык ыкчам штаб маалымдады.
Илдет жаңы катталгандардын басымдуу бөлүгү дагы деле Бишкек шаарына (93), Чүй облусуна (66) жана Ысык-Көл облусуна (57) туура келет. Ош шаарында 9, Жалал-Абад облусунда 25, Баткенде 17, Ош облусунда 14, Таласта 9, Нарында беш адам коронавирус жуктурган.
12-декабрга карата соңку бир күн ичинде COVID-19 илдетинен сакайып чыккандар, пневмонияны эсепке алганда 398 адам.
Расмий маалыматка караганда, Кыргызстанда коронавирус пандемиясы башталган март айынан бери илдет 77 356 кишиге жукту. Анын ичинен 70 192 адам айыкты. Вирустан 1307 адам кайтыш болду.
Кыргызстанда коронавирус жуктурган алгачкы үч киши 18-мартта аныкталган.
Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын 13-декабрга карата берген маалыматы боюнча, төрт медицина кызматкери COVID-19 илдетине чалдыкканы аныкталды. Алардын ичинен бирөө "кызыл зонада" иштеп жаткан. Ал эми 11 медицина кызматкери акыркы суткада үй карантинден чыгарылып, ишине кайтты.
Кыргызстанда COVID-19 диагнозу менен медицина кызматкерлеринин арасында 4 034 учур катталды, алардын ичинен 3761 медкызматкер сакайды.
Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, 10-декабрга чейин коронавирус жуккан медицина кызматкерлеринин 608ине 200 миң сомдон кенемте төлөнүп берилди. Андан тышкары COVID-19 вирусун жумуштан жугузуп алып каза болгон медицина кызматкерлеринин арасынан 30унун үй-бүлөсүнө 1 миллион сомдон кенемте төлөндү.
Дагы 148 саламаттык сактоо кызматкерине жана каза болгон эки медицина кызматкеринин үй-бүлөсүнө компенсация төлөш үчүн документтер даярдалып жатканы кабарланган.
Кыргызстанда 15-декабрга карата дагы 236 адамдан коронавирус илдети аныкталып, төрт киши ушул оорудан улам жашоо менен кош айтышты.
Илдетке каршы республикалык штабдын маалыматына ылайык, мурда ооругандардын арасынан 417 адам айыкты.
Жаңы аныкталган учурлар:
- Чүй облусунда - 82;
- Бишкек шаарында - 51;
- Ысык-Көл облусу – 47;
- Жалал-Абад облусу - 24;
- Ош облусу – 9;
- Баткен облусу - 6;
- Талас облусу - 6;
- Ош шаары – 6;
- Нарын облусу – 5.
Кыргызстанда COVID-19 вирусуна чалдыккандар алгач 2020-жылдын 18-мартында аныкталган. Илдетке каршы республикалык штабдын расмий кабарына ылайык, андан бери коронавирус 77 910 кишиге жукту, алардын 1316 каза болуп, 70 867 бейтап айыкты.
15-декабрга карата дүйнөдө бул ооруга кабылгандардын саны 73 миллиондон ашты. Алардын 1,6 миллиондон көбү жашоо менен кош айтышып, 51 миллиондон ашуун адам сакайды.