Буга чейин Британияда аныкталган коронавирустун жаңы штаммы (түрү) Түркияда да катталды.
Бул тууралуу 1-январда өлкөнүн салматтык сактоо министри Фахреттин Кожа кабарлады.
Жаңы штамм Британиядан Түркияга учуп келген 15 жарандан табылган. Министр Кожа бейтаптар үй-бүлөсү менен Газиантеп жана Балыкесир аймактарында обсервацияга алынганын билдирди.
Ал эми Түркиянын Транспорт министрлиги 1-январдан баштап Британия менен аба каттамдарын токтотконун кабарлады.
Коронавирустун жаңы мутацияланган түрү декабрдын орто ченинде алгач Британияда аныкталган. Андан бери бул түр Европадагы, Азиядагы жана Жакынкы Чыгыштагы бир нече мамлекетте табылды.
Дарыгерлердин маалыматы боюнча, жаңы штамм буга чейинки коронавирустун түрүнө караганда 70% тезирээк жайылат. Бирок бейтаптардын өмүрү үчүн мурдагыга салыштырмалуу анын кооптуу экени жөнүндө маалыматтар тактала элек.
Бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 катталган жаңы учурлар:
- Бишкек - 30
- Ош - 5
- Чүй облусу – 7
- Ош облусу - 0
- Талас облусу - 2
- Нарын облусу - 4
- Ысык-Көл облусу – 7
- Жалал-Абад облусу – 0
- Баткен облусу - 3
Бардыгы болуп бир сутка ичинде катталгандар: 58
Жалпы: 81 214
COVID-19 илдетинен каза болгондордун жаңы учурлары:
Бишкек – 2
Бардыгы болуп бир сутка ичинде: 2
Жалпы: 1358
4-январга карата Кыргызстанда дагы 83 кишиден коронавирус аныкталып, эки бейтап көз жумду.
COVID-19га каршы күрөш боюнча республикалык штабдын маалыматына караганда, 2020-жылдын март айынан бери илдет жугузуп алгандардын расмий эсеби 81 388 адамды түздү. Анын 76 728и сакайганы айтылды. Соңку бир күндө 165 адам ооруканалардан айыгып чыкты.
Пневмонияны козгой турган коронавирус аныкталган март айынан бери илдеттен кайтыш болгондордун саны расмий эсепте 1360га жетти.
18-августка чейин вирустан жалпысынан 1498 кишинин өмүрү кыйылганы айтылган. Бийлик каза болгондордун статистикасы кайра каралып чыкканын, 437 кишинин өлүмүнө башка оорулар себеп болгонун, сегиз учур эки жолу катталып калганын жарыялаган.
Бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 катталган жаңы учурлар:
- Бишкек – 59
- Ош - 0
- Чүй облусу – 51
- Ош облусу - 0
- Талас облусу - 2
- Нарын облусу - 0
- Ысык-Көл облусу – 11
- Жалал-Абад облусу – 0
- Баткен облусу - 1
- Бардыгы болуп бир сутка ичинде катталгандар: 124
Жалпы: 81 512