Кыргыз өкмөтү коронавирус жуккан медицина кызматкерлеринин арасынан 1137 кишиге 200 миң сомдон, илдеттен өлгөн 32 медицина кызматкеринин жакындарына миллион сомдон кенемте төлөп берди. Бул тууралуу «Азаттык» радиосу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Жылдыз Айгерчинова 19-январда билдирди.
Булар кенемте төлөө эрежеси өзгөргөнгө чейин берилген акча. Ал эми 11-январдан баштап ооруну жуктуруп алган медиктерге 75 миң сомдон, каза тапкан медкызматкерлердин жакындарына 2 миллион 800 миң сомдон берилет.
Кенемте төлөө жобосу өзгөргөнгө чейин документ тапшыргандарга кандай ыкмада берилери азырынча чечиле элек.
19-январдагы расмий эсеп боюнча өлкөдө 4158 медкызматкер жумуш учурунда COVID-19 вирусун жугузуп алган. Алардын ичинен 4061и сакайып, 93ү кайтыш болду.
Өкмөт коронавируска кабылган медицина кызматкерлерине кенемте төлөш үчүн документтерди кабыл алууну ноябрда убактылуу токтотуп, жаңы жылдан кийин кайра кабыл алынарын билдирген. Документ чогултуу жараяны татаал болгондуктан, айрым медиктер кенемте ала албай жүргөнүн билдиришкен.
Иш учурунда коронавирус жугузуп алган медкызматкерлерге жана каза болуп калгандарынын жакындарына миллион сомдон кенемте төлөп берүүнү өкмөт коронавирус күчөгөн жаз айларында чечкен. Ал эми пневмония менен ооругандарга төлөм каралган эмес.
«Эл аралык мунапыс» уюму («Amnesty International») пандемия маалында Кыргызстандагы медицина кызматкерлеринин укуктары одоно бузулганы тууралуу 25-сентябрда баяндама жарыялаган.
19-январга карата Кыргызстанда дагы 90 кишиге коронавирус жугуп, Бишкекте эки, Ошто бир бейтап көз жумду.
Өлкөдө илдет жугузуп алгандардын расмий саны 83 268 адамга жетти. Жалпы ооругандардын 79 249и сакайды. Соңку бир күндө 145 адам айыкты.
Пневмонияны козгой турган коронавирус Кыргызстанда алгач 2020-жылдын март айында аныкталган. Андан бери оорудан кайтыш болгондордун саны расмий эсепте 1390 адамга жетти.
Бир сутка ичинде COVID-19 катталган жаңы учурлардын аймактык көрсөткүчү:
- Чүй облусунда– 37;
- Ысык-Көл облусунда - 23;
- Бишкек шаарында – 21;
- Жалал-Абад облусунда - 3;
- Баткен облусунда - 3;
- Нарын облусунда - 2;
- Ош облусунда - 1 киши.
- Талас облусунда жана Ош шаарында бул суткада оору чыккан жок.
Илдетке каршы республикалык штабдын «Telegram» каналында жарыяланган кабарга таянсак, ооруканадагы 742 бейтаптын 37синин абалы өтө оор, 220сы оор, 477си орто оор абалда жатат, калгандарынын абалы канааттандырарлык. Башка бейтаптар үй шартында дарыланышууда.
АКШдагы Жон Хопкинс университетинин маалымат базасы көрсөткөндөй, дүйнөдө COVID-19 илдетине кабылгандардын саны 19-январда 95 миллион 555 миңден ашты. Оорудан көз жумгандар 2 миллион 39 миңден көп, ал эми сакайгандар 52 миллион 635 миңге чамалуу.
Коронавирус пандемиясынан бери Кыргызстанда 93 медицина кызматкери көз жумду. Алардын 80и мамлекеттик ооруканаларда, 13ү менчик бейтапканаларда иштегендер экенин Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Көз жумгандардын арасында дарыгерлерден тартып, орто жана кенже кызматкерлерге чейин бар.
19-январдагы расмий эсеп боюнча, өлкөдө 4158 медкызматкер жумуш учурунда COVID-19 вирусун жугузуп алган. Алардын ичинен 4061и сакайган.
Кыргыз өкмөтү коронавирус жуккан медицина кызматкерлеринин арасынан 1137 кишиге 200 миң сомдон, илдеттен өлгөн 32 медицина кызматкеринин жакындарына миллион сомдон кенемте төлөп берди. Бул кенемте төлөө эрежеси өзгөргөнгө чейин берилген акча. Ал эми 11-январдан баштап ооруну жуктуруп алган медиктерге 75 миң сомдон, каза тапкан медкызматкерлердин жакындарына 2 миллион 800 миң сомдон төлөнөт. Кенемте жобосу өзгөргөнгө чейин документ тапшыргандарга кандай ыкмада берилери азырынча чечиле элек.
Иш учурунда коронавирус жугузуп алган медкызматкерлерге жана каза болуп калгандарынын жакындарына миллион сомдон кенемте төлөп берүүнү өкмөт коронавирус күчөгөн жаз айларында чечкен. Ал эми пневмония менен ооругандарга төлөм каралган эмес.
Европа Биримдигинде коронавирустан көз жумгандардын жалпы саны 400 миң адамдан ашты. Шаркетке мүчө мамлекеттердин көпчүлүгүндө жапырт эмдөө жүрүп жатат. Ал арада Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) чараларын талдап-баалоо үчүн түзүлгөн эркин комиссия ооруну ооздуктоодо Кытайдын баштапкы аракеттерин сынга алып, аталган уюм пандемия тууралуу кеч жарыялаган деген тыянак чыгарды.
Евробиримдиктин саламаттык сактоо боюнча комиссары Стелла Кириакидес шейшембиде Европарламентте пандемияга байланыштуу абал тууралуу маалымат берди. Ал соңку он ай аталган аймак үчүн айрыкча оор болгонун айтты.
"Бардык континетте вирус толук көзөмөлгө алынмайынча бир да өлкө коопсуз боло албайт, бир да экономика кайра калыбына келбейт. Мунун далили катары жакында эле пайда болгон вирустун жаңы түрлөрүн айтса болот. Бирок биз жаңы баракты ачтык, 2021-жылга күчтүү курал кармап кирип келдик", -деди Кириакидес.
Коронавирустун жугуштуу жаңы түрүнө байланыштуу кооптонуу күчөп турган маалда Евробиримдикке мүчө өлкөлөр ушул жылдын ортосуна чейин шаркетте жашаган элдин 70 пайызын, тактап айтканда 446 миллиондой адамды эмдегени жатат. Мындай чара камтылган документти уюмдун лидерлери 21-январда онлайн талкуулашмакчы.
Ал арада ДССУ көргөн чараларды талдап-баалаган эксперттер тобу иликтөөсүнүн корутундусун жарыялады. Либериянын экс-президенти Эллен Жонсон-Серлиф менен Жаңы Зеландиянын мурдагы өкмөт башчысы Хелен Кларк жетектеген топ 18-январда коомдук саламаттык сактоодогу алгачкы чаралар кечиктирилип кабыл алынганын, Кытай өткөн жылдын башында эле ооруну ооздуктоо үчүн болгон чараларды көрүшү керектигин айтып чыкты. Эркин комиссия ДССУ пандемия тууралуу эртерек жарыялашы керек болчу деген тыянак чыгарган.
Ал арада немис канцлери Ангела Меркель жана Европадагы дагы 16 өлкө карантин чараларын узартканы жатат.
Германияда өткөн аптада бир күндө 1244 бейтап жан берген жана бул кезектеги антирекорд болуп калды.
Британия менен Түштүк Африкада катталган, кийин бир катар өлкөлөргө тараган коронавирустун жаңы жугуштуу түрү оорунун андан ары жайылышына өбөлгө болот деген кооптонуу күчөдү.
Бразилиядан тартып Азербайжанга чейинки өлкөлөрдө эмдөө программалары ишке кирди. Британия менен Францияда улгайган адамдардын дээрлик баарына вакцина сайылды. Орусияда каалаган жарандар коронавируска каршы эмделип жатат.
Казакстандын саламаттык сактоо министри эмдөө келерки айдан тартып башталарын, быйыл алты миллиондой жаран, тактап айтканда жалпы элдин үчтөн бир бөлүгү вакцина аларын маалымдады.
Казакстан Орусиядан "Sputnik V" вакцинасын алган, расмий Нур-Султан бул препаратты өзү да даярдап чыгарарын билдирген.
Казакстанда коронавирус болгондордун жалпы саны 217 миң адамга чамалап, бул илдет үч миңдей бейтаптын өмүрүн кыйды.
Эл жыш жашаган Индияда эмдөө программасынын алкагында маселе жаралды. Дүйшөмбүдө вакцинага жазылган 300 миң адамдын үчтөн бир бөлүгү келбей койгону белгилүү болду.
Бир катар өлкөлөрдө жапырт эмдөө жүрүп жатканы менен айрыкча эл көп жашаган мамлекеттерде ооруга байланыштуу абал жакшыра элек.
Дүйнө жүзүндө өпкөнү сезгенткен илдетке чалдыккандардын жалпы саны 95,7 миллион адамга чамалап, эки миллиондон көп кишинин өмүрү кыйылды.